E4351 V1 CASA-1000 долбоору: Долбоордун социалдык таасирин баалоо жөнүндө отчет 2013-жыл, август 1    МАЗМУНУ Кыскартуулар 4 Негизги жоболор 5 1. КИРИШҮҮ 8 1.1 CASA-1000 долбоорунун сыпаттамасы 8 1.2 Долбоордун социалдык таасирин баалоо 9 2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 10 2.1 Социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү 10 2.1.1 Өлкөдөгү жагдай 2.1.2 Долбоордун таасир чөлкөмдөрү 2.2 Долбоордун таасири 18 2.2.1 Методология 2.2.2 Долбоордун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (Электр өткөргүч чубалгы жолдорун текшилөө карталары боюнча) 2.2.3 Долбоордун социалдык таасирин баалоо 2.3 Социалдык тейлөө боюнча иш-чаралар планы 24 2.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча чаралар 2.3.2 Социалдык камсыздоо жаатындагы иш-чаралардын толук камтуучу планынын маанилүүлүгү 2.3.3 Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамаат тургундарынынкабардарлыгы жана ой- пикири 2.3.4 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү 2.3.5 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун камсыздоонун институционалдык чаралары 3. ТАЖИКСТАН 26 3.1 Социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү 26 3.1.1 Өлкөдөгү жагдай 3.1.2 Долбоордун таасир чөлкөмдөрү 3.2 Долбоордун таасири 34 3.2.1 Методология 3.2.2 Талаа изилдөөлөрүнүн негизинде социалдык таасирди баалоо 3.2.3 Долбоордун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (электр өткөргүч чубалгы жолдорун текшилөө карталары боюнча) 3.2.4 Долбоордун социалдык таасирин баалоо 3.3 Социалдык тейлөө боюнча иш-чаралар планы 37 3.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча чаралар 3.3.2 Социалдык камсыздоо жаатындагы иш-чаралардын толук камтуучу планынын маанилүүлүгү 3.3.3 Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттарда жашоочулардын маалыматтуулугу жана пикири 3.3.4 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуунун ыктымал жолдору 3.3.5 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун камсыздоонун институционалдык чаралары 2    4. ООГАНСТАН 42 4.1 Социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү 42 4.1.1 Өлкөдөгү жагдай 4.1.2 Долбоордун таасир чөлкөмдөрү 4.2 Долбоордун таасири 52 4.2.1 Методология 4.2.2 Долбоордун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (Электр өткөргүч чубалгы жолдорун текшилөө карталары боюнча) 4.2.3 Долбоордун социалдык таасирин баалоо 4.3 Социалдык тейлөө боюнча иш-чаралар планы 49 4.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча чаралар 4.3.2 Социалдык камсыздоо жаатындагы иш-чаралардын толук планынын маанилүүлүгү 4.3.3 Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттарда жашоочулардын маалыматтуулугу жана пикири 4.3.4 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү 4.3.5 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун камсыздоонун институционалдык чаралары 5. ПАКИСТАН 59 5.1 Социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү 59 5.1.1 Өлкөдөгү жагдай 5.1.2 Долбоордун таасир чөлкөмдөрү 5.2 Долбоордун таасири 69 5.2.1 Методология 5.2.2 Долбоордун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (Электр өткөргүч чубалгы жолдорун текшилөө карталары боюнча) 5.2.3 Долбоордун социалдык таасирин баалоо 5.3 Социалдык тейлөө боюнча иш-чаралар планы 71 5.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча чаралар 5.3.2 Социалдык камсыздоо жаатындагы иш-чаралардын толук камтуучу планынын маанилүүлүгү 5.3.3 Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамаат тургундарынын кабардарлыгы жана ой- пикири 5.3.4 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү 5.3.5 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун камсыздоонун институционалдык чаралары ТИРКЕМЕЛЕР 76 1-тиркеме: «IEL» компаниясы даярдаган Курчап турган жана социалдык чөйрөнү башкаруу (КСЧБП) сереби 2-тиркеме: «IEL» компаниясы даярдаган Жерлерди сатып алуу жана калкты көчүрүү планынын (ЖСККП) максаттары жана кыскача мазмуну Таблицалар 3    1-таблица: Кыргыз Республикасынын аймагында CASA-1000 долбоорунун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (текшилөө карталары боюнча, айлана чөйрөнү жана социалдык инфрачөйрө объектилеринин жайгашкан жерин эске алганда) 2-таблица: Тажикстандын аймагында CASA-1000 долбоорунун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (текшилөө карталары боюнча, айлана чөйрөнү жана социалдык инфрачөйрө объектилеринин жайгашкан жерин эске алганда) 3-таблица: CASA-1000 долбоорунун Ооганстандагы 4 км ЭӨЧ жолун бойлото жашаган калктын демографиялык мүнөздөмөсү 4-таблица: CASA-1000 долбоорунун ЭӨЧ жолун бойлото жайгашкан жамааттардын электрлешүү деңгээли 5-таблица: Ооганстандын аймагында CASA-1000 долбоорунун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (текшилөө карталары боюнча, айлана чөйрөнү жана социалдык инфрачөйрө объектилеринин жайгашкан жерин эске алганда) 6-таблица: Ооганстандагы жергиликтүү тургундардын негизги муктаждыктарынын кыскача тизмеги 7-таблица: Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусун камсыздоо боюнча долбоорлордун биротоло тизмеси (фокус топтордогу талкуулардын жыйынтыгында аныкталган) 8-таблица: Иликтенген айылдардын калкынын жыныс жана үй чарба өлчөмү боюнча иргеп бөлүштүрүлүшү 9-таблица: Иликтенген айылдарда электрдин, ичер суунун жана дааратканалардын барлыгы 10-таблица: Иликтенген айылдардын топторуна карай үй чарбаларынын негизги киреше булактарынын пайыздык мазмуну 11-таблица: Жакырчылык деңгээлине карай үй чарбаларынын түркүмдөлүшү 12-таблица: Пакистандын аймагында CASA-1000 долбоорунун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (текшилөө карталары боюнча, айлана чөйрөнү жана социалдык инфрачөйрө объектилеринин жайгашкан жерин эске алганда) 13-таблица: Колдоо программасын жүзөгө ашыруудагы жамааттар артыкчылык берген багыттардын түркүмдөлүшү Сүрөттөр 1-сүр.: Иликтенген айылдардын топторуна карай үй чарбаларынын орточо өлчөмү 2-сүр.: Сабаттуу калктын пайызы (жыныска жана иликтенген айылдардагы топторуна карай) 3-сүр.: Сабаттуу калктын билим деңгээли 1-блок: Долбоорду жүзөгө ашырууга жамааттардын катышуусун камсыздоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү баалоо боюнча изилдөөнү жүргүзүү методологиясы 4    5    Кыскартуулар АЖК Азад Жамму жана Кашмир БТРЭУСБ Борбордук Азия-Түштүк Азиядагы региондук электр энергиясын сатуу базары ЖӨК Жамааттарды өнүктүрүү кеңеши ДТЧ Долбоордун таасир чөлкөмү «DABS» ЭК «De Afghan Breshna Sherkat» энергетикалык компаниясы (Ооганстан) АЧСЧТБ Айлана чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоо АСЧТП Айлана чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү тескөө планы ФБУА Федералдык башкарылуучу уруу аймактары ФТТ Фокус топтордо талкуулоо (топтордо талкуулоо) Д-Б Джилгит-Балтистан ИДП Ички дүң продукт УДП Улуттук дүң продукт АӨО Адам өнүгүүсү жөнүндө отчет (БУУ) ЖЧӨТ Жогорку чыңалуудагы өзгөрүлмөлүү ток ЖЧТТ Жогорку чыңалуудагы туруктуу ток «IEL» ЖЧК «Integrated Environments Ltd» жоопкерчилиги чектелүү компаниясы ХП Хайбер-Пахтунхва ЖСККП Жерлерди сатып алуу жана калкты көчүрүү планы МӨМ Миң жылдык өнүгүү максаттары МГЭС Чакан ГЭС АКӨМ Айыл чарбаны калыбына келтирүү жана өнүктүрүү министрлиги (Ооганстан) МВт Мегаватт ЭТТ Эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө СТБ Саламаттык сактоонун техникалык бөлүмү АТ Ажыратуу тилкеси СКСЖСБ Социалдык камсыздандыруу жана социалдык жардамдын желе программаларын түзүү боюнча социалдык бюро СТБ Социалдык таасирди баалоо ЭӨЧ Электр өткөргүч чубалгысы 6    Негизги жоболор CASA-1000 долбоору: Борбордук Азия-Түштүк Азиядагы региондук электр энергиясын сатуу базары (БТРЭУСБ) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынан жана Тажикстандан Ооганстанда жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүндүк бергидей электр чубалгысын куруу боюнча CASA-1000 деген аталыштагы долбоор даярдалып жатат. CASA-1000 долбоорунун негизги эки компоненти бар: а) жогорку чыңалуудагы өзгөрүлмө токту (ЖЧӨТ) берүү үчүн Кыргыз Республикасынын (452 км) жана Тажикстандын (25 км) аймактары аркылуу өтүүчү жалпы узундугу 447 км чубалгы жана Тажикстандын өткөрүүчү желелерин бекемдөө максатында Регардан Сангтуда ГЭСине чейинки 500 кВ чубалгыны куруу; б) Тажикстандан (117 км) Ооганстанга (562 км) жана Пакистанга (71 км) жогорку чыңалуудагы токту берүү максатында жалпы узундугу 750 км чубалгыны куруу. Сангтудада (1,300 МВт), Кабулда (300 МВт) жана Пешаварда (1,000 МВт) ЖЧӨТ-ЖЧТТ кайра түзүүчү көмөкчү чордончолорду куруу сунуш кылынат. Долбоордун болжолдуу наркы АКШнын 970 млн долларын түзөт. Социалдык таасирди баалоо: Социалдык таасирди баалоону (СТБ) жүргүзүү долбоордун социалдык таасиринин (долбоорлоо баскычында, курулуштун алдында жана жүрүшүндө, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте болуучу) ыктымал факторлорун аныктоо үчүн, ыктымал жагымсыз натыйжаларды азайтуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча зарыл чаралар тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү шарт болуп саналат. CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашыруунун социалдык өңүттөрүнө байланышкан маалыматтар мурда даярдалган бир нече отчетто, т.а.: Экологиялык жана социалдык таасир жөнүндө отчетто, төрт өлкөдө тең жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тууралуу отчеттордо баяндалган. Долбоордун социалдык таасирин баалоо жөнүндөгү ушул отчетто жогорудагы маалыматтар бир документке бириктирилип, алардын кенемтелери кошумча маалымат булактарына таянуу менен мүмкүн болушунча толукталды, анткени баштапкы изилдөөлөрдө булар иликтенбей калган эле. Кыргыз Республикасы: узундугу 452 км ЖЧӨТ чубалгысы Кыргыз Республикасында үч облустун: Жалал-Абад, Ош жана Баткендин аймагы аркылуу өтөт. Электр өткөргүч чубалгы (ЭӨЧ) жолу калк аз жашаган жерлерден, саны 24кө жептеген айылдын/шаар тибиндеги кыштактын тушунан өтөт. Бул жолду бойлото жайгашкан 25 кыштакты иликтегенде, жергиликтүү тургундардын негизги киреше булагы айыл чарбасы жана эмгек мигранттарынан келип туруучу акча экендигин аныкталды. Айрым тейлөө кызматтарынын, атап айтканда, ичер суу менен сугат суунун жеткиликтүүлүгү кыйла чектелүү, ал эми электр энергиясы берилбей калган учурлар айрыкча кышкысын көп болот. CASA-1000 долбоорунун узак мөөнөттүү таасирине негизинен айыл чарба жерлери кабылат, ал эми долбоордун курулуш баскычында жергиликтүү жамааттардын тургундары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат, мисалы, дыйканчылык иштерине тоскоолдуктар түзүлөт, жолдор кээде бошобой калат ж.б.у.с. Долбоордо бир аз эле сандагы жергиликтүү тургундар көчүрүлөрү жана узак мөөнөткө жер алаары каралган. Ошентип, долбоордун жалпы социалдык таасири анча чоң болбошу, узак мезгилге созулбашы ыктымал. Бул маселелер ушундай таасирди азайтуу боюнча төмөндөгүдөй чаралар аркылуу чечилиши мүмкүн: а) долбоорлоо баскычында – жамааттарга, инфратүзүмгө, бак-дарактарга жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирбеш үчүн 7    чубалгы жолун текшилөө; б) курулуш башталар алдындагы баскычта – жер ээленгенге, курулмалар которуштурулганга же буздурулганга чейин же, эгер айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириле турган болсо, долбоорду жүзөгө ашырууга байланыштуу көчүрүлө турган бардык тургундарга компенсация төлөп берүү; в) курулуш баскычында – жалданмалардын жергиликтүү калкка таандык адеп-ахлак эрежелерин жана салттарды, мисалы, аялдардын эркектерден бөлөк отуруп тамактанышы сыяктуу адаттарды сакташын, ошондой эле ызы-чуу жана чаңытуу деңгээлин көзөмөлдөшүн камсыздап, долбоордун кызматкерлерин/жалданма уюмдарын чектери так белгиленген участкаларга бекемдөө. Ошентсе да, жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышусу абдан маанилүү шарт болуп саналат (төмөндөгү негиздемени кара). Жамааттардын тургундары менен жүргүзүлгөн кеп-кеңештин натыйжасында жергиликтүү калк CASA- 1000 долбоору тууралуу дээрлик эч нерсе билбестиги аныкталды, бирок долбоордун максат-милдеттери жөнүндө маалымат берилер замат алар өздөрүнүн муктаждыктарын так айтып беришти. Санап көрсөтүлгөн муктаждыктардын ичинен эң орчундуусу катары электр менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздоо зарылдыгы айтылды. Экинчи орунда ичер суу жана сугат суу маселелери көрсөтүлдү. Булардан башка дагы катнаш жолдорун жакшыртуу, долбоордун ишине жергиликтүү жумушчуларды тартуу сыяктуу өтүнүчтөр да айтылды. Тургундар долбоорду жүзөгө ашырууга өнүктүрүү жагынан салым кошууга, мисалы, жумуш күчү түрүндө жардам берүүгө даярдыгын билдиришти. Бул кеп-кеңештердин жыйынтыгында долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусун камсыздоо үчүн төмөндөгүдөй долбоорлор сунушталды:  Жамааттардын мектеп жана айылдык медициналык жайлары сыяктуу негизги мекемелери үчүн күн энергиясын алуучу жана жылытуучу орнотмолорду берүү: эсептик наркы - АКШнын 1.1 млн доллары;  Аялдарды кесипке окутуп-үйрөтүү боюнча борборлорду жана эмгек мигранттары (келип калышы ыктымал) үчүн да ушундай борборлорду ачуу, ошондой эле айыл чарба өнүмдөрүнүн негизинде жергиликтүү тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү;  Долбоордун ишине камтылуучу райондордо суу менен камсыздай турган 16 тутумту калыбына келтирүү, бул жергиликтүү 32,500 тургунга пайда келтирет: эсептик наркы – АКШнын 0.95 млн доллары;  24 мектепти жана 24 айылдык бейтапкананы (поликлиникада) жылуулоо, бул аркылуу долбоордун ишине камтылуучу райондордо негизги тейлөө түрлөрүнүн сапатын жакшыртуу: эсептик наркы – АКШнын 0.6 млн доллары. Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусу менен байланышкан чараларды аткарууга негиз боло турган укуктук так тутумду түзүү зарыл. Жергиликтүү жамааттар чечим кабыл алуу процессине да, долбоорлук иштерди жүзөгө ашырууга да жигердүү катышуусу керек. Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусун камсыздоо механизмдери улуттук стратегияларга киргизилиши абзел. Тажикстан: Тажикстан мурда СССРдин курамына кирген Борбордук Азия республикаларынын ичинен аянты жагынан эң чакан жана жакыр өлкө болуп саналат. CASA-1000 долбоорунун алкагында курула турган 25 км ЖЧӨТ чубалгысы Кыргыз Республикасынын чегарасынан Хожентке жана андан ары Сангтудага чейин Тажикстандын колдонуудагы электр желелери аркылуу өтөт. Бул чубалгынын 115 км калган бөлүгү Сангтудадан Ооганстанга жетет. ЭӨЧ жолу эки облустун – Согди жана 8    Хатлондун калкы аз жерлеринен өтөт. Бул жолду бойлото жайгашкан 13 кыштакты иликтегенде, совет доорунда жакшы билим берилгендигине карабастан, тейлөө сапаты абдан төмөн экендиги, атап айтканда, ичер суу менен жетиштүү камсыз болбогондугу аныкталды. Кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы жергиликтүү калкты энергиянын башка булактарын пайдаланууга, мисалы, отун жагууга аргасыз кылат. Жамааттардын тургундары айыл чарбасы менен жан багат, бирок бул иштен алган кирешеси өтө аз, анткени үй тиричилигине чыгым арбын жумшалат, айыл чарбаны өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Тажикстандагы жердин баары мамлекетке таандык, болгондо да өлкөнүн ээлеген аянтынын 90 пайызы – тоолор. Иликтенген жамааттар негизинен чет жакта иштеген балдарынын жиберген акчасы менен күн көрүшөт, өз жеринен кетпей калгандардын көбү дагы эле жумушсуз. ЭӨЧ жолун бойлото калк чачкын жайгашкандыгын эске алганда, айыл чарба жерлеринен аз эле бөлүгү (бактар, пахта талаалары) Электр өткөргүч чубалгысынын астында калат да, ал эми коомдук инфратүзүм (коммуналдык курулмалар) долбоордун таасир чөлкөмүнө (ДТЧ) туш келет. Демек, CASA-1000 долбоорунун социалдык таасири абдан аз болот жана жагымсыз натыйжаларды жеңилдетүү боюнча (Кыргыз Республикасы боюнча баяндалгандай) зарыл чаралар аркылуу оңой эле жумшартылат. Тажикстандагы ЭӨЧ жолун бойлото жайгашкан калктын CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусу маанилүү шарт болуп саналат. Долбоорлук ишке камтылуучу райондордогу жергиликтүү калк менен баарлашып көргөндө, төмөндөгүдөй артыкчылыктуу муктаждыктары аныкталды: электр менен камсыздоону айрыкча кышкысын жакшыртуу; жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу жакырчылыкты азайтуу; ичер жана сугат суу жеткирүү тутумун жакшыртуу; жана негизги кызматтардын (айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо секторлорундагы) жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу. Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга тургундарды катыштырууга багытталган иш-чаралар Кыргыз Республикасы боюнча баяндалган тийиштүү иш-чараларга окшош болот. Эсептик наркындагы айырмачылык анча чоң эмес: күн энергиясы жана күндөн жылытуу орнотомолорун берүү – АКШнын 0.55 млн доллары; долбоордун ишине камтылган райондордо жергиликтүү 30,000 тургунга пайдасы тийгидей 11 ирригациялык тутумду калыбына келтирүү – АКШнын 0.85 млн доллары; 11 мектепти жана 11 айылдык бейтапкананы жылуулоо – АКШнын 0.275 млн доллары. Ооганстан: Ондогон жылдар бою тынчыбай келген куралдуу жаңжал Ооганстандын экономикалык өнүгүшүнө кедергисин тийгизди. Өлкөдө дагы эле туруктуу тынчтык орной элек. CASA-1000 долбоорунун 562 км созулган ЭӨЧ Ооганстандын алты провинциясындагы 23 райондун 616 жамааты аркылуу өтөт. Бул жамааттарды иликтеп көргөндө, ЭӨЧ жолун бойлото жайгашкан райондордо электрдин жеткиликтүүлүгү 31 пайыз түзөрү аныкталды. Долбоордун ишине камтылган аймактарда уруулук жана жаатчылдык мамилелер бекем сакталган. Саламаттык сактоо жана билим берүү кызматы жетиштүү жайылтылган эмес, ал эми калктын сабаттуулук деңгээли өтө төмөн. Долбоордун таасир айдыңына камтылуучу жерлердин көпчүлүк бөлүгү тегиз эмес, тоолуу келет, өсүмдүктөр аз, ээн калган. Жергиликтүү тургундардын неризги киреше булагы – айыл чарбасы, акысы күн сайын төлөнүүчү жалданма эмгек, киши же жүк ташуу жана чекене ишкердик. Аялдар абдан кысымга алынган абалда жашайт, алардын билим алуу жана башка мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелген. Акырында, айыл чарба жерлеринде жана жайыттарда калган миналар да адамдардын жашоо- тиричилигине олуттуу коркунуч жаратат. 9    CASA-1000 долбоорунун алкагында сунушталып жаткан ЭӨЧ чубалгысы бир нече айыл, кыштардардын аймагынан, айрым райондордо дыйканчылык талааларынан, агын суулардан жана жамааттык инфратүзүмдөр аркылуу аркылуу өтөт. Ошентип, долбоордун күтүлүүчү социалдык таасири өтө чоң да, өтө чакан да болбойт. Суу ресурстарын пайдалануу жагынан чыр-чатактар чыгышы мүмкүн, анткени жергиликтүү жамааттардын көбүндө тиричиликте жана айыл чарбасында керектеле турган суу тартыш. Жерди көбүнчө убактылуу сатып алышат. Ооган коомундагы эскичил каадаларды эске алганда, калк ичинде аялдардын бүт бойдон обочолонуп жүрүшүн камсыздоо зарыл. CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашырууга катышкан башка өлкөлөр боюнча жогоруда баяндалган таасирлерди жумшартууга багытталган чараларды көргөндө, бул маселелерди оңой эле чечүүгө болот. Долбоорду жүзөгө ашырууга тартылган жумушчулар долбоор аймагындагы райондордо миналарга кабылышы ыктымал, ошондуктан бул маселени чечүү үчүн кошумча чараларды көрүү абдан зарыл. Жамааттар менен кеп-кеңеш жүргүзгөндө, долбоор аймагындагы бардык райондордо ЭӨЧ өздөрүнүн аймагы аркылуу же жакын жерден өткөнүнө карабастан энергия тутумуна түз кошулбай каларына тынчсыздангандар көп экендиги аныкталды. Мындан тышкары, жергиликтүү калк өздөрүнүн айыл чарба жерлерине жана үйлөрүнө зыян келтирилиши мүмкүн деп чочулайт. Ошентсе да, жергиликтүү тургундар электр өткөргүч чубалгысын куруу экономикалык жактан алардын райондоруна пайда алып келиши, мисалы, жумуш орундары түзүлүшү мүмкүндүгүн аңдап калышты. CASA- 1000 долбоору жүзөгө ашыруудан пайда алууга жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн катыштыруу максатында төмөндөгүдөй бир нече жагдай эске алынды: электр менен камсыздоо тутумунун учурдагы каптоо мүмкүнчүлүгү жана электрлештирүү жаатындагы азыркы тутумдар; долбоордун алкагында айрым эле үй чарбаларын эмес, бүтүндөй жамааттын жашоосун жакшыртуу мүмкүндүгү; жамааттардын тийиштүү долбоорлорду натыйжалуу пландап тескөө даремети; туруктуу өнүгүүнү камсыздоо жана мыкты натыйжаларды эң көп алуу мүмкүнчүлүгү. Алты провинциянын 23 районундагы ар түрдүү 57 жамаатта (ДТЧ участкасынын 4 км аралыгында жайгашкан жамааттардын 10 пайызында) жүргүзүлгөн фокустук топтордун талкууларынын жыйынтыктарын талдоонун негизинде жергиликтүү долбоорлордон эң орчундуу 58и тандап алынды. Мунун 18и 7 чакан ГЭС жана күндөн электр энергиясын алуучу 11 орнотмо курууга, ошондой эле 40ы жамааттык инфратүзүм негиздөөгө багытталган. Бул долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жалпы эсептик наркы АКШнын 47.86 долларын түзөт. Долбоордун ишине камтылуучу райондордо бир катар жамааттык уюмдар, мисалы, Жамааттарды өнөктүрүү кеңештери, Сугат ассоциациялары бар, алар бул долбоорлорду жүзөгө ашырууга олуттуу көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Пакистан: CASA-1000 долбоорунун акыркы участкасы Ооганстандын чегарасындагы Торхамадан ары Пакистандын аймагы аркылуу Пешавар шаарынын чет жагындагы Шейх Мохаммади чордонуна карай кеткен 71 км ЖЧТТ чубалгы саналат. Мерчемделген электр өткөргүч чубалгысы Федералдык башкарылуучу уруулук аймактардагы (ФБУА) Хайбер аркылуу, ошондой эле Пешавардын чегинен тышкаркы, бирок ушул аталыштагы административдик округдун карамагына кирген жерлерден өтөт. Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн баалоонун жүрүшүндө талдоо үчүн үч участка тандап алынды: шаарга чукул райондор, 10    Пешавардын чегинен тышкарыдагы райондор, айыл аймактары жана Ооганстан менен чектеш райондор. Бул үч участканын ортосунда уруулук жана башка айырмалар бар. Иликтөөлөрдө бул региондогу сабаттуулуктун жалпы деңгээли 37 пайызды түзөт да, сабаттуулардын басымдуу бөлүгү эркектер болуп саналат. Бирок булардын 93 пайыздан ашуун бөлүгү айрым иш-милдеттер жаатында гана сабаты бар. Өзүн сабаттуу деп эсептегендердин билим деңгээли өтө төмөн жана чектелүү. Эскичил салттарга байланыштуу билимдүүлүк айрыкча аялдар арасында бааланбай калган. Кыртыштын өтө жакырдыгына жана тегиз талаалардын аздыгына байланыштуу айыл чарба жерлери жакшы иштетилбейт. Дыйканчылык менен тиричилик кылган үй-бүлөлөр бул үч участкада тең жалпысынан нөлдөн 16га чейинки пайызды түзөт. Иликтөөлөрдөн белгилүү болгондой, бардык үй чарбалар өздөрү жашаган жерге ээлик кылат, булардын көпчүлүгү бирдиктүү тутумдай уюшкан. Аялдардын обочолонушу жана паранжы жамынышы менен байланышкан эрежелер абдан катуу сакталат. ДТЧ камтыган айылдардын 57 пайызында үйлөр ичер суу менен камсыздалган, бул үйлөрдүн 24 пайызында гана агызма дааратканасы бар. Айылдардын баары расмий түрдө «электрлештирилген» жана улуттук электр желесине кошулган деп жарыяланганы менен, электр энергиясы берилбей калган учурлар өтө көп кездешет, анын үстүнө токтун чыңалуусу абдан начар. Чубалгы жолуна жакын айрым жерлерде, мисалы, Хайбер округунда, Талибдердин кийлигишүүсү жана согуштук аракеттердин тынчыбай жатышы электр менен камсыздоонун жана башка тейлөө кызматтарынын сапатына олуттуу таасир этүүдө. Калыктын негизги киреше булактары болуп күнүмдүк мандикерлик жана, азыраак өлчөмдө, ишкердик саналат. Тиричилик кылууга мыйзамдуу каражат табуу мүмкүнчүлүгү абдан чектелген. CASA-1000 долбооруна катышкан башка өлкөлөрдөгүдөй эле, долбоордун социалдык таасири өтө аз болушу көбүрөөк ыктымал. Анткени долбоордо жерди узак мөөнөткө сатып алуу каралган эмес, демек, жалдануучулар үчүн конуш жайларды куруу сыяктуу максаттарда жер белгилүү мөөнөткө гана пайдаланылат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө жаа бак-дарактарга дээрлик эч кандай зыян келтирилбейт. Долбоордун алкагында жергиликтүү тургундар жумушка тартылып, киреше алары каралган. Социалдык жагымсыз таасирлердин айрымдары CASA-1000 долбооруна катышкан башка өлкөлөр боюнча баяндалган тийиштүү чаралар аркылуу оңой эле азайтылышы мүмкүн. Пакистандын шартында жергиликтүү жамааттардын уруучул мамилелерге негизделгендиги, ошондой эле долбоорго камтылган райондордун ичинде жана жака белинде согуштук аракеттер, зордук-зомбулук тынчыбай жаткандыгы кыйла олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал. Бул жагдайлар жергиликтүү калктын ушул долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу аркылуу менчик укугуна ээ болушу үчүн канчалык маанилүү экендигин көрсөтүп турат. Жүргүзүлгөн кеп-кеңештин жыйынтыгында таасир чөлкөмүн бойлото жайгашкан калк үчүн электр менен камсыз болуу, жумушка орношуу, акысыз ичер суудан пайдалануу жана кыздар үчүн башталгыч мектеп куруу мүмкүнчүлүгү орчундуу мааниге ээ экендиги аныкталды. Хайбер Пакхтункхванын өкмөтүнүн саясий талаптарына ылайык, саламаттык сактоонун техникалык бөлүмү (СТБ) суу жеткирүү тутумун курат. Мында булардын эксплуатацияланышы жана техникалык тейлениши үчүн жоопкерчиликти пайда көрө турган жамааттар көтөрөт. 7 айыл ичер суу жеткирүү тутумун түзүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн тандап алынды – мунун жалпы наркы 1.62 млн АКШ долларын түзөт. Кыздар үчүн башталгыч мектеп жергиликтүү жамааттардын жана жеке менчик сектордун катышуусу менен курулат. Жамаат мүчөлөрү электр өткөргүч чубалгыларынын альтернативдүү жолун – азыркы колдонулуп жаткан Пешавар–Торхам 132кВ ЭӨЧны биргелешип пайдаланууну – сунуш кылышты. Бул 11    чубалгы негизинен өнүмсүз, дөңсөө жана калк жашабаган жерлер аркылуу өтөт. Бул трассада жети кыштак долбоордун таасир айдыңына камтылат. Жамааттардын долбоордон жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун негиздөө: Отчеттон көрүнүп тургандай, долбоордун жалпы социалдык таасири негизинен анча зор эмес болгондуктан, тийиштүү чаралар аркылуу оңой эле жеңилдетилет. Ошентсе да, социалдык маселелерди чечүүдө кыйла универсалдуу ыкты колдонгон оң, мунун бир нече жүйөөсү бар. Биринчиден, электр өткөргүч чубалгылары жогорку вольттуу болот, ошондуктан аны бойлото жайгашкан жамааттар электр кубатын ала алышпайт. Электр энергиясынын жеткиликтүүлүгү бул ЭӨЧ багытындагы бардык райондордо чечилиши кыйын маселе болору бышык. Курулуш аймагында жашаса да ЭӨЧдан пайда көрбөй турган адамдар менен курулуштун акыбетин көрө турган көпчүлүк калктын ортосунда адилеттик тууралуу талаш чыгышы ыктымал. Эгер тийиштүү чаралар каралбаса, жергиликтүү калк нааразы болуп, мунун долбоорду жүзөгө ашырууга жана акыр аягында ЭӨЧнын иштешине кедергиси тийиши мүмкүн. Мындан тышкары, үчүнчү жактардын көмүскө кызыкчылыктарынан долбоорго зыян келтирилбеши үчүн жергиликтүү калкка ушул долбоорду менчиктөө укугу берилиши абдан зарыл. Ушул жүйөөлөрдүн баарын эске алуу менен, жамааттардын жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун камсыздоого мүмкүндүк бергидей кадамдарга өзгөчө көңүл буруу керек. 12      1. КИРИШҮҮ 1.1 CASA-1000 ДОЛБООРУНУН СЫПАТТАМАСЫ Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан электр энергиясын соодалоо жана Борбордук Азия-Түштүк Азиядагы Электр энергиясын сатуу боюнча региондук базарды (БТЭСРБ) түзүү жаатында биргелешкен ишти улантууда. 2005- жылдан бери бул төрт өлкө өз ара жана эл аралык ар кайсы каржы институттары (ЭКИ), мунун ичинен Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүгүү банкы менен кызматташууну чыңдап келатат. БТЭСРБ демилгесинин орчундуу максаты – Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын түштүк тарапка, Ооганстан менен Пакистанга өткөрүп туруу үчүн төрт өлкөнүн энерготутумдарын бириктирүү. БТЭСРБди жүзөгө ашыруунун биринчи баскычы болуп электр энергиясын өткөрүү жана сатуу үчүн зарыл инфратүзүмдү, ошондой эле Борбордук Азиядан Түштүк Азияга 1,300 МВт электр энергиясын сатууну камсыздагыдай тутумду түзүү. Бул долбоор жалпысынан CASA-1000 деп аталат. Экспорттолуучу электр энергиясынын басымдуу бөлүгүн Пакистан (1,000 МВТ), калганын (300 МВтка чейинкисин) Ооганстан керектейт деп болжолдонууда. CASA-1000 долбооруна ЖЧӨТ жана ЖЧТТ компоненттери камтылат:  Тажикстандын өткөрүү желелерин чыңдоо жана Кыргыз Республикасынан электр энергиясын Тажикстан аркылуу Түштүк Азияга ташуу максатында ЖЧӨТ өткөрүү үчүн 447 км созулган, 500 кВ кубаттуулуктагы ЭӨЧ жана Кыргыз Республикасы (452 км) менен Тажикстандын (25 км) ортосундагы жана Регардан Сангтудага чейинки 500 кВ ЭӨЧ. Долбоордо ЭӨЧ жолу Кыргызстандын аймагындагы Тажикстан менен Өзбекстандын анклавдары сыяктуу калктуу конуштардан мүмкүн болушунча алыс, Кыргызстанга ичкерилете өтөт деп каралган.  Тажикстандан (117 км) Ооганстандын аймагы аркылуу (562 км) Пакистанга (71 км) ЖЧӨТ-ЖЧТТ өткөрүү үчүн 750 км созулган, 500 кВ кубаттуулуктагы ЭӨЧ. ЭӨЧ жолун бойлото жайгашкан негизги калктуу конуштарга Кабул, ошондой эле Кундуз, Баглан, Пул-и-Кумри, Раки, Мехтар Лам жана Жалалабад сыяктуу шаарлар кирет. ЭӨЧ мүмкүн болушунча калктуу конуштарды айланып өтөт. ЖЧӨТ-ЖЧТТ кайра түзүү көмөк чордондорун Сангтуда-1де (1,300 МВт), Кабулда (300 МВт) жана Пешаварда (1,300 МВт) куруу сунушталат. Долбоордун наркы АКШнын 970 млн долларын түзөт деп болжолдонууда. 1.2 СОЦИАЛДЫК ТААСИРДИ БААЛОО 1.2.1 Баштапкы маалымат CASA-1000 долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо ишин башында Азия Өнүктүрүү Банкы каржылап, Канаданын «SNC Lavalin» компаниясы 13    жүргүзгөн эле. Изилдөө эки баскычта өткөрүлдү. 1-баскычта энергетутумдарды бириктирүүнүн техникалык жүзөгө ашырылуучулугун жана экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо каралган. 2-баскычта долбоордун жүзөгө ашырылуучулугу тыкыр талданууга тийиш болчу. 1-баскычтын жүзөгө ашырылышы жөнүндө отчет 2007-жылы декабрда, ал эми 2-баскычтын жүзөгө ашырылышы жөнүндөгү экинчи отчет 2009-жылы январда даярдалды. Техникалык-экономикалык негиздеменин жаңыртылган версиясы 2011-жылы февралда бүткөрүлдү. Кийинчерээк Азия Өнүктүрүү Банкы долбоорго катышуусун токтотту. 2009-жылдын орто ченинде төрт өлкөнүн өкмөттөрү долбоордун жүзөгө ашырылуучулугуна техникалык жана экономикалык талдоону андан ары жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жардам сурап Дүйнөлүк Банкка кайрылды. Дүйнөлүк Банк «SNC Lavalin» компаниясы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо ишин улантат деген чечим кабыл алды. Долбоордун экологиялык жана социалдык таасирин баалоо ыктымал каржылоочулардын кароосуна бериле турган баштапкы техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Социалдык жана экологиялык коопсуздук чаралары жөнүндө, ошондой эле долбоорду жүзөгө ашыруунун ыктымал кесепеттерин азайтуу чаралары жөнүндө маалыматтар долбоордун жалпы наркын аныктоо үчүн жана Дүйнөлүк Банктын стандарттарынын коопсуздук жаатындагы талаптарынын сакталышын баалоо үчүн өтө зор мааниге ээ. CASA-1000 долбоорунун экологиялык жана социалдык айрым таасирлерин «SNC Lavalin» компаниясы баалаган эле, бирок, Дүйнөлүк Банктын жол-жоболоруна ылайык, инженердик-техникалык маселелер боюнча кеп-кеңешчиси бул банк тарабынан каржыланган экологиялык жана социалдык изилдөөлөрдү да жүргүзө албайт. Мындай изилдөөлөрдү долбоорду иштеп чыгуучу компания менен тыгыз иштешкен өзүнчө кеп- кеңешчи жүргүзүшү керек. Ошентип, 2010-жылы декабрда долбоордун экологиялык жана социалдык таасирлерин баалоону (ЭСТБ) жүргүзүү, ошондой эле CASA-1000 долбоору үчүн айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар планын (АЧКИП) даярдоо максатында Канаданын «Integrated Environments (2006) Ltd.» (IEL) компаниясы чакырылды. «IEL» компаниясы долбоордун социалдык таасирин баалоону жүргүзүү учурунда «SNC Lavalin» компаниясынын талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына таянып, бирок аларды болжолдонгон электр өткөргүч чубалгысынын бүтүндөй жолунун жакында Жердин жасалма жандоочусунун жардамында алынган, 6 метрге чейинки тактыгы бар сүрөттөлүшү менен толуктады. Бул сүрөттөлүштөр социалдык объектилердин жайгашкан жерлерин так аныктап көрсөтүү менен жана ЭӨЧ жолун максималдуу текшилөө максатында атайын карталарды түзүү үчүн колдонулду. «IEL» компаниясы Айлана чөйрөнү коргоо жана социалдык камсыздоо иш-чараларынын ар тараптуу планы (АЧКСКИП) боюнча план даярдап, бул аркылуу CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашырууга байланышкан, айрыкча курулуш жүргүзүлгөн баскычта көп келип чыгышы ыктымал экологиялык жана социалдык маселелерди чечүүнүн негизин түздү. АЧКСКИПтин максаты – долбоорду жүзөгө ашыруунун ыктымал кесепеттерин азайтуу чараларын ЭСТБ менен бириктире натыйжалуу орундоо. Бул маалымат тартыштыгын жоюуга жана социалдык, экологиялык өңүттөрдөгү жоболорду каалагандай насыя келишимдерге киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. «IEL» компаниясы өзүнүн ЭСТБ жана АЧКСКИП Борбордук Азия-Түштүк Азиядагы Электр энергиясын өткөрүп берүү боюнча CASA-1000: Техникалык-экономикалык негиздөө баскычы долбоорун 2011-жылы көрсөттү. 14    2011-2012-жылдар аралыгында долбоорго тартылган төрт өлкөдө жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн баалоо боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасында жана Тажикстанда изилдөөнү Жарандык демилгелерди колдоо фонду, Ооганстанда – БУУнун калктуу конуштар уюму (БУУ-Хабитат), ал эми Пакистанда – Социалдык камсыздоо жана социалдык жардам программаларынын желесин түзүүгө көмөктөшүү боюнча социалдык бюро (СКСПСБ) жүргүздү. Бул изилдөөлөрдүн жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчеттор 2012- жылы октябрда (Жарандык демилгелерди колдоо фонду) жана 2012-жылы декабрда (БУУ-Хабитат, Ооганстан жана СКСПСБ) бүткөрүлдү. Дүйнөлүк Банк Тобокелдиктерди баалоо боюнча кеп-кеңеш тобуна (ачык акционердик коомуна) CASA-1000 долбоорунун Ооганстанда жана Пакистанда электр өткөргүч чубалгысын долбоорлоо, куруу, ошондой эле иштетүү жана техникалык тейлөө баскычтарындагы кызыкдар тараптар үчүн болушу ыктымал операциялык тобокелдиктерди көз карандысыз баалоо милдетин жүктөдү. Кеп-кеңеш тобу Кыргыз Республикасындагы жана Тажикстандагы кырдаалды тобокелдиктер жагынан иликтеген жок. Тобокелдиктерди баалоо жөнүндө отчет 2012-жылы ноябрда берилди. 1.2.2 Максаттар жана методология Долбоордун социалдык таасирин баалоо айрыкча анын курулуш баскычындагы келип чыгышы ыктымал социалдык жагдайларды аныктоо жана жагымсыз таасирлерди азайтуу, көзөмөл жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Жогоруда санап өтүлгөн отчеттордун баарында – «IEL» компаниясы даярдаган ЭСТБ жана АЧКСКИПте, жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн баалоо жөнүндө үч отчетто – долбоорду жүзөгө ашыруунун социалдык өңүттөрүнө тиешелүү маалымат камтылган. Бул отчетто CASA-1000 долбоорунун социалдык таасири жана бул таасирдин ыктымал кесепеттерин азайтуу чаралары тууралуу маалымат топтолгон. Аныгында, ал долбоор боюнча жогоруда санап өтүлгөн мурдагы отчеттордо баяндалган маалыматтардын негизинде түзүлдү. Төрт өлкө жөнүндөгү, атүгүл ар түрдүү социалдык өңүттөр (мисалы, долбоор аймагына камтылган райондордогу аялдардын абалы, жан багуу каражаттары) жөнүндөгү маалыматтын көлөмү, кеңирилик деңгээли кыйла айырмаланарын белгилей кетүү керек. Демейде Кыргыз Республикасы менен Тажикстанга салыштырмалуу Ооганстан менен Пакистан жөнүндө маалымат кыйла кеңири берилет. Бул айырмачылык ушул отчеттун тийиштүү бөлүмдөрүндө чагылдырылган маалыматтардын майда-чүйдөсүнө чейин тыкыр берилиши боюнча көрүнүп турат. Мүмкүн болгон учурларда жетишпеген маалыматтар кошумча булактардан алып толукталды, бирок бул отчетту даярдоо үчүн эч кандай кошумча баштапкы изилдөөлөр жүргүзүлгөн жок. Бул отчет CASA-1000 долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн ар бирине (Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанга) арналган негизги төрт бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүмдүн тыкыр маалымат камтыган үч бөлүмчөсү бар. Булардын биринчисинде өлкө жөнүндө кыскача маалымат, анан долбоор аймагына камтылуучу райондордогу социалдык-экономикалык кырдаалдын сыпаттамасы берилет. Экинчи бөлүмчөдө CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашыруунун социалдык ыктымал натыйжалары каралат. Үчүнчүсүндө долбоордун социалдык терс таасирин жумшартуу чаралары, мунун ичинен жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусунун ыктымал жолдору сунушталат. 15    16    2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 2.1 СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ 2.1.1 Өлкөдөгү жагдай Кыргыз Республикасы – тоолуу өлкө, деңизге чыгар жолу жок, Борбордук Азияда жайгашкан, түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, ал эми түштүк-батыштан Тажикстан жана чыгыштан Кытай менен чектешет. Мурда Советтер Союзунун курамында болгон бул республика 1991-жылы эгемендикке жетишип, Кыргызстан Республикасы деп аталган эле, бирок 1993-жылы аталышы Кыргыз Республикасы деп расмий түрдө өзгөртүлдү. 2011-жылы калкынын саны 5,5 млн кишини түзгөн. Кыргыз Республикасында киреше деңгээли төмөн, жакыр айыл чарбасы бар, адам өнүгүүсү жагынан көрсөткүчтөрү төмөн. а) Саясий тутум Бул өлкөдө федералдык түзүм жана мыйзам чыгаруучу бир палаталуу парламент бар. Административдик-аймактык принципке ылайык бул өлкө облустарга бөлүнөт; бардыгы болуп өлкөдө тогуз бирдик: жети облус менен республикалык маанидеги Бишкек (борбор) жана Ош шаарлары бар. Ар бир облус бир нече районго бөлүнөт. Эгемендикке жетишкенден кийин 1992-жылдан тартып өлкөдө маал-маалы менен саясий баш-аламандыктар болуп, айрым этникалык топтор тарабынан зордук-зомбулук жасалып турду. 2005-жылдагы козголоң ошол кездеги Президентти кызматтан кетүүгө аргасыз кылып, Бакиев баштаган жаңы өкмөттү түзүүгө жол ачты. Дагы беш жылдан соң коомдо кайрадан баш-аламандыктар чыгып, кеңири тамыр жайган коррупцияга жана жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө нааразылык акыры Бакиев режиминин кулашына алып келди. Кагылышуулардын, мунун ичинен саны жагынан эң көп болгон кыргыздар менен калктын эң аз сандагы бөлүгү болгон өзбектер ортосундагы кандуу чыр-чатактын натыйжасында бир нече жүз киши өлтүрүлүп, 300 000ден ашуун киши үй жайын таштап качууга мажбур болгон. Өлкөнүн жаңы Президенти 2011-жылы ноябрда шайланды. Коррупция мурдагыдай эле кеңири жайылган көрүнүш бойдон калууда: коррупциянын деңгээлин баалоо жана Коррупциянын таралышын кабылдоо көрсөткүчүн аныктоо максатында 2008-жылы өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, бул өлкө 0дөн (эң төмөнкү) 10го (эң жогорку) чейинки шкала боюнча 1.8 баллга арзыган. б) Экономика Советтер Союзу кыйрап, мурдагы карым-катыштар үзгүлтүккө учурагандан кийин, Москвадан каржылык колдоо келбей калды да, Кыргызстандын экономикасы жана коммуналдык тейлөө сектору өтө олуттуу зыянга учурады. 1992-жылдан кийин фабрикаларды, ишканаларды, имараттарды, жерди ж.б.у.с. жеке жактардын/ишканалардын менчигине берүү боюнча ири программа жүзөгө ашырыла баштаган эле. Тоолор, токойлор сыяктуу табигый ресурстар, ошондой эле тарыхый жана маданий маанидеги объектилер мамлекеттин менчигинде калды. Базар мамилелерине өтүү процесси бир топ кыйынчылыктар менен коштолду: өнөр жай ишканалары жабылды, жамааттык чарбалар ыдырап, жумушсуздар көбөйдү. 1992- жылы базар талабына ылайык жүргүзүлгөн экономикалык реформалар акыр аягында өнүмдүүлүктү эгемендик алганга чейинки деңгээлге жеткирип көтөрүүгө мүмкүндүк 17    берди. Бирок коммуналдык тейлөө чөйрөсү мамлекеттик инвестициянын тартыштыгынан олуттуу чыгашага учурады. 2011-жылы ИДПнын өсүш темпи 5.9 пайызды түзгөн эле, бирок ага чейинки он жыл аралыгында бул көрсөткүч өтө ар түрдүү болуп турду (мисалы, 2002-жылы 0.0 пайыз болсо, 2007-жылы 8.2, ал эми 2009- жылы 2.3 пайызды түзгөн). Мындан тышкары, жакында кулач жайган дүйнөлүк экономикалык кризис жана 2010-жылдагы саясий баш-аламандыктар да экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизди. 2011-жылы улуттук дүң продукт (УДП) калктын жан башына эсептегенде 920 АКШ долларын түзгөн. Өлкөнүн экономикасы негизинен Россия Федерациясында иштеген эмгек мигранттарынан келип туруучу акча каражаттарына көз каранды. 2009-жылы которулган акчанын көлөмү ИДПнын 40 пайызын түзгөн. Кыргыз Республикасынын 1 миллиондой жараны Россия Федерациясында иштейт деген божомол бар.1 Экономиканын башка орчундуу секторлору – бул айыл чарба, тоо кен өнөр жайы жана энергетика. Айыл чарба сектору өлкөнүн ИДПсынын жалпы көлөмүнүн төрттөн бирине жакын бөлүгүн түзөт да, бул тармакта жумуштуулардын үчтөн бирине жакын бөлүгү алектенет. Совет доорунда фермер чарбалары мамлекеттин менчигинде болгон. Бирок, жогоруда айтылгандай, менчиктештирүү максатында жүргүзүлгөн жер реформасы адегенде айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктүн кескин төмөндөшүнө жана жергиликтүү калктын жашоосун оорлотууга алып келген эле. Өкмөт айыл чарба ишканалары/фермерлер үчүн айыл банктарын жана кеп-кеңеш кызматтарын, ошондой эле суу керектөөчүлөр ассоциациясын, жайыттарды тескөө комитеттерин уюштурду.  Кыргыз Республикасы көмүр, алтын, уран, сымап жана башка ар түрдүү металдарга, минералдарга бай. Тоо кен секторунун үлүшү мамлекеттин салыктан түшүүчү кирешелеринин жалпы көлөмүнөн 26дай пайызын (ИДПнын 10 пайызына жакын бөлүгүн) жана экспорттон алынуучу кирешелердин жалпы көлөмүнөн 50 пайызын түзөт. Бирок өлкө өзүнүн тоо кен тармагындагы өнүгүү дареметин толук ача албай келет. Мунун себеби, кендердин көпчүлүгү жетүү кыйын болгон тоолуу жерлерде жайгашкандыктан, аларды чалгындоого жана казып алууга өтө чоң капиталдык салым талап кылынат. Дагы башка себептери – стратегиялык пландоо жагынан буга чейин катачылыктарга жол берилип келгендиги, буга байланыштуу зарыл инфратүзүм негизделбей, технологиялар колдонулбай калгандыгы. Азыркы кезде Кыргыз Республикасында минералдык бай ресурстардан толук пайда алуу үчүн зарыл капиталдык салымдар жетишсиздик кылууда. Энергетика секторунун үлүшү ИДПнын жалпы көлөмүнөн 3.9 пайызды жана өнөр жай өндүрүшүгүн көлөмүнөн 16 пайызды түзөт. Өлкөдөгү иштетилип жаткан кубаттуулуктун көпчүлүк бөлүгү гидроэнергетикадан өндүрүлөт, мунун үлүшү белгиленген 3,586 МВт кубаттуулуктун жалпы көлөмүнөн 2,948 МВт (82 пайызды) түзөт. Бул сектордогу негизги маселелер: техникалык тейлөөгө жана инвестиция жумшоого мүмкүндүк бербей, кышкысын энергиянын тартыштыгына жана тескөөдөгү кыйынчылыктарга себеп болуп келаткан коммерциялык жоготуулар, тарифтердин төмөндүгү. Бул жагдайлар, ошондой эле электр энергиясын экспорттоого жол ачкыдай негизги базар боюнча регионалдык кызматташуунун жана бул жагынан макулдашуулардын жоктугу, Кыргыз Республикасынын (ошондой эле Тажикстандын)                                                              1 Тажикстанда жана Кыргыз Республикасында жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн баалоо боюнча изилдөө (Жарандык демилгелерди колдоо фонду, 2012- жыл, октябрь). 18    гидроэнергетикалык дареметин толук жүзөгө ашырууга чамасы жетпестигин күбөлөндүрүп турат. Ушул кылымдын башында Кыргызстанда да, Тажикстанда да электр энергиясын плансыз өчүрүп коюу жана электр менен камсыздоо ыраатын бузуу адатка айланды. 2002-жылы жүргүзүлгөн электр менен камсыздалуу деңгээли боюнча үй чарбаларын изилдөөнүн жыйынтыктарында электр менен камсыздоо айрым айыл жерлеринде күн сайын 6-8 саатка чейин үзгүлтүккө учурап тургандыгы аныкталган.2 Буга байланышкан дагы бир маселе – чыңалуунун төмөндүгү, б.а. электр кубатынын начардыгынан адамдар муздаткыч колдоно албай калгандыгы. Кээ бир суралуучулар электрге караганда түзүгүрөөк жарытат деп шам жаккан учурлар да болгонун айтышкан. Электрдин айрыкча кышкысын жок болушу сапаттуу тейлөөгө кедерги болот (мисалы, мектептер жылытылбай калат), өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүн жана ишкердиктин өнүгүшүн кечеңдетет, табигый ресурстарга зыян келтирет (мисалы, отунга дарактар кыйылып кетүүдө). Мунун баары улуттук бюджетти да кошумча чыгымга кабылтууда, анткени чет жактан отун ташып келүүгө эбегейсиз өлчөмдөгү каражат сарпталууда. Эгер энергетикалык дареметти өнүктүрүп, толук пайдаланса, өлкөдөгү кышкысын курчуп турган энергетикалык кризисти кыйла оңой жөнгө салууга жол ачылар эле. в) Демографиялык статистика жана өнүгүү жаатындагы көрсөткүчтөр 2011-жылы өлкө калкынын жалпы саны 5.5 миллионду түзгөн. Калктын көпчүлүгү (үчтөн экиси), негизинен аз камсыздалган бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Кыргыз Республикасынын калкы жаш: 2007-жылы өлкөдө жашагандардын 35 пайызын 15 жашка чейинки курактагылар, 6.2 пайызын гана 65 жаштан улуу курактагылар түзгөн. Калктын этникалык курамы өтө ар түрдүү, бирок көпчүлүгүн (2007-жылы – 70 пайыз) кыргыздар, алардан кийин өзбектер жана этникалык орустар, булардан соң кыйла аз сандагы тажиктер жана казактар түзөт. Акыркы жылдарда калктын этникалык курамы саясий окуяларга байланыштуу өзгөрүүгө учурады. Мисалы, өлкө эгемендикке жеткенден кийин көп сандаган этникалык немистер көчүп кетишкен. 2010-жылдагы жаңжалдан кийин да орустар сыяктуу айрым улуттук азчылыктын өкүлдөрү өлкөдөн көчүп кетишти. Кыргыз Республикасы адамдын өнүгүү жаатындагы көрсөткүчтөр боюнча да улам начарлап баратат: адамдын өнүгүүсү жаатындагы рейтинг классификациясына ылайык, бул өлкө 2000-жылдагы 102-орундан 2012-жылы 125-орунга түшүп калган. Жакырчылык деңгээли 200-жылдагы 52 пайыздан 2008-жылы 31.7 пайызга төмөндөгөн. Бирок 2011 жана 2012-жылдардагы саясий баш-аламандыктар, дүйнөлүк экономикалык кризис жана азык-түлүктүн кымбатташы өнүгүү багытын тескери буруп ийди. Жакырчылыктын абсолюттук деңгээли 2010-жылдагы 33.7 пайыздан (толугу менен кедей жашагандардын 5.3 пайызын кошо эсептегенде) 2011-жылы 36.8 пайызга жогорулады. Калктын турмушу оор катмарынын дээрлик төрттөн үч бөлүгү айыл жергесинде жашайт. г) Аялдардын абалы Мыйзам боюнча аялдар менен эркектер коомдо бирдей абалда турат жана бирдей укукка ээ. Бирок тарыхый себептерден улам Борбордук Азияда аялдар эркектерге көз                                                              2 Кыргыз Республикасындагы энергетика секторун реформалоонун натыйжалуулугу: Кыргыз Республикасындагы электр энертегика секторун реформалоо долбоорунун таасирин талдоо (Дүйнөлүк Банк, 2002 год). 19    каранды болуп, экономикалык ресурстарга жана саясий бийликке эркектердей жете албай келген. Бул жагдай ар кайсы этникалык топтордо жана жамааттарда ар башкача экендигин да эске алуу керек. Ошентсе да, аялдар негизинен эркектерден көбүрөөк жана узагыраак убакыт иштейт. Айыл жерлеринде алар үй тиричилигин тейлейт, ичер сууну ташып келет, айыл чарба жумуштарын аркалайт. Жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде саясатка жана мамлекеттик бийлик органдарына аралашкан аялдардын пайызы өтө төмөн. «Саясий турмушка аялдардын катышпай жаткандыгы басмырлоочу сенек көз караштардын жана көнүмүштөрдүн калыптанышына алып келет… Эгер башкарууга аялдардын берген добушу таасир этпесе, анда гендерлик маселелер мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын эң акыркы сабына түшүп калат. Бул туңгуюк абал акыры мыйзамдарды иштеп чыгууда гендерлик жагдайлардын эске алынбай калышына, анан кыйыр түрдө болсо да аялдардын басмырланышына жана укуктарынын чектелишине алып келет».3 Ошентсе да айрым орчундуу өзгөрүүлөр байкалууда: азыркы кезде шайлоого катышуу үчүн партиялардын тизмесинен 30 пайыздык квота киргизилгендиктен, мыйзам чыгаруу органында аялдар кыйла көбөйдү (2011-жылы өлкө парламентиндеги 120 депутаттын 25и аялдар болчу). Тийиштүү түрдө аялдар маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлору көбүрөөк сунушталып, талкуулана баштады. Азыраак болсо да, аялдар өкмөттүн жетекчи кызматтарына тартылды, мисалы, өлкөнүн мурдагы президенти болуп Роза Отунбаева шайланган эле. Бирок 2011-жылдын октябрынан тартып аялдар өкмөттөгү жогорку даражалуу 675 жетекчи кызматтын 19 пайызын гана ээлеп калды.4 Аялдарга зомбулук кылган, айрыкча үй-бүлөдө уруп-сабаган учурлар кеңири кездешет. Маданий салттар аялдардын мындай учурларда укук коргоо органдарына кайрылуусуна бөгөт болгондуктан, полиция же сот тарабынан чара көрүлбөй кала берет. «Кыз ала качуу» өнөкөтү, б.а. аялды турмуш куруу үчүн күчкө салып уурдап кеткен жагдайды элдин көбү кыргыздын салты деп эсептейт. Өлкөдө жыл сайын болжол менен 11.800 кыз ала качуу болот, бул өлкөдө никеге тургандардын 35 пайызын түзөт. Мындай жосун жасагандардын 1.500ү гана сот тартибинде жазага тартылат.5 Ошенсе да, 2012-жылы декабрда мыйзамдарга кыз ала качкандык үчүн жоопкерчиликти күчөткөн өзгөртүүлөр киргизилди. 2.1.2 Долбоордун таасир чөлкөмдөрү CASA-1000 долбооруна Кыргыз Республикасынан түштүккө карай Тажикстанга тартылуучу 477 км узундуктагы 500 кВ ЭӨЧ камтылат. Мунун ичинен 452 км Кыргыз Республикасынын аймагынан артылат. ЭӨЧ жолу негизинен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкы аз райондору аркылуу өтөт. Төмөндөгү баалоо 2012-жылы Жарандык демилгелер фонду тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасындагы жана Тажикстандагы жергиликтүү жамааттардын                                                              3 Элеттик аялдарга жер пайдалануу укугун алуу жагынан жардам көрсөтүү: БУУнун Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аялдар иштери боюнча программасын жүзөгө ашыруу тажрыйбасы (БУУнун Аялдар иштери боюнча программасы, 2012-жыл, июнь. 2-б.). http://www.unwomen.org/wp- content/uploads/2012/07/EP-Promoting-rural-women%E2%80%99s-rights-to-land-UN-Women-programme- experience-in-Kyrgyzstan-and-Tajikistan.pdf. 4 Кыргыз Республикасы, Адам укуктары боюнча бюронун отчету, 2012-жыл (Американын Демократия, адам укуктарын жана эмгегин коргоо боюнча бюросу). http://www.state.gov/documents/organization/204614.pdf. 5 http://www.unwomen.org/2013/02/new-law-in-kyrgyzstan-toughens-penalties-for-bride-kidnapping/. 20    долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн баалоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыгында чогултулган маалыматтардын негизинде жасалды. Кыргыз Республикасында Жалал-Абад облусундагы 3, Ош облусундагы 11 жана Баткен облусундагы 11 калктуу конуш иликтенди. Бул конуштарда бардыгы болуп 7,543 үй чарбасы жайгашкан, 8.454 үй-бүлө, 42.685 киши жашайт. Кыргыз Республикасында долбоордун таасирине камтылуучу райондордо жашаган калктын саны жөнүндө маалымат такталган эмес. а) Калкы Үч облустун иликтөөгө алынган 25 калктуу конушундагы калктын жалпы саны 42,685 кишини түзөт. Ош жана Баткен облустарынын айылдарында калктын негизги бөлүгү – кыргыздар (тийиштүү түрдө 90 жана 96 пайыз), бирок Жалал-Абадда өзбектер көптүк кылат (66.7 пайыз), ал эми кыргыздар 26.7 гана пайыза жетет. Аялдар менен эркектердин катышы дээрлик бирдей: 51 пайызы – аялдар, 49 пайызы – эркектер). Бул жердеги анча-мынча айырма чет өлкөгө жумуш издеп эркектер көбүрөөк кетип жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ииктөөгө алынган калктын ичинде үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн өлчөмү чоң: үй чарбаларынын 35.3 пайызында 5-6 киши, 28.2 пайызында 6-7, ал эми 13.9 пайызында 8 жана андан ашуун киши жашайт. Үй чарбаларынын көп бөлүгү бир үй-бүлөдөн турат, аз эле бөлүгү эки же үч үй-бүлөнү камтыйт. Иликтөөгө алынган үй чарбаларындагы кишилердин билим деңгээли ортодон жогору эмес: суралгандардын 11.5 пайызы толук жогорку билимдүү болсо, 68.3 пайызы жалпы орто билимдүү. Суралгандарды жыныс жагынан салыштырып көргөндө, эркектерге (64.0 пайыз) караганда аялдардын көбүрөөгү орто билимдүү (76.1 пайыз), бирок аялдарга салыштырмалуу эркектердин арасында жогорку билимдүүлөр арбыныраак (14.0 жана 6.8 пайыз) экендиги аныкталды.6 б) Жер пайдалануу жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгү Иликтөөгө алынган айылдар райондук же облустук административдик борборлордон ар кайсы алыстыкта жайгашкан болсо да, тийиштүү борборлорго каттоого жолдору бар. Үй чарбаларынын менчигиндеги жер участкаларынын орточо өлчөмү 1.58 акр, мунун көпчүлүк бөлүгүн (орто эсеп менен 0.78 акр) айдоо аянттар жана бактар (0.60 акр) түзөт.7 Совет доорунда тейлөө кызматтарынын баарын (мектепте билим берүүнү, медициналык тейлөөнү, атүгүл чачтарач, спорттук курулмаларды жана эс алуу, көңүл ачуу борборлорун да) мамлекет камсыздап турган. Бирок Союз ыдырагандан соң тейлөө чөйрөсү мамлекеттин колунан базар тутумуна өттү да, мамлекет аялуу топторго гана кам көрүү менен чектелип калды. Долбоордун таасир чөлкөмдөрүнө камтылган райондордо эгемендик мезгилине чейинки жагдай белгисиз болсо да, 2012-жылы жамааттарда жүргүзүлгөн иликтөөдөн тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгү абдан чектелүү экендиги аныкталды. Кыргыз Республикасында иликтөөгө алынган бардык жамааттардын ичинен Жалал- Абад облусундагы үч жамааттын тең мүчөлөрү ичер суудан жана сугат суунун тартыштыгынан кыйналарын айтышкан. Ош облусундагы 11 жамааттын 9унда, Баткен                                                              6 7-таблица, Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдөн цитата. 7 14-таблица, ошол эле жерде. 21    облусундагы 11 жамааттын 6сында суу тартыш же такыр жок деп даттанышкан. Сугат тутумдарынын жоктугу дыйканчылык ишине кедерги болууда. Ош облусундагы 11 жамааттын 7синде медициналык негизги кызматтар жеткиликтүү эмес деп белгиленген. Ош жана Баткен облусундагы долбоорго камтылган жамааттардын баарында электр энергиясы айрыкча кышкысын үзгүлтүк менен берилери айтылган. Баткендеги 11 жамааттын 8инде катнаш жолу (же анын айрым бөлүктөрү) начар деп бааланган, айрым жамааттарда мектептер да оңдоого муктаж деп көрсөтүлгөн. Жамааттарды иликтөө учурунда айрым айылдык мектептер жамаат мүчөлөрү тарабынан ашар ыкмасы менен курулгандыгы белгилүү болду. Дубал тургузуу үчүн демейде эң арзан курулуш материал катары ылай пайдаланылат. Мындай мектептерде көбүнчө чыныгы пол же шып жок, дааратканалар үрөй учургудай абалда; кыздардын көбү танаписте үйүнө чуркаганга аргасыз болушат. Айылдык мектептердин көпчүлүгүндө агызма суу жок; окуучулар ичер сууну үйлөрүнөн ала келишет же сугат арыктары сыяктуу кооптуу жерлерден алышат. Айылдык мектептерде гимнастикалык же спорттук жабдуулар жокко эсе болгондуктан, дене тарбия сабагы атүгүл кар, жаан жааган кездерде да тышкарыда өткөрүлөт да, мунун айынан көптөгөн балдар сыркоолоп калат. Электр энергиясынын айрыкча кышкысын тартыштыгынан улам, мектептер отун, көмүр же көң жагышат. Мунун кесепети балдардын ден соолугуна тийип жатат (имарат ичиндеги түтүн жана ыштан башы ооругандар, дем алуу органдары жабыркагандар көп). Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн жүргүзүлгөн изилдөө жөнүндөгү отчетто 95 пайызы таза суу керектеген шаардыктарга салыштырмалуу айыл тургундарынын 45 пайызы гана коопсуз ичер суудан пайдалана алаары белгиленген. Отчетто элеттиктердин көбү сугат каналдардан, дарыялардан алынган сууну ичери, бул жугуштуу оорулардын жайылышына алып келиши ыктымал экендиги көрсөтүлгөн. Жыл сайын, айрыкча жайкысын суу аркылуу таралуучу жугуштуу оорулар өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайылып, көптөгөн кишилер жабыркайт, атүгүл каза тапкандар да болот. Ооруканаларда жатып дарыланган сыркоолордун 50 пайызынан ашуун бөлүгү ичеги-карын илдеттеринен жабыркайт, мунун негизги себеби суу аркылуу жуга турган микроорганизмдер болуп саналат. Санитардык-техникалык шарттарга келсек, изилдөө көрсөткөндөй, айылдык тургундар негизинен аң же ор түрүндө казып, үстү жыгач менен жабылган дааратканаларды пайдаланышат. Чуңкур толгондо, көөмп салып, жаңысын казышат. Мындай дааратканаларды адатта үй чарбасынын арт жагына курушат. Иликтөөгө алынган айылдарда үй чарбаларынын 62.2 пайызынын мүчөлөрү «акыр-чикирди корообузда казылган аңга таштайбыз» десе, 10 пайызында «өрттөп жок кылабыз», 16 пайызында «айылыбызда таштанды төгүү үчүн атайын жай бар» деп жооп беришкен. Акырында Кыргыз Республикасынын иликтөөгө алынган жамааттарынын 80 пайызында мечит, 16 пайызында коомдук мончо, 17 пайызында чайхана бар экендиги аныкталды.8 в) Электр менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү Советтик пландуу экономиканын жана борборлоштурулган башкаруунун доорунда энергетикалык ресурстар Борбордук Азия республикаларында чогуу пайдаланылчу: азыркы кезде Кыргыз Республикасы жана Тажикстан деп аталган республикаларда өндүрүлүүчү ашыкча гидроэлектроэнергия жайкысын кошуна республикалардын                                                              8 15-таблица, ошол эле жерде. 22    (Өзбекстан менен Казакстандын) энергетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн керектелчү. Ал эми газ жана мунай отун пайдалануунун эсебинен өндүрүлгөн электр энергиясы кышында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын муктаждыктары үчүн иштетилчү. Электр энергиялык бөлүштүрүү тутумундагы өксүктүн кесепетинен Кыргыз Республикасы менен Тажикстанда электр энергиясын өндүрүү кыйла азайган кыш айларында энергиянын тартыштыгы катуу сезилип турчу. Жамааттарды иликтегенде, алардын тең жарымынан көбү (53.2 пайызы) электр менен камсыздоого байланышкан кырдаал дурус эле деп, бирок 18.3 пайызы начар, дагы 8.7 пайызы өтө жаман деп баалады. Кыш айларында көмүр, жыгач отун, керосин жана дизель майын жагууга аргасыз болуп жүрөбүз дешет. Электр энергиясы негизинен тиричилик максаттарына, б.а. жарыктандырууга, үй жылытууга жана тамак бышырууга пайдаланылат. Мында суралгандардын 7 пайызы гана пайызы электр энергиясын жумуш үчүн колдонорун айтышты. Бул өлкөдө агрардык экономика басымдуулук кыларынан кабар берет. г) Жан багууга каражат булагы CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөргүч чубалгысы өтө турган тоолуу аймактарда социалдык жана экономикалык өнүгүү деңгээли жалпысынан өтө төмөн. Бул региондо кендер көп, бирок тоо шартында, чалгындоо жана казып алуу үчүн каржы жетишсиздигинен бул кендерди эч ким иштете албай келет. Жамааттарды иликтегенде, жергиликтүү калк негизинен айыл чарба менен, б.а. айдоо жерлеринде дан эгиндерин, жашылча-жемиш (картошка, пияз, помидор, бадыраң ж.б.) өстүрүү жана малчылык менен тиричилик кылары аныкталды. Үй чарбаларынын негизги кошумча киреше булагы – эмгек мигранттары жиберип турган акча. Жумушсуздук деңгээли жогору (40.1 пайыз) болгондуктан, суралган калктын арасынан 13-15 пайызы негизинен Россия Федерациясына барып иштейт экен. Мирганттардын 80дей пайызын эркектер түзөт, бирок жумуш издеп чет жакка аттанган аялдардын катары да калыңдап баратат. Соңку 3-4 жылда миграция мөөнөтү узарып калды, эми айрым жумушчулар бир нече жыл бою иштегенге кетүүдө, атүгүл орус жарандыгын алгандары да бар. Үй чарбаларынын негизги кирешесинин үч булагы ишкердик (айына орто эсеп менен 261 $), айыл чарба (255 $) жана чет өлкөдөн которулуп жаткан акча (айына 251 $) болуп саналат.9 Эмгек акы, жалданма жумуш акысы жана пенсия/жөлөкпулдан алынуучу киреше ай сайын орто эсеп менен тийиштүү түрдө 146 $, 117 $ жана 115 $ды түзөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында жамааттар азык-түлүк менен кыйла кенен камсыздалып жаткандыгы белгилүү болду. Картошка, помидор, пияз, буудай жана жемиштер сыяктуу айыл чарба өнүмдөрү үй чарбасынын өзүнүн керектөөсүнө да, киреше алуу үчүн сатууга да пайдаланылат. Малчылык, атап айтканда, кара мал жана эчки багуу, ошондой эле тоок, үндүк ж.б. багуу менен үй чарбалары азык-түлүгүн жетиштүү камдап алышат. Бирок тамак-ашка жумшалуучу каражат (орто эсеп менен 119 $) чыгымдардын эң чоң бөлүгү болуп саналат. Балдардын билим алышына (86 $) жана кийим-кечеге (81 $) да кыйла көп каражат сарпталат. д) Аялдардын абалы                                                              9 19-таблица, ошол эле жерде. 23    Жамаатттарды иликтөөнүн жүрүшүндө аялдар жөнүндө өтө аз маалымат топтолду. Иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчетто суралган үй чарбаларынын бир аз көпчүлүгүн (51 пайызын) аялдар тескей тургандыгы, алар билим берүү сыяктуу негизги кызматтардан эркектерге салыштырмалуу алда канча аз пайдаланары белгиленген. Мындан тышкары, аялдар адатта эркектерге караганда узагыраак убакыт жана көп иштейт, үйдөгү түйшүктү да аркалайт, мал карайт, бала багат. Суралгандардын айтымында, аялдардын коомдогу абалы эркектерге салыштырмалуу кыйла төмөн. Жалгыз бой (ажырашкан, жесир калган) аялдар тескеген үй чарбалар экономикалык каатчылыктан айрыкча оор жабыгышат (төмөндөгү маалыматты кара). Жумушка орношуу жагынан да аялдарды мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген: алардын 46.6 пайызы үй тиричилигин аркалайт, 20.5 пайызы пенсияда, 19.3 пайызы өздөрүн жумушсуз деп эсептейт.10 е) Аялуу топтор Жамааттарды иликтегенде, суралгандардын арасынан төмөндөгүдөй аялуу топтор айырмаланды: 5тен ашуун балалуу үй чарбалары; жалгыз бой адам (көбүнчө аял) тескеген үй чарбалары; дыйканчылык же малчылык менен алектенбеген үй чарбалары; үй-бүлөсү менен жашабаган улгайган курактагы же майып адамдар; негизинен мал багуу менен тиричилик кылган үй чарбалары; пахта өстүрүүчү дыйкан/фермер чарбаларынын мүчөлөрү; бир нече үй-бүлөдөн турган үй чарбалары. Бирок бул иликтөөдө жогоруда саналган аялуу топтордун биринчисин (суралгандардын 14төй пайызын түзгөн 5тен ашуун балалуу үй чарбаларын) гана баалоого мүмкүн болду. Башка категориялар боюнча маалыматтар келтирилген жок, бирок үй чарбаларынын 50 пайызында материалдык жактан көз каранды адамдар, майыптар же оорукчандар бар экендиги аныкталды.11 i) 5тен ашуун балалуу үй чарбалары. Жамааттарды иликтөөдө чоң үй-бүлөлөрдө энеси иштебей үйдө калууга аргасыз болуп, атасы жетиштүү каражат тапкыдай иштей албагандыктан, мындай үй-бүлөлөр экономикалык жактан эң оор абалда экендиги аныкталды. Чоң үй чарбаларында ишкер жигердүүлүк да төмөн, жумушсуздук деңгээли башкаларга салыштырмалуу эки эсе жогору. Чоң үй чарбаларынын эмгек базарында аялуу болушунун себебин билим деңгээлинин төмөндүгү жана кесипкөй көндүмдөрдүн жоктугу менен түшүндүрүүгө болот. Муну ушундай үй-бүлөлөрдөн чыккан жумушчулардын көпчүлүгү адистешпеген жумуштарга иштеп, эң аз эмгек акы алып жаткандыгы да тастыктап турат. Бул үй-бүлөлөр өз алдынча ишкердиктен, айрыкча айыл чарбасы менен алектенүүдөн көбүрөөк пайда тапса болмок. ii) жалгыз бой киши (көбүнчө аял) тескеген үй чарбалары. Экономикалык кризис жана миграция агымынын күч алышы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн абалын оорлотту. Жалгыз бой эркек тескеген үй-бүлөлөр өтө сейрек кездешет, анткени эркектер адатта кайрадан оңой эле үйлөнүп алышат. Жалгыз бой аялдар тескеген үй-бүлөлөр кыйла көп, анткени күйөөлөрү чет өлкөгө жумуш издеп кеткендер, ажырашып алгандар, жесир калгандар арбын. Чындыгында күйөөсү алыста жүргөндөрдү кыйналып жашайт деп санабаса деле болот, анткени эркектер чет өлкөдөн акча жиберип турушат. Ал эми жесирлер, ажырашкан аялдар абдан кыйналып жашайт. Аялдар арасында жумушсуздардын көптүгү, жумуш табылгыдай (билим берүүчү, кесипке даярдоочу, көндүмдөрдү өнүктүрүүчү) мекемелерге алар оңой менен кире албайт. Анын үстүнө балдарды багып тарбиялоо түйшүгү да оор. [Айыл жерлеринде кыздар мектепте балдарга караганда                                                              10 10-таблица, ошол эле жерде. 11 9-таблица, ошол эле жерде. 24    азыраак, демек, орто билим алып чыккандары да аз экендигин белгилей кетүү керек]. Жалгыз бой аялдар баккан мындай үй-бүлөлөр тамарка жерин иштетүү, туугандарынан жардам алуу менен тиричилик кылышат. Иликтөөдө аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү тескеген аялдар балдарын эптеп багуу үчүн өзүнө анча кам көрбөй (мисалы, түзүктөп кийим жаңыртпай, тамак-ашын өтө үнөмдөп, коомго да көп аралашпай) жашай тургандыгы аныкталды. Туугандары жана достору деле чанда гана жардам берет экен. Ошентсе да, аларга мамлекет тарабынан анча-мынча көмөк көрсөтүлөт, мисалы, акчалай субсидиялар, турак жай жагынан жардам берилет, айрым жеңилдиктер жана жөлөкпулдар менен камсыздалышат. iii) Айыл чарба менен алектенбеген үй-бүлөлөр. Иликтөөдө мындай үй-бүлөлөр жумушсуз калып же адистешпеген кесипте иштеп, эмгек акынын аздыгынан кыйнала тургандыгы аныкталды. iv) Улгайган курактагы жана майып адамдар. Жамааттарды иликтегенде, улгайган адамдар жана майыптар төмөндөгүдөй бир топ кыйынчылыктарга кабыла тургандыгы аныкталды: айыл жеринде кесипкөй тейлөөнүн, мисалы, дарыгерлердин, психиатрлардын жоктугу; мамлекеттик жана жекече жардамдын жетишсиз берилиши; жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги, демек, материалдык жактан муктаждык; ишеничтүү медициналык-санитардык жардамдын жоктугу жана тамак- аштын жетишсиздиги. v) Негизинен малчылык менен тиричилик кылган үй-бүлөлөр. Мындай үй-бүлөлөр да аяялуу деп таанылгандыгынын себеби, алар көбүнчө калктуу конуштардан алыста жашайт да, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу негизги кызматтардан жакшы пайдалана албайт. Буга байланышкан эмгек акынын аздыгы жана жашоо шартынын начардыгы сыяктуу маселелер да бар. vi) Пахта өстүрүүчү дыйкан/жамааттык чарбалардын мүчөлөрү. – Иликтөөлөрдө бул адамдар да аялуу экендиги аныкталды, анткени алардын кирешеси пахтанын баасына жана ар кайсы жылдарда өнүмдүүлүгү ар башкача экендигине байланыштуу болот. Пахта жакшы сатылбай калган жылдарда айрым адамдар чоң чыгашага учурап, банкрот болот, жумушсуз, атүгүл үй-жайсыз калгандар да кездешет. vii) Бир нече үй-бүлөдөн турган үй чарбалары. Иликтөөлөрдө мындай үй-бүлөлөр көбүнчө бир атадан тараган туугандар же экономикалык зарылдыктан (өзүнчө үй сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан) чогуу туруп калгандар экендиги аныкталды. Мындай үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү да аялуу деп таанылды, себеби турмушу кыйла оор, билим деңгээли төмөн, эскичил, патриархалдык салттарды карманып күн кечиришет. Анүстүнө, алар жердин, суунун жана башка ресурстардын тартыштыгынан да кыйналышат экен. 2.2 ДОЛБООРДУН ТААСИРИ 2.2.1 Методология CASA-1000 долбоору өзүнө Кыргыз Республикасынын түштүк багыты – Тажикстанга карай тартылып өткөрүлө турган узундугу 477 км келген 500 кВ ЭӨЧны камтыйт. Мунун ичинен 452 км чубалгы Кыргыз Республикасынын аймагын аралап өтөт. Жалпысынан ЭӨЧ трассасы калк аз жайгашкан райондорду аралап, түштүктүн үч облусу – Жалал-Абад, Ош жана Баткен аймактары аркылуу өтөт. 25    Долбоордун социалдык таасирин баалоо CASA-1000 долбоорунун Кыргыз Республикасынын долбоор чөлкөмүнө кабылган райондоруна социалдык таасирин баалоо эң мурда ЭСТБга жана Электр энергиясын өткөрүп берүү боюнча Борборазиялык-түштүк азиялык (САSА – 1000) АКСКИПга негизделген: «Int egrated Environments Ltd» компаниясы тарабынан даярдалган техникалык-экономикалык негиздеме тууралуу отчет. ЭСТБ тынчсызданууну жаратып, чечимдерди талап кулуучу экологиялык жана социалдык конкреттүү маселелерди жана да САSА - 1000 долбоорунун ЭӨЧ трассасын жүзөгө ашырууда күтүлүүчү терс таасирлерди азайтуу боюнча сунуш кылынып жаткан иш-чараларды даректүү чагылдыруу үчүн жердин жасалма жандоочусунун жардамында алынган жаңы сүрөттөрдү пайдалануу менен атайын карталарды даярдоо зарылдыгын пайда кылды. Бул долбоорго тартылган бардык башка мамлекеттерде талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн, бирок Кыргыз Республикасында ар тараптуу жана пландалган талаа изилдөөсү аягына чыгарылган эмес, болгону 2008-жылдын октябрында алдын-ала иликтенген талаа изилдөөсү жүргүзүлгөн. Андыктан ЭӨЧ жолдорун текшилөө үчүн экологиялык жана социалдык объектилер белгиленген картанын бар же жогуна АЧСЧТБ толугу менен көз каранды. Бул жагынан алганда, кынтыксыз жыйынтыкка жетишүү мүмкүн болбосо да, электр өткөргүчү чубалгы болжолдонгон электр өткөргүч чубалгысын бойлой салына турган жолдун көпчүлүк бөлүктөрүндө элдин чачырап отурукташканын эске алганда, АЧСЧТБнын жыйынтыгы бир кыйла так болорун болжоого негиз бар. 2.2.2 ЭӨЧ жолун текшилөө карталарына ылайык долбоордун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү Төмөндөгү 1-таблицада Кыргыз Республикасынын аймагында CASA-1000 долбоорунун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (текшилөө карталары боюнча, айлана чөйрөнү жана социалдык инфратүзүм объектилеринин жайгашкан жерин эске алганда) кеңири сүрөттөлөшү берилет. 1-таблица: Кыргыз Республикасынын аймагында CASA-1000 долбоорунун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрү (текшилөө карталары боюнча, айлана чөйрөнү жана социалдык инфратүзүм объектилеринин жайгашкан жерин эске алганда) Жолдорд Долбоордун социалдык таасиринин өзгөчөлүктөрүнүн сүрөттөлүшү у текшилөө картасы (AS) AS-003 Таасири тийбейт AS-004 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Сыр-Дарыя суусун кесип өтөт да, айыл чарба жамааттарынын аймактары аркылуу жүргүзүлөт. Болжолдонгон ЭӨЧ жолу бул чөлкөмдөгү көптөгөн майда өзөндөрдөн бир нече ирет өтөт. Андан тышкары, долбоордун таасир чөлкөмүнө (ДТЧ) кирген айыл чарба жерлери жана жамааттык инфратүзүмдөр жолго чукул жайгашкан. ДТЧ чоң жолго кошулуучу жол салааларын жана башкы темир жол салаасын кесип өтөт. AS-005 Таасири тийбейт  AS-006 Таасири тийбейт  AS-007 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Коргон жамаатынан анча алыс эмес жерде орун алган Сыр-Дарыяны кесип өтөт. Коргон – бул Жалал-Абад облусунда жайгашкан айыл. Болжол менен Коргондон түндүк-чыгышка карай 15 км 26    жерде таш казылып алынуучу жер бар. ДТЧ суу аккан өзөндөрдү, жамааттык инфратүзүмдөрдү, жолдорду жана өсүмдүктөр өскөн аймактарды камтыйт. AS-008 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу жергиликтүү тоо этектери жана айдоо аянттары аркылуу өтөт. Сыр-Дарыя суусунун батыш тарабына кеткен жерде анча көп эмес жамааттар топтолгон. AS-009 Шадымир шаары (Баткен облусу) болжолдонгон ЭӨЧ жолунан түндүккө карай 2 км аралыкта жайгашкан; андан соң ал жол айдоо аянттары аркылуу жана Раят шаарын аралай өтөт. AS-010 ДТЧга жарыш ири суу агат жана автоунаа жолу өтөт. AS-011 ДТЧга жарыш ири суу агат. AS-012 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу айыл чарба жерлери аркылуу өтөт: бул аймактагы дыйкандардын басымдуу бөлүгү күрүч өстүрүшөт. AS-013 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу пайдаланылып жаткан жердин мүнөздүү өзгөчөлүгүн бузбастан, мамлекеттик жерлер аркылуу өтөт. Булакбашы шаары (Баткен облусу) ДТЧдан түштүккө карай 1,5 км кеткен жерде жайгашкан. ДТЧдан түндүктү көздөй 600 метр жерде Субаш шаары бар. AS-014 Таасири тийбейт  AS-015 Таасири тийбейт  AS-016 Жерди мамлекет жана жергиликтүү жамааттар бирге пайдалангандыктан, аны пайдалануунун түрү иштетилбей жаткан деңгээлден пайдаланууга өткөн деңгээлге өзгөрүлөт. AS-017 Болжолдонгон ЭӨЧ жолундагы пайдаланылган жердин түрүнө дың жерлер, жолдор жана айдоо аянттары кирет; мында ошондой эле жамааттык инфратүзүм жайгашкан. ЭӨЧнын болжолдуу жолу Газ шаарынын аймагынан өтөт. AS-018 Таасири тийбейт  AS-019 Таасири тийбейт  AS-020 Хайдаркан шаары ДТЧдан түндүккө карай 2 км аралыкта жайгашкан. Мында аэропорт жана калк жайгашкан конуштар болгондуктан, шаар түрүндөгү кыштакка окшошуп кетет. AS-021 Таасири тийбейт  AS-022 Таасири тийбейт  AS-023 Таасири тийбейт  AS-024 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Кызыл-Булак жамаатынын (Ош облусу, Ноокат району) аймагынан өтөт; ал жамаат башкы суу тутумуна чукул жайгашкан жана мында 2,932 адам жашайт. AS-025 Жамааттар ДТЧдан 0,5 км түштүккө карай кеткен жерде жайгашкан. Мында жер иштетүүнүн төрт негизги түрү бар: дың жерлер, айдоо аянттары, жол жана жамааттык инфратүзүм. AS-026 Болжолдонгон ЭӨЧ трассасы айыл чарба талааларына катар салынат. ДТЧ жээктерин бойлой өзөн суулар жана анча көп эмес жамааттык инфратүзүмдөр жайгашкан. AS-027 Иштетилген жердин түрлөрүнө: дың жерлер, айдоо аянттары, жол жана жамааттарды байланыштырган инфратүзүмдөр кирет. Үч-Коргон шаары (Баткен облусу) ДТЧнын түштүк-батыш тарабына карай 8 км аралыкта жайгашкан; ал кооз Исфайрам суусунун жээгинде орун алган; калкынын саны 11,000 адамдан ашкандыктан, облустагы калк жыш жайгашкан жай болуп эсептелет. Исфайрам суусун жээктей жайгашкан айылдар сугат жерлерин ушул суу менен сугарышат. Чобой айылы ДТЧдан түштүк-чыгышка карай 1,5 км жерде жайгашкан. Анда ыңгайлуу чоң жолго кошулуучу жол салаалары бар, автоунаа жолдордун бири ДТЧ аркылуу өтөт. AS-028 Аулие шаары ДТЧдан 1,3 км аралыкта жайгашкан. Мында жер иштетүүнүн үч негизги түрү бар: дың жерлер, айдоо аянттары жана жамааттык 27    инфратүзүмдөр. Чоң суу Аулие шаарын жана болжолдонгон ЭӨЧ жолун аралай агат. AS-029 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу айыл чарба багытындагы айдоо аянтынын басымдуу бөлүгүн жана жамааттарды байланыштырган инфратүзүмдү кесип өтөт. ДТЧ Ош облусундагы Абшир-Сай айылын жана Абшир-Сай суусу аркылуу кетет. Айдоо аянттары жерди пайдалануунун негизги түрү болуп саналат. AS-030 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Түштүк-Кыргыз (Ош) автоунаа жолуна жакын жайгашкан Кыргызстандын Ош облусундагы Ноокат районундагы Бел айылын аралап өтөт. Андан анча алыс эмес жерде көрүстөн бар. Жамааттык инфратүзүм Түштүк-Кыргыз автоунаа жолдорун экиге бөлгөн долбоордун таасир чөлкөмүнүн эки жээгинде жайгашкан. AS-031 Айдоо аянттары жана байланышкан жамааттык инфратүзүм ДТЧ жакын жерде жайгашкан. Ноокат шаары болжолдонгон жолунан 3 км түштүк- чыгышка кеткен жерде орун алган. Ноокат – бул Кыргызстандын түштүк- батыш бөлүгүндө жайгашкан эң жаш шаарлардын бири, анын инфратүзүмү жакшы өнүккөн, бизнес борборлор, медициналык жана мамлекеттик мекемелери бар. AS-032 Бул аймакта жамааттар жана өзөн суулар жайгашкан. ДТЧ айыл чарба айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгүн жана чоң сууларды кесип өтөт. Ош облусундагы Учбай шаары ДТЧдан 1,2 км түштүккө карай кеткен жерде жайгашкан. Ош жолу Учбай шаары аркылуу өтөт да, ДТЧ менен кесилишет. AS-033 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Акбуура өрөөнү аркылуу өтөт. Ош Акбуура өрөөнүнөн түндүк-батышты карай кеткен 4 км аралыкта жайгашкан. Ош шаары Кыргызстандагы экинчи орунда турган чоң шаар болуп саналат жана аны көбүнчө «түштүк борбору» деп атап коюшат. AS-034 Таасири тийбейт  AS-035 Таасири тийбейт  AS-036 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу М41 автоунаа жолун жана Каратай суусун кесип өтөт, ал эми Каратай шаары анча алыс эмес жерде жайгашкан. Өзөн суусу менен катарлаш анча чоң эмес жамааттар отурукташкан. AS-037 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Кайнар жамаатынын аймагы аркылуу кетет дагы, бул чөлкөмдөгү айдоо жерлерди жана жамааттык инфратүзүмдөрдү кесип өтөт. AS-038 Ленин шаары ДТЧнын ичинде жайгашкан. Болжолдонгон ЭӨЧ жолу айдоо жер аянтынын басымдуу бөлүгүн жана жамааттык инфратүзүмдөрдү басып өтөт. AS-039 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу ДТЧнын түндүк-чыгыш жагында жайгашкан Өзгөн шаарынын аймагына кирет. Өзгөн – Ош облусундагы Өзгөн районунун борбору. Аянты чакан ал шаарда базарлар, коммуналдык ишканалар жана районго жакын жайгашкан айыл чарба жаатындагычарбаларды тейлөөчү айыл чарба азыктарын кайра иштетүү ишканалар жайгашкан. Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Кара-Дарыя суусун жана айыл чарбасына таандык ири аймакты кесип өтөт. Жамааттын жашоочуларынын үйлөрү суу жайылмаларында жайгашкан. AS-040 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу айдоо аянттарын аралап дагы бир жолу Кара-Дарыя суусун кесип өтөт. AS-041 ДТЧ Жалал-Абад облусунун административдик жана экономикалык борбору болуп эсептелген Жалал-Абад шаарынын аймагы аркылуу өтөт; анын калкынын саны – 150, 000 адам. Жалал-Абад Фергана өрөөнүнүн түндүк- чыгыш бөлүгүндөгү Көгарт суусунун жээгинде жайгашкан. Айыл чарба багытындагы жерлер жана жамааттын жашоочуларынын үйлөрү Көгарт суусунун жайылмасында орун алган. AS-042 Болжолдонгон ЭӨЧ жолу Көгарт суусунун жайылмаларындагы айдоо аянттары жана жамааттык инфратүзүм менен кесилишет. AS-043 Таасири тийбейт 28    1-таблицадан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасынын аянтында курула турган электр өткөргүчү чубалгы жолу негизинен жергиликтүү калк аз жайгашкан жерлерди аралап өтөт. 425 км узундукка созулган болжолдонгон ЭӨЧ жолу 24 айыл/кыштакты кесип өтөт. CASA-1000 долбоорунун узак мөөнөткө чейинки таасири курулуш баскычындагы жерди иштетүү маалында жолдорду тосуу ж.б. сыяктуу чектөөлөрдүн натыйжасында айыл чарба иштерин жүргүзүүдө татаалдыктарды жаратып, жергиликтүү жамааттардын тургундарынын тынчын алышы ыктымал. Бирок жергиликтүү калкты көчүрүү муктаждыгын, же болбосо кеңири өлчөмдөгү жерге ээлик кылуу мүмкүнчүлүгү менен салыштырганда, долбоордун жалпы социалдык таасири анчалык чоң мааниге ээ эмес. 2.2.3 СОЦИАЛДЫК ТААСИРДИ БААЛОО Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоордун таасир чөлкөмүнүн (ДТЧ) алкагындагы жамааттардын жашоочуларына CASA-1000 долбоорунун таасири эң төмөн деңгээлде болоору күтүлүүдө. Долбоордун жалпы таасири төмөнкүдөй болмокчу: а) Жерди алуу а) Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жерди узак мөөнөткө алуу муктаждыгы болбойт, анткени, электр өткөргүчү чубалгысы тегерете тосулган тирөөчтөр айыл чарба жумуштары менен алектенүүгө тоскоолдук кылбайт. Курулуш шаарчаларын куруу үчүн жалдануучу уюмдарга 2,500 м2 жер аянты керектелет. Үйлөрдү көчүрүү үчүн жер алуу зарылдыгы пайда болушу ыктымал, бирок болжолдонгон ЭӨЧ жолунун борбордук/негизги сызыгы биротоло аныкталмайынча, канча үйгө долбоордун таасири тиери белгисиз. Төмөнкү максаттарды ишке ашыруу үчүн жерди убактылуу пайдаланууга алуу зарылдыгы бар:  Жалдануучу уюмдар үчүн курулуш шаарчаларын куруу жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоо, мисалы, кампалар, устаканалар, жабдууларды ж.б. жайгаштыруу жана жууп-тазалоо үчүн керектелүчү жер тилкелери ж.б.;  Жүктөрдү ташуу ж.б. жумуштар үчүн чоң жолго кошулуучу жол салааларын куруу (бул максаттарга жерди убактылуу алып пайдаланганда, келечекте анын түшүмдүүлүгүнө залалы тийиши мүмкүн);  Үй лагерлерин куруу. Айлана чөйрөнү коргоо жана Социалдык камсыздоо иш- чараларынын планында (АКСКИП) жана Жерлерди сатып алуу жана калкты көчүрүү планында (ЖСККП) баяндалгандай, долбоордун жагымсыз таасирин сыпаттоо боюнча сунушталган иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу жерди убактылуу пайдалануунун терс таасирин азайтууга болот. (Тиркемени караңыз). б) Жамааттык инфратүзүм Сунуш кылынган долбоордун курулуш баскычында бөтөн аймак аркылуу ЭӨЧны алып өтүү укугуна ээлик кылуу мүмкүнчүлүгү колдонулуп жаткан инфратүзүмгө зыян келтирилиши ыктымал. Колдонулуп жаткан инфратүзүм объектилерине долбоордун ыктымал таасири төмөнкүдөй:  б) Жол кесилиштери: электр өткөргүч чубалгысын орноштуруу учурунда автоунаа кыймылына утурумдук тоскоолдуктар жаралышы күтүлөт. Бирок 29    курулуш иштерин аткаруунун тийиштүү эрежелерин жана ченемдерин сактаганда жана жол кыймылын жөнгө салганда, бул долбоорду ишке ашыруу мезгилде жолго же жол кыймылына эч кандай таасири деле тийбейт;  Электр өткөргүчү чубалгысы: долбоордун таасир чөлкөмү колдонулуп жаткан ЭӨЧ кесилиштерин өзүнө камтыбайт. Курулуштун тийиштүү ыкмалары жана төмөндө келтирилген жагымсыз таасирлерди азайтуу боюнча көрүлгөн чаралар курулуштун жүрүшүндө пайда болуучу кандайдыр бир орчундуу таасирлерди дээрлик жок кылууга жардам бермекчи. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде колдонулуп жаткан электр өткөргүчү чубалгысына орчундуу таасир этиши күтүлбөйт. Электр мамылары сыяктуу кээ бир коомдук инфратүзүм объектилери болжолдонгон ЭӨЧны куруунун жүрүшүндө көчүрүлүшү мүмкүн, бирок мындай көрүнүштөр эң эле сейрек болмокчу. Белгилүү бир социалдык инфратүзүм объектилерин көчүрүү зарылдыгы жөнүндө акыркы чечим тартылган жолдун жана ЭӨЧ зым карагайларынын борбордук/негизги сызыгын кайда жайгаштыруу керек экендигин тактагандан кийин гана долбоорду түзүүнүн акыркы этабында кабыл алынат. в) Айыл чарба өсүмдүктөрү жана бак-дарактар Долбоордун курулуш этабында электр берүү чубалгыларын жайгаштыруу үчүн тартылган зым карагайлардын тирөөчүнүн фундаментин куруунун натыйжасында айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана бак-дарактарга зыян келтирилиши мүмкүн. Бирок тийе турган зыяндын деңгээли ЭБЧ зым карагайларынын борбордук/негизги сызыгы жайгашкан жерге жараша жана ошондой эле курулуш иштери жүрө турган учур жылдын кайсы мезгилине туш келгендигинен да көз каранды болот. г) Ден соолук жана коопсуздук Курулуш маалында пайда болуучу курулуш калдыктары жумушчулардын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши ыктымал. Күтүлүүчү жагымсыз таасирлерди азайтуу боюнча чараларды колдонуунун жана курулуш мезгилинде коопсуздукту сактоонун натыйжасында адамдардын ден соолугуна зыян келтире турган эч кандай коркунучтуу жагдайлар пайда болбойт. д) Долбоорго камтылган аймакта калктын жайгашуусу Долбоордун таасир чөлкөмүндө (ДТЧ) калк жыш жайгашкан эмес, андыктан долбоорду ишке ашырууга тартылган жумушчу күч менен жергиликтүү калк сейрек байланышат. Жергиликтүү калк ДТЧда жашабайт, б.а. жолду текшилөө жана ЭБЧ зым карагайларын орнотуу иштеринин жүрүшүндө калк жашаган жерлерге долбоордун таасири тийбейт. Жергиликтүү жамааттар менен долбоордун жумушчуларынын байланыштарына тиешелүү маселелер салыштырмалуу түрдө ийкемдүү жөнгө салынышы керек. Байланыш деңгээли жана долбоордун ыктымал таасири курулуш жүрүп жаткан мезгилде жергиликтүү жамааттарга жана жумушчуларга канчалык деңгээлде тийгендигинин натыйжасы ЭБЧ зым карагайларынын борбордук/негизги сызыгы жайгашкан жер биротоло аныкталгандан кийин гана бааланат. е) Киреше булактары Жергиликтүү жашоочулар жалданма жумуштарга иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат; долбоор тарабынан мүмкүн болушунча жергиликтүү товарлар жана тейлөө кызматтары 30    пайдаланылат, андыктан долбоор жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушуна жана кирешесинин көбөйүшүнө оң таасир этет деп күтүүгө болот. 2.3 СОЦИАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА ИШ ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 2.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча чаралар Жогоруда белгиленгендей, долбоордун өзүнүн социалдык таасири анча чоң болбойт: жерди узак мөөнөткө пайдаланууга алуунун зарылдыгы жок же пайдаланууга алса да, аз гана өлчөмдө алынат; жер пайдаланууга убактылуу гана негизде алышат; курулуш жүрүп жаткан мезгилде инфратүзүмдөрдү (мисалы, жол, электр берүү чубалгысы) пайдалануу тартиби убактылуу бузулушу ыктымал; кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрү курулуш жүрүп жаткан мезгилде зыян тартып калышы күтүлөт. Долбоордун жалпы социалдык таасири анча чоң эмес жана убактылуу болушу мүмкүн. Андыктан долбоорду ишке ашыруу мезгилинде келип чыгышы ыктымал жагымсыз таасирлерди азайтуу максатында төмөндөгү чараларды көрсө болот: а) Долбоорлоо баскычы  Кыргыз Республикасынын аймагында курула турган электр өткөргүч чубалгы жолун текшилөө иштерин долбоордун таасир чөлкөмүнө чукул жайгашкан калктуу чөлкөмдөргө зыяны тийбегидей кылып жүргүзүү керек;  Долбоорго камтылган чөлкөмдөрдүн жашоочулары үчүн обочо болуу маанилүү маселе болуп жаткан соң, курула турган ЭБЧ жолун текшилөө боюнча акыркы вариантка токтолоордо жергиликтүү калктын активдүүлүгүн жана каада- салттарын эске алуу зарыл;  Бак-дарактардын бул чөлкөмдө жашап жаткан элдин турмушунда мааниси зор экендигин эске алуу менен ЭБЧ жолун бак-дарактарга зыян келтирбегидей шартта курууга болот;  Электр өткөргүч чубалгы жолун мектеп жана калк жайгашкан аймактардан айлантып өткөрүүгө болот;  Адамдарды/жабдууларды көчүрбөй туруп, электр өткөргүч чубалгы жолдорунун жана иштеп жаткан капиталдык жабдуулардын ортосундагы аралыкты мүмкүн болушунча алысыраак жайгаштыруу үчүн күч жумшоо талап кылынат. б) Курулушту баштоо алдында аткарыла турган иштер  Жалдануучу жерди ээлеп алаар алдында тийиштүү жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп бериш керек;  Көчүрүү же жабдууларды бузуу зарылчылыгы бар болсо, долбоорду ишке ашыраар алдында канча төлөө керектигин чечип алган соң, тиешелүү компенсацияны төлөп берүү зарыл;  Айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана айдоо аянттарга бирдей жол-жоболорду колдонуу талап кылынат. в) Курулуш этабы  Жергиликтүү калк менен чыр-чатактар/талаш-тартыштар болбошу үчүн долбоордун жана жалдануучунун кызматкерлери жана ошондой эле алардын ишмердиги аларга бөлүнүп берилген курулуш аймагынан сырткары чыкпашы керек; 31     Жалдануучу материалдарды өзүнө тиешелүү аймактын ичинде гана пайдаланууга көз салуусу зарыл;  Жумушчуларга тиешелүү жүрүм-турум эрежелерин иштеп чыгып, алар алардын сакталышына көз салуу керек;  Ызы-чууну басаңдатуу жана абаны чаңдатпоо максатында атайын чараларды көрүү зарыл;  Жалдануучу жергиликтүү каада-салттарды, эрежелерди урматтоо менен сактоого милдеттүү;  Жалдануучу жергиликтүү аялдарга урмат сый менен мамиле жасап, аларга ыңгайсыздык жаратпашы керек. 2.3.2 Социалдык камсыздоо жаатындагы иш чаралардын толук камтуучу планынын маанилүүлүгү Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча жогоруда белгиленген чаралар, анын таасирин басаңдатууга, башкача айтканда чөлкөмдөгү жамааттарга тийген социалдык таасирин баалоого мүмкүндүк берет. Ошондой болсо да социалдык камсыздоо жаатындагы иш-чаралардын толук камтуучу планын иш жүзүнө ашырууда кененирээк ыкмаларды колдонуу керек. Мунун төмөндөгүдөй жүйөлөрү бар: Биринчиден, долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттарда жашоочулар электр берүү чубалгысы алардын жанынан өтүп жаткандыгына карабай, жогорку вольтто болгондугуна байланыштуу электр энергиясын түз ала алышпайт. Жогоруда белгиленгендей, электр энергиясы менен камсыздаган ишенимдүү булагынын жоктугу айрыкча, кыш айларында региондогу эң көйгөйлүү маселе болуп саналат. Жогорку вольттогу электр берүү чубалгысынан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай калган жергиликтүү тургундар нааразы болушу ыктымал. Экинчиден, долбоордун терс таасирлери канчалык деңгээлде азайбасын, бул кырдаал ЭБЧ жолунун боюнда жайгашкан жамааттарга тескери таасир этүүсү мүмкүн. Мындай шартта алардан алыс жашаган, курула турган электр берүү чубалгысынын натыйжасында эч кандай зыян тартпаган адамдар эле (Ооганстан жана Пакистан) долбоорду ишке ашыруудан пайда көрүп калышат. Натыйжада долбоордун таасир чөлкөмүндө жашап (ыңгайсыздыктарга кабылып) туруп, курулуп жаткан ЭБЧ жолунан пайда көрө албай жаткандар менен ЭБЧ курулушу чоң пайда алып келген коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн ортосунда акыйкаттыкты талап кылган талаш- тартыштар келип чыгат. Эгерде теңчиликти жана акыйкаттыкты камсыздаган чечимди кабыл алуу үчүн чаралар көрүлбөсө, анда жергиликтүү калктын көңүлүн кайт кылып, нааразылыктарды жаратат, мындай кырдаал өз кезегинде долбоорду ишке ашырууга жана акыр аягында ЭБЧ жолун иштетүүгө таасири тийип калышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, долбоор көмүскө сактаган максаты бар үчүнчү бир тараптардын кызыкчылыгына айланып кетпеш үчүн долбоорго ээлик кылуу укугун жергиликтүү жамааттардын жашоочуларына берүүнүн мааниси өтө зор. Мына ушул жүйөлүү далилдердин баарын эске алуу менен, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга жергиликтүү жамааттар кызыкдар болушу үчүн аларга пайда алып келүүчү шарттарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. 2.3.3 Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттарда жашоочулардын маалыматтуулугу жана пикири 32    Кыргыз Республикасынын үч облусунун таасир чөлкөмүн бойлото жайгашкан жамааттардын жашоочуларын изилдөөнүн жүрүшүндө кеп-кеңештер (фокус- топтордогу талкуулар) жүргүзүлдү. Топтордогу талкууларга эркектер сыяктуу эле жамааттардын мүчөсү болгон аялдар да катышты. Жамааттардын жашоочулары менен жүргүзүлгөн аңгемелешүүлөрдүн жыйынтыгында жергиликтүү калктын CASA-1000 долбоору тууралуу эч кандай маалыматы жок экендиги аныкталды, бирок долбоордун максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат алышкан жамааттардын жашоочулары долбоордон өздөрүнүн күткөн мүдөө-талаптарын так белгилеп беришти. Жамааттардын жашоочулары үчүн өзгөчө маанилүү маселе – бул кыш мезгилинде электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап берилиши. Жашоочулар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип турушун каалашарын айтышты. Алардын дагы бир көйгөйү – таза сууну камсыздоочу жана ирригациялык тутумдун жоктугу. Жашоочулар ирригациялык тутумду калыбына келтирип куруп берүүсүн суранышты. Жамаат жашоочулары айылдардагы жолдорду ремонттоо жана калыбына келтирүү, жумуш менен камсыздоо, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын кошуп, тейлөө кызматын жакшыртуу сыяктуу муктаждыктарын айтышты. Акырында жамааттардын жашоочулары долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү жумушчу күчүн пайдалануу керектигин баса белгилешти. Жамааттардын мүчөлөрү долбоорду ишке ашыруу үчүн салым кошууга канчалык даяр экендигин сурашты. Алардын баары акчага караганда күч жумшоо же товар түрүндө болсо да долбоорду ишке ашырууга кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти. Жамааттардын жашоочулары мындай иштерди айылдын эли биригип чогуу-чаран ашар жолу менен аткара турган салт жөнүндө айтышты. 2.3.4 Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катыштыруу концепциясынын негизги максаты CASA-1000 долбоорун менчиктөө укугун чөлкөмдө жашоочуларга ыйгарып, долбоордун курулушунда жана аны ишке кийирүүдө келечекте пайда болуучу тобокелдикти четтетүү болуп саналат. Муну эске алганда, жамааттар үчүн бул долбоор алып келе турган кирешеге үлүшкөр болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жогоруда белгиленгендей, жергиликтүү жамааттардын жашоочулары электр берүү чубалгысы жогорку вольттуу болгондугуна байланыштуу электр энергиясын түз ала алышпайт. Ошондой болсо да долбоор жергиликтүү калкка пайда алып келе турган өнүгүү тармагындагы башка бир иш-чараларды жүзөгө ашыра алат. Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттарда жашаган калк менен маектешүү учурунда төмөнкү негизги муктаждыктары аныкталган:  Электр жарыгы менен камсыздоону жакшыртуу, айрыкча кыш айларында;  Жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу жакырчылыкты кыскартуу;  Таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана ирригациялык тутумду калыбына келтирүү;  Негизги тейлөө кызматтарын (айрыкча, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын) жеткиликтүү кылып, сапатын жакшыртуу. Электр энергиясы менен камсыздоодон сырткары жамааттардын жашоочуларынын дагы башка маанилүү көйгөйлөрүн/муктаждыктарын чечүү зарыл, анткени электрдин, азык-түлүктүн, суунун жетиштүү камсыздалбагандыгы сыяктуу факторлор экономикалык өнүгүү деңгээлинин төмөндүгүнүн себеби болуп саналат. Электр 33    энергиясына байланышкан маселени чечүү менен чектелгенде, өнүгүүгө тоскоол болгон азык-түлүктөр жана суу менен камсыздоо жана башка башка негизги тейлөө кызматына байланышкан маанилүү көйгөйлөр чечилбеген бойдон кала берет. Ошого байланыштуу өнүгүү тармагындагы олуттуу бардык маселелерди чечүү үчүн комплекстүү ыкмаларды пайдалануу зарыл. Жамааттар менен аңгемелешүүлөр жогоруда саналып өткөн көйгөйлөрдү чечүүнүн өз- өзүнчө бир нече варианттарын табууга мүмкүнчүлүк түздү. Алардын баары төмөндө кыскача көрсөтүлөт (Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча отчетто толук маалымат берилген). а) Суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чаралар Жергиликтүү жамааттарда жашоочуларды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоонун бир жолу катары жылытуучу (дизелдик) генераторлорду сунуштоого болот. Долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттарда жашаган калктын чар жайыт жайгашкандыгына байланыштуу бардык калк жашаган жайларды бирдиктүү энерготутумга бириктирүү аракетине караганда бул вариант бир кыйла ыңгайлуу болмок. Бирок бардык инвестициялык каражаттарды, ишке ашырууга жумшалчу чыгымдарды жана ремонттук-техникалык тейлөө кызматынын татаалдыгын эске алганда, генераторлорду орнотуу ишке ашпай турган вариант болуп эсептелет. Чатырларда орнотулган күн энергетикасын чыгаруучу жабдуулардын (электр сүрөттөрдүн негизинде жасалган жыгач тилкелер) жардамы менен алынган күн энергиясы энерготутамдарга кошулуусу жок эле электр энергиясын камсыздоонун туруктуу бир жолу боло алат. Генераторлорго зарыл болгон күйүүчү майлардын баасынын өсүп жаткандыгын эске алганда, ага салыштырмалуу күндүн энергетикасын алуучу жабдуулардын баасы ыкчам түшүүдө, анткени бул техника күнүмдүк турмушта улам кеңири пайдаланылууда жана дайыма өнүгүп турууда. Кыргыз Республикасында долбоордун таасир чөлкөмүндөгү жамааттардагы бардык үй чарбаларды камсыздоого байланышкан чыгымдардын көлөмү мурдагыдай эле чоң: болжол менен 12,75 млн АКШ доллары. Альтернативдүү жолдорунун бири - бул жабдуулар менен колдоого муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөрдү камсыздоо же аларды кээ бир гана айыл- кыштактарга орноштуруу: эки вариант тең CASA-1000 долбоорун зарыл болгон жергиликтүү калктын жеке менчигине өткөрүү укугу менен камсыздай албайт. Үчүнчү вариантта мектептер жана айылдагы медициналык жайлар сыяктуу маанилүү очокторду күн энергиясын алуучу жабдуулар менен жабдуу каралган. Бул ыкма чөлкөмдөгү жамааттардын жашоочуларынын бардыгына (тике жана кыйыр түрүндө) пайда алып келет да, долбоорду жергиликтүү калктын менчигине айлантууга шарт түзөт. Аны ишке ашыруунун баасы (Кыргыз Республикасы үчүн болжол менен 0,5 млн АКШ доллары) бир топ арзан жана колдонууга алгылыктуу. Күндөн жылуулук алгандан башка дагы күн энергиясын суу ысытуу жана жылытуу тутумунда пайдаланса болот. Бул шаймандарды орнотуу үчүн зарыл жабдуулардын саны (мисалы, күн коллектору, түтүктөр, резервуар-сактагычтар) көбүрөөк болуп калышы мүмкүн, андан тышкары, тийиштүү шаймандарды орнотуу үчүн терең тажрыйба жана тиешелүү квалификация талап кылынат. Күндөн жылуулук алуу сыяктуу эле суу ысытуу/жылытуу системасын мектеп, оорукана сыяктуу коомдук мекемелер үчүн гана орнотуу ылайыктуу ыкма болуп саналат. Кыргыз Республикасында бул ыкманы ишке ашыруунун эсептик баасы 0.6 млн АКШ долларын түзөт. Кошумча пайда алып келген артыкчылыгы – бул аркылуу жамааттарда 34    жашоочулар үчүн жаңы жумушчу орундары түзүлөт, жергиликтүү товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен ошол жердин тургундарынын кирешеси арттырылат. Шамалдын, геотермалдуу ресурстардын жана биомассалардын жардамы менен иштетилген электр энергиясынын потенциалы жакшы болсо да, Кыргыз Республикасында ишке ашпай турган вариант болуп эсептелет. «Альтернативалуу энергиянын» оңоюраак ишке аша турган жана ыңгайлуу жолу – тоолуу айыл аймактарындагы чакан гидроэлектростанциялардын негизинде энергокамсыздоо тутумун орноштуруу. Бирок бул ыкманын да кемчиликтери бар: арыктагы суулардын деңгээли жыл мезгилине көз каранды экени маалым, электр энергиясына муктаждык эң жогору болгон кыш айларында суунун деңгээли азайып кетет. Долбоордун таасир чөлкөмүндө электр энергиясын иштетүүчү чакан гидроэлектр станциясын пайдалануу үчүн дагы башка ылайыктуу ыкмаларды табуу үчүн кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. б) Жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар Долбоордун айлана-чөйрөгө таасиринин «социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү» бөлүмүндө белгиленгендей, өнүгүү деңгээли эң төмөн да, жаңырчылык деңгээли аябай жогору, ал эми тиричилик кылууга каражат булагы чектелүү болгондуктан, элдин көбү Россия Федерациясына жумуш издеп кетүүдө. Аялдардын абалы айрыкча оор, анткени алардын көбүнүн чоңураак киреше табууга жогорку билими жана тажрыйбалары жок болгондуктан, мүмкүнчүлүктөрү ансыз да чектелүү. Үй чарбаларын изилдөө жөнүндөгү отчетто бул маселелерди чечүү үчүн сунушталган чараларда аялдар үчүн кесиптик даярдоо борборлорун түзүү зарылдыгы айтылган. Ал борборлордо аялдарды бухгалтердик эсепке, тикмечиликке, компьютердик көнүгүүлөргө, чакан бизнести башкаруу ж.б. окутуп-үйрөтүүдөн тышкары, даярдыктан өткөндөргө жумуш табуу жагынан жардам берилет. Бул борборлор ошондой эле эң жакыр жашаган аялдардын кирешесин арттырууга негизги өндүрүш фондун сунуштап, аялдардын өздөрүнүн укуктары тууралуу жалпы маалымат деңгээлин жогорулатат. Ушуга окшогон демилгелер (потенциалдуу) эмгек мигранттары үчүн да сунушталат. Кесиптик даярдоо борборлорунда эмгек мигранттары үчүн мисалы, кыш кыноо, штукатура, маляр, жыгач усталык, ширетүүчү ж.б. жумуштарга үйрөтүүчү практикалык окутуулар уюштурулат. Мындай окутуулар эмгек мигранттарына көбүрөөк акы төлөнүүчү жумуш табууга жардам берет. Борборлордо эмгек мигранттар эмгек миграциясына байланыштуу маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдар, эмгек мигранттарынын укуктары, маселен, медициналык жардам жана башка социалдык жеңилдиктер жөнүндө маалымат алышат. Үчүнчү сунуш – долбоордун таасир чөлкөмүндө жашаган жамааттардын жашоосу агрардык – мал чарбачылыгына тыгыз байланыштуу экендигин эске алып, айыл чарба продукциясынын негизинде азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүүгө, маселен, чакан эт, сүт комбинаттарын жана цехтерин уюштурса болот. Бул демилгелер ишке ашырылса, жергиликтүү өндүрүшчүлөр эт, жашылча-жемиш, пахта жана сүт өндүрүү менен кирешелерин көбөйтө алышат. Жергиликтүү тургундарга жумушчу орундар камсыздалат, натыйжада жергиликтүү экономика өнүгөт. в) Cуу менен камсыз кылуу тармагындагы инфрачөйрө долбоорлору 35    Коопсуз таза суунун жоктугу долбоордун таасирине кабылган жамааттардын тургундарынын ден соолугу үчүн негизги көйгөй катары каралса, ал эми сугат тутумунун жоктугу айыл чарбасында иштөөгө кедерги болот. Таза суу маселесин түтүктүү кудуктарды казуу боюнча жамааттык программаларды жүзөгө ашыруу аркылуу чечсе болот. Тажикстанда максаты айыл элине таза суу берүү болгон ушул сыяктуу долбоорлор бейөкмөт уюмдар (БӨУ) тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган. Айыл чарбасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн (пахта өстүрүү жана малды көбөйтүү) суу менен камсыздоочу тутумдарды калыбына келтирсе же жакшыртса болот. Кыргыз Республикасындагы долбоордун таасир чөлкөмүндөгү 16 суу менен камсыздоочу тутумду калыбына келтирүүчү иштердин жалпы эсеп наркы 0.95 АКШ долларын түзүп, болжол менен 32,500 кишиге пайда алып келет. г) Социалдык камсыздоо тармагындагы негизги кызматтардын ишенимдүү жеткиликтүүлүгү Негизги кызматтардын – анын ичинде саламаттыкты сактоо менен билим берүү тармактарынын – жеткиликтүүлүгү жана алардын сапаты долбоордун таасир чөлкөмдөрүндө өтө чектелген. Жогоруда сунуш кылынгандай, жакшыртуу шарттарынын бири коомдук мекемелерди жылуулук жана жылуу суу менен камсыз кылуу үчүн күн электр орнотмолору менен күн орнотмолорун берүү болушу мүмкүн. Шарттарды жакшыртуунун башка салыштырмалуу жөнөкөй жана аз чыгымдуу жолу айылдык эмканалар менен мектептерди жылуулоо болуп эсептелет. Мындай долбоорлор БӨУлар тарабынан (Кыргыз Республикасында UNISON тарабынан) ийгиликтүү ишке ашкан. Кыргыз Республикасындагы айылдык 24 мектеп менен 24 эмкананы жылуулоо менен байланышкан иштерди аткаруунун эсептик наркы 0.6 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоорду жүзөгө ашыруудан түшүүчү пайдага жамааттардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатындагы жамааттарды иликтөө тууралуу отчетто дагы жалпы тескөө менен медициналык жана билим берүү жаатындагы тейлөөлөрдү жакшыртуу боюнча бир канча сунуштар берилген, мисалы, балдарды окутууда жаңычыл, пайдалуу жана жеңил ыктарды колдонуу үчүн мугалимдерди даярдоо тутумун тыкыр кайра кароо; кесиптик даярдоо тутумун эмгек рыногунун керектөөлөрү менен айкалыштыруу. 2.3.5 Жамааттардын долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга катышуусун камсыздоонун институционалдык чаралары Белгилей кетчү нерсе, жогоруда баяндалган иш-чаралар али толук иштелип чыкпаган сунуштардын тизмеси болуп саналат. Бул долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуу мүмкүнчүлүгү жолдорун талкуулоо үчүн жергиликтүү жамааттар жана башка кызыкдар тараптар менен кошумча кеңешүүлөрдү жүргүзгөндөн жана ЭӨЧ трассасынын өтө турган жерин биротоло аныктагандан кийин аткарылат. Ошол эле учурда долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусу менен байланышкан сунуштарды орундоо үчүн натыйжалуу институционалдык чараларды иштеп чыгуу өтө маңыздуу. Алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 36     Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусу менен байланышкан пландарды орундоого негиз салуу үчүн укуктук негизди иштеп чыгып, так укуктук мандатты берүү;  Операциялык чыгымдарды кыскартуу жана натыйжалуулукту арттыруу үчүн пайданы өткөрүп берүүнүн туруктуу улуттук каналдарын түзүү же институционалдык чараларды иштеп чыгуу;  Тийиштүү институционалдык чараларды иштеп чыгуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен кеңешүүлөрдү жүргүзүү;  Акча каражаттарын натыйжасыз колдонуудан жана мыйзамыз ээлеп алуудан коргоонун таасирдүү механизмин иштеп чыгуу жана жайылтуу;  Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына долбоорду пландоо жана жүзөгө ашыруу тармагында зарыл дареметин арттыруу үчүн көмөк көрсөтүү;  Ачык-айкындыкты жана тийиштүү тескөөнү камсыз кылуу үчүн үчүнчү тараптын мониторинг жүргүзүүсүн ишке ашыруу;  Долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусун камсыз кылуучу механизмдерди ийгиликтүү жайылтууга көмөк көрсөтө алган жергиликтүү уюмдарды жана билимдер менен маалымат алмашууну колдонуу аркылуу дареметти арттыруу тармагында жарандык коомдун уюмдары, БӨУлар жана башка уюмдар менен өнөктөштүк тажрыйбасын натыйжалуу пайдалануу;  Пайда алууга жамааттардын катышуусуна түрткү болуучу механизмдерди улуттук стратегиялар, анын ичинде жакырчылыкты азайтуу стратегиясы менен макулдаштыруу, бул саясый колдоого ээ болууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, аталган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун көлөмүн кеңейтүүгө да өбөлгө түзөт. Үй чарбаларын иликтөө жөнүндөгү толук отчетто бардык институционалдык чаралар майда-чүйдөсүнө чейин сыпатталган. Төмөнкү эки жагдайды өзгөчө белгилей кетүү шарт: биринчиси, жергиликтүү коомдоштуктарды алардын өкүлчүлүктөрү аркылуу же түздөн-түз өздөрүн чечим кабыл алуу процессине да, долбоорду жүзөгө ашыруу процессине да катыштыруу зарыл; экинчиси, долбоор тууралуу маалыматты (айрыкча долбоорду жүзөгө ашыруудан пайда алууга жамааттардын катышуусуна мүмкүнчүлүк берүүчү) элге жайылтуунун маанилүүлүгү. 3. ТАЖИКСТАН 3.1 СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК АБАЛЫ 3.1.1 Өлкөдөгү жагдай Тажикстан түндүктө Кыргыз Республикасы, батышта Өзбекстан, түштүктө Ооганстан, чыгышта Кытай менен чектешет; Пакистандын Хайбер-Пахтунхва жана Гилгит- Балтистан провинцияларынан аны кууш Вахан коридору бөлүп турат. Өлкөнүн деңизге чыгуучу жолу жок, анын көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт; бул Борбордук Азиядагы эң кичине жана жакыр өлкө. 7,3 миллион калктын көпчүлүк бөлүгүн тажиктер түзөт. Советтер Союзу тарагандан кийин 1991-жылы эгемендик алган Тажикстан беш жылдык бүлгүнгө учуратуучу согушту башынан кечирди. Ошондон бери сакталып келе жаткан саясый туруктуулук жана тыштан көрсөтүлгөн жардам көп жагынан экономиканын өнүгүшүнө түрткү болду. a) Саясый тутуму 37    Тажикстан башында президент (премьер-министр менен министрлер кеңешин дайындаган) турган жана эки палаталуу (өкүлдөрдүн Жогорку жана Төмөнкү палатасы) мыйзам чыгаруучу органы бар расмий республика болуп саналат. Өлкө бир нече административдик облустар: Согд, Хатлон, республикага түз баш ийген райондор (мурдагы Каратегин өрөөнү), Толуу-Бадахшан автономиялуу облусунан жана республиканын борбору болгон Душанбе шаарынан турат. Ар бир облус райондорго бөлүнүп, өз кезегинде райондор өзүн-өзү башкаруу органдарына (жамааттарга) жана калктуу конуштарга (кишлактарга) бөлүнөт. 2006-жылдагы маалымат боюнча Тажикстанда 58 район жана 367 жамаат болгон. Тажикстан 1991-жылы Советтер Союзу кыйрагандан кийин көз карандысыздык алды. Өлкө ошол замат ар кайсы фракциялардын ортосундагы (айрым маалыматтарга караганда Россия менен Иран колдогон) жарандык согушка кабылды. Жалпы саны 400 000 болгон этникалык орустардан өлкөдө 25 000 миң калды; 100 000 жакын киши согуштун жүрүшүндө каза болуп, 1.2 миллион киши өз үйлөрүн таштап кетти. Согуш отун токтотууга 1995-жылы жетишилип, 1997-жылы тынч шайлоо болуп өттү. Формалдуу түрдө демократиялык мамлекет, Тажикстан Эмомали Рахмон жетектеген бир партия – Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясы тарабынан башкарылат; ал 1994-жылдан бери ушул кызмат ордунан түшпөй келет. Акыркы жылдардагы экстремисттик тортордун кол салуулары өлкөнүн чыгышында ислам милитаризминин көтөрүлгөндүгү айгинелеп, тынчсызданууну жаратат. б) Экономикасы Бүгүн Тажикстан Борбордук Азиядагы (мурдагы советтик республикалардын ичинен да) эң жакыр өлкө болуп саналат; мында жан башына эсептелген ИДПнын деңгээли эң төмөн. Борбордук Азиянын көп өлкөлөрү Советтер Союзунун кыйрагандыгынан жана өткөөл мезгилдин айынан көп экономикалык кыйынчылыктарга тушугушту, бирок Тажикстандагы бул кыйынчылыктарды эгемендик алгандан кийин тутанган беш жылдык жарандык согуш ого бетер оорлотту. Соңку саясый туруктуулук экономиканын натыйжалуулугун камсыз кылды: негизинен пахта жана алюминийди экспорттоонун жана тажик жумушчу мигранттардын которгон акчаларынын эсебинен 2000-2008-жылдары ИДПнын жылдык өсүүсү 9% түзгөн. Бирок андан бери Тажикстандын кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү макроэкономикалык өсүшү кыйла начарлап кетти жана ИДПнын жай өсүшүн, инфляциянын жогорку деңгээлин энергетиканын жана суунун туруксуздугун эске алганда али да болсо ишенимсиз бойдон калууда. Тажикстан экспорттон түшкөн кирешеге, акча которуунун агымынын азайышына жана чет элдик каржы каражаттарынын түшүшүнө олуттуу таасир эткен 2008-жылкы дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттерин жон териси менен толук сезди. Экономиканын өсүшүнө бут тосуучу башка факторлорго деңиз портторуна чыгуучу жолдун жоктугу, жер аянтынын басымдуу бөлүгүн тоолор түзөрү, түзүмдүк реформаларды жүзөгө ашыруудагы мүчүлүштүктөр, башкаруунун чабалдыгы, коррупция жана ири көлөмдөгү тышкы карыздын оорлугу түзөт. 2010-жылы ИДПнын өсүшү 6.5 пайызды түздү. Өлкө калкынын төрттөн үч бөлүгү айыл жеринде жашагандыктан, айыл чарбасы экономиканын эң ири тармактарынын бири болуп саналат. Бирок 7 пайыз жер гана иштетүүгө жарамдуу. Эң маанилүү айыл чарба өсүмдүгү пахта болуп эсептелет; аны өндүрүү кылдаттык менен байкоого алынып, көбүнесе өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөт. 2007-жылы пахта өндүрүү тармагындагы инвесторлого Тажикстандын Улуттук банкы 38    тарабынан мыйзамсыз ссуданын берилиши ЭВФны Тажикстанда өз программасын жабууга аргасыз кылды. Учурда даярдалып жаткан реформага ылайык жарым миллиард доллардан ашык сумманы түзгөн фермерлердин карызы кечилет, МВФ жардам көрсөтүүсүн кайра улантат. Жалпысынан, жердин жетишсиздигинен, инфратүзүмдүн (сугат тутумунун да) жоктугунан жана мамлекеттик үрөн чарбасы менен мал чарбасынын чабалдыгынан айыл чарба өндүрүшү аксап жатат. Мунун айынан Тажикстан өзүнө керектүү бардык азык-түлүктү өндүрө албайт жана көбүнесе тыштан кирген азык-түлүктөргө үмүт артат. Натыйжада, калктын айрым бөлүгү (айрыкча аялуу бөлүгү) зарыл азык-түлүктү ала албайт. 2011-жылы азык-түлүк менен күйүүчү майга болгон баа 2002-жылдан бери эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү; бул бир тараптан Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн темир жолдон ташып келүүнүн тарифи көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу болду. Тажикстанга азык-түлүктүн 60 пайызы тыштан келсе, анын 90 пайызы темир жол аркылуу өтөт. 2011-жылдын аягында Өзбекстан Тажикстанга кирүүчү темир жолдорунун бир салаасын жаап салгандыктан, бул өлкөнүн түштүк бөлүгүнө ташылып келүүчү жана чыгуучу товарларга бөгөт болду.12 Тажикстандын өнөр жай тармагы да ошол эле себептерден өксүп жатат. Өнөр жай тармагы негизинен ири алюминий заводунан, гидроэнергетикалык курулмалардан, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына таандык анча чоң эмес эскирген фабрикалардан турат. Өлкөнүн табигый ресурстары өзүнө күмүш, алтын, уран жана вольфрамды камтыйт. Кыргыз Республикасындагыдай эле (алтүгүл андан да көбүрөөк) Тажикстандын экономикасы көп жагынан мигранттардын которгон акчасынан көз каранды. Тажикстанда жумуш орундарынын жоктугунан бир миллиондон ашуун тажиктер чет өлкөлөрдө иштейт. Алардын дээрлик бардыгы Россияда жүрүшөт. 2011- жылы которулган акча 2.96 миллион АКШ долларын түзгөн, бул ИДПнын 45 пайызына барабар. Эмгек миграциясы негизинен мезгилдүү жана убактылуу мүнөзгө ээ, анткени Тажикстанда үй-бүлөлүк байланыштар өтө бекем, бирок акыркы жылдарда чет өлкөдө көп жылга калып жаткандардын саны көбөйүүдө. Тажикстанда энергетикалык кризис али да сакталып келе жатат, айрыкча кыш мезгилдеринде. Алынган маалыматтарга ылайык, 1 миллиондон ашуун киши (негизинен айыл жериндегилер) электр кубатынан пайдалана алышпайт же чектөө менен пайдаланышат. Тажикстан тыштан кирүүчү ишенимтүү электр энергиясына көз каранды болгондуктан, айыл райондору кыш мезгилинде болгону 4 сааттан 8 саатка чейин электр тогун ала алышат. Электр энергиясы менен камсыздоонун туруксуздугу ишкердиктин өнүгүшүнө бөгөт болот жана олуттуу экологиялык терс натыйжаларга алып келет (мисалы, токойлордун кыйылышы, кыртыштын жакырданышы, суунун жетишсиздиги жана азык-түлүктүн туруктуу камсыздалбагандыгы). Айыл тургундарынын көпчүлүгү энергияга болгон өздөрүнүн керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн биомасса менен органикалык отунду жагышат. Тажикстанда көмүр менен табигый газдын запасы көп, ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр арбын, бирок буларды иштетүүгө өлкөнүн даремети жетишпейт. Энергетика тармагындагы башка көйгөйлөр – тарифтердин төмөндүгү жана технологиянын эскиргендиги. в) Калктын демографиялык курамы жана өнүгүү көрсөткүчүтөрү Тажикстан калкынын жалпы саны 7.3 миллиондон ашуун. Калктын көпчүлүк бөлүгү (болжол менен 80%) – тажиктер; өзбектер калктын 15 %ын түзөт. Этникалык орустар                                                              12  https://www.cia.gov/library/publications/the‐world‐factbook/geos/kg.html   39    1989-жылы дээрлик 8 пайызды түзгөн, бирок эгемендик алгандан жана жарандык согуштан кийин алардын көп бөлүгү өлкөдөн чыгып кетти, учурда орус калкынын үлүшү болгону 1 пайызды түзөт. Ири тайпадагы исмаилиттер болгону менен калктын көп бөлүгү суннит исламын тутунушат. Тажикстанда жаш калктын үлүшү чоң: үчтөн бир бөлүгүн 15 жашка чейинки балдар түзөт, калктын жарымы 24 жашка чейинки куракта. Акыркы он жылдын ичинде бир кыйла төмөндөгөндүгүнө карабастан, Тажикстанда жакырчылык деңгээли дагы эле өтө жогору. Бирок мурдагы советтик акысыз билим берүү тутумунун сакталып калгандыгына байланыштуу сабаттуулук деңгээли жогору (99.5%). Калктын 64 пайызы жакшыртылган таза суу булактарынан пайдалана алса, шаар жана айыл ортосунда олуттуу айырмачылыктар байкалат: айылдыктардын 54 пайызына салыштырмалуу шаардыктардын 94 пайызы жакшыртылган ичер сууну пайдалана алышат13. Жакшыртылган санитардык объектилерден калктын пайдалануусу айыл жеринде да, шаарларда да канааттандырарлык. Тажикстандын саламаттыкты сактоо тутуму постсоветтик мезгилде жарандык согуштун айынан, экономиканын начарлашынан, саламаттыкты сактоону каржылоонун ашкере кыскарышынан олуттуу жапа чекти. Тажикстандын саламаттыкты сактоо тармагынын бюджети ИДПнын болгону 1.2% гана түзөт – бул каражат саламаттыкты сактоо секторунун бардык чыгымынын 16 пайызын жапканга гана жетет. Жалпысынан, 2012-жылдагы Адам өнүгүшүнүн индекси боюнча Тажикстан 186 өлкөнүн ичинен 125 орунду ээлеген. г) Аялдардын абалы14 Тарыхый алганда Борбордук Азиянын аялдары негизинен эркектерге баш ийип, билим алгандары, экономикалык ресурстарга, саясый бийликке ээлик кылгандары аз болгон. Бул жагынан алганда Тажикстан региондун типтүү өлкөсү болуп саналат. Эркектерге караганда аялдар арасында экономикалык ишмердик менен алектенгендердин деңгээли – социалдык-демографиялык себептерден улам – төмөн бойдон калууда. Аялдар ресурстарды пайдаланууда жана көзөмөлдөөдө (маселен, мүлктү, жерди, насыяны) теңсиздикке тушугууда; эркектерге салыштырмалуу аялдардын көпчүлүк пайызы адистешпеген эмгек менен шугулданышат. Мисалы, айыл чарбасындагы жумушчу күчтүн болжол менен 70% түзгөндүктөрүнө карабастан, аялдар менчиктештирилген жерлердин 1 пайызына гана ээлик кылат. Ал эми айылдардагы ишкердик жүргүзүүдө аялдарга ресурстук камсыздоо жеткиликтүү эмес (мисалы, кесипкөйлүккө окутуу, чакан насыя алуу, кеп-кеңеш берүү кызматтары). Аялдардын саясый ишмердиги көз карандысыздык алгандан кийип бир кыйла басаңдады. 2005-жылдагы парламентке шайлоодо болгону 11 аял (жалпы санынын 18 пайызы) өкүлдөрдүн Жогорку палатасына, 12 пайыз Төмөнкү палатасына шайланган. Жергиликтүү бийлик органдарындагы аялдардын пайызы мындан да төмөн: облустук, райондук жана муниципиалдык деңгээлдерде тийиштүү түрдө 4, 7, 11 пайыз гана. 3.1.2 Максаттык региондор                                                              13  Ошондо  14  Бул маалыматтын негизги булагы ‐ http://www.untj.org/country‐context/situation‐analysis).     40    CASA-1000 долбоору Кыргыз Республикасынын түштүгүнөн Тажикстанга карай 452 км ЖЧӨТ [HVAC] чубалгысын камтыйт. Мунун ичинен 25 км Тажикстандын Хужанд облусуна чейин барат. Энерготутум Регар менен Сангтуданын ортосунда бекемделип, ал эми калган 115 км ЖЧТТ Сангтуда аркылуу Ооганстанга өтөт. Багыт эки облус – Согд менен Хатлонду кесип өтөт. Долбоордун максаттык региондорунун социалдык- экономикалык абалы эки изилдөөгө: кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөөгө жана андан мурунку экологиялык жана социалдык таасирди баалоого негизделген. Төмөндө толук сыпатталган эки изилдөөнүн тең натыйжалары жалпысынан дал келет. Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөөнүн социалдык-экономикалык сереби Төмөндө берилген баалоо 2012-жылы Жарандык демилгелерди колдоо фонду жүргүзгөн Тажикстан менен Кыргыз Республикасындагы кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөөнүн жыйынтыгына негизделген. Изилдөө Тажикстанда Согд жана Хатлон облустарынын 5 калктуу конуштарын камтыды. Бул калктуу конуштардагы үй чарбалардын жалпы саны 5,363: 10,873 үй-бүлөнү же 35 089 кишини түздү. Тажикстандагы максаттык региондордун калкынын жалпы саны боюнча маалымат жок. a) Калкы Эки облустун 13 калктуу конуштарынын/коомдоштуктарынын жалпы саны 35 089 кишини түздү. Согд облусунун иликтенген кыштактарынын калкы негизинен өзбектерден (96.7%), бир аз сандагы тажиктерден (2%) жана башка этникалык топтордун өкүлдөрүнөн турду. Хатлондо тажиктер көпчүлүктү түздү (60.9 пайыз); калгандары (39.1 пайыз) өзбектер болчу. Аялдар менен эркектердин катышы – 49: 51; бул анча чоң эмес айырмачылыкты эркектердин көбү чет өлкөлөрдө жүргөндүгү менен түшүндүрсө болот. Изилденген үй-бүлөлөрдүн көлөмү жалпысынан чоң болду: 30.3 пайызы 5-6 мүчөдөн турса, 27.3 пайызы 6-7 мүчөдөн, 29.5 пайызы 8 жана андан көп мүчөдөн турду. Иликтенген калктын билим деңгээли айтаарлык жогору болуп чыкты: 48 пайызы орто билимдүү, ал эми 23.2 пайызы жогору билимдүү. Жыныстарга бөлүштүрүү аялдардын басымдуу бөлүгү (64 пайыз эркектерге караганда 76.1 пайыз) орто билимге ээ экендигин көрсөттү, бирок аялдар арасында жогорку билимдүүлөрдүн катышы төмөн болуп чыкты (эркектер арасындагы 14 %га салыштырмалуу 6.8 %).15 б) Жер иштетүү жана кызматтардан пайдалануу Иликтенген калктуу конуштар райондук же облустук административдик борборлордон ар кандай аралыкта жайгашкан болчу, бирок алардын бардыгынын тийиштүү борборлого бара турган катнаш жолдору бар эле. Тажикстанда али күнгө чейин бардык жер мамлекетке таандык болгондуктан, үй чарбалардагы жердин орточо көлөмү тууралуу маалымат жок. Совет бийлигинин тушунда бардык кызматтар - мектептер, ооруканалар, атүгүл чач тарачтар менен спорттук жана ден соолукту чыңдоочу мекемелер да - мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн. Бирок Советтер Союзу кыйрагандан кийин тейлөөнү камсыз кылуу мамлекеттен базардын колуна өттү, эми мамлекет негизги кызматтарга муктаж                                                              15  6‐таблица, Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө, көр. чыг.   41    болгон өтө аялуу топторго гана колдоо көрсөтүү менен чектелет. Көз карандысыздык алганга чейинки (т.а. Советтер Союзунун тушунда) долбоордун максаттык райондорундагы тейлөөрдүн жеткиликтүүлүгү белгисиз болгондугу менен, 2012- жылкы кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө кызматтардан пайдалануу деңгээли өтө төмөн экендигин көрсөттү. Тажикстандын Согд облусунун иликтенген коомдоштуктардын 5өө тең таза суу менен сугат суусунун тартыштыгын/жоктугун жана да электр менен камсыздоонун айрыкча кыш мезгилинде ишенимсиздигин белгилешти. Согддо 5 коомдоштуктан 2өө медициналык негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугун билдирди. Ал эми Хатлон облусунда бул тууралуу 8 коомдоштуктун 4өө кабарлашты. Согддо бир коомдоштук, Хатлондо 2 коомдоштук катнаш жолдор оңдоп-түзөөгө муктаждыгын, Хатлондогу 2 коомдоштук мектептерди оңдоо керектигин белгилешти. Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө кээ бир айылдык мектептер ашар (коомдук эмгек) жолу менен курулгандыгын аныктады. Курулуш материалы катары мындагы эң арзан нерсе – ылай пайдаланылган. Мындай мектептердин ойдогудай полу менен шыбы жоктугу, ал эми дааратканаларынын абалы өтө начар экендиги белгиленди (көпчүлүк кыздар танаписте үйлөрүнө барууга аргасыз болушат). Көпчүлүк айылдык мектептердин куурлуу суулары жок; окуучулар таза сууну үйлөрүнөн алып келишет же сугат каналдары сыяктуу коопсуз эмес булактардан пайдаланышат. Айыл мектептеринде дене тарбия сабагы үчүн гимнастикалык же спорттук жабдуулар иш жүзүндө жок: атүгүл жаан менен карда да сабак эшикте өтүлөт - натыйжада көп балдар ооруп калат. Кыш мезгилинде кадимки көрүнүшкө айланган электр кубатынын жетишпегендиги мектептерди отун, көмүр же кургак көң менен жылытууга аргасыз кылат, өз кезегинде ичке кирген түтүн балдардын ден соолугуна таасир этет (баш оору, дем алуу органдарынын оорулары). Тажикстандын иликтөө жүргүзүлгөн коомдоштуктарындагы үй чарбаларынын таза сууга жумшаган бир айдагы чыгымдары орто эсеп менен 38 АКШ долларын түзөт. Айыл жерлеринин көпчүлүк тургундары сууну сугат каналдарынан же дарыялардан ташып ичишкендиктен, жугуштуу ооруларга көп учурашат. Жыл сайын (айрыкча жай айларында) өлкөнүн көпчүлүк райондору нечендеген адамдардын кеселине гана себеп болбой, айрымдардын өлүмүнө алып келген сапатсыз суудан жабыркайт. Ооруканалардын бейтаптарынын 50 пайызы адатта сууда жашаган оору жугузуучу микробдордун айынан гастроэнтерологиялык илдеттерге кабылышат. Санитардык-техникалык шарттарга келсек, изилдөө көрсөткөндөй, айылдык тургундар негизинен аң же ор түрүндө казып, үстү жыгач менен жабылган дааратканаларды пайдаланышат. Чуңкур толгондо, көөмп салып, жаңысын казышат. Мындай дааратканаларды адатта үй чарбасынын арт жагына курушат. Иликтенген калктуу конуштарда борборлоштурулган таштанды ташуучу тутум жок; эң кеңири таралган ыкма таштанды калдыктарды көмүү үчүн чуңкур казуу болуп саналат. Иликтөөгө алынган коомдоштуктардын үй чарбаларынын 62.2 пайызы короолорунда таштанды үчүн атайын чуңкур барлыгын белгилешти; 10 пайызы таштандыны өрттөй тургандыктарын айтышса, 16 пайызы калдыктарды муниципиалдык коомдук таштанды таштоочу жайга алып барышарын билдиришти. Тажикстандагы иликтенген коомдоштуктардын 66.3 пайызынын мечити, 53 пайызынын чайканасы бар.16                                                              16  15‐таблица, ошондо  42    в) Энергиянын жеткиликтүүлүгү Советтик борборлоштурлган пландоо тутумунун алкагында энергия ресурстары Борбордук Азиянын бардык региону боюнча бөлүштүрүлгөн. Бүгүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан өндүрүп жаткан гидроэнергиянын ашыкчасы кошуна региондордогу (Казакстан менен Өзбекстан) энергияга болгон жайкы керектөөнү жабуу үчүн пайдаланылган, ошол эле учурда мазут менен газды пайдаланып алар өндүргөн электр кубаты Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын кышкы керектөөсүн канааттандырган. Бул бөлүштүрүүчү тутумдун бүлгүнгө учурашы гидроэнергияны өндүрүү азайган кыш айларында Кыргыз Республикасы менен Тажикстанда энергиянын олуттуу жетишсиздигине алып келди. Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөөнүн тыянагы боюнча иликтөөгө алынган коомдоштуктардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү (35 пайыз) энергия менен камсыздоого байланышкан кырдаал дурус эле деп, бирок 49.3 пайызы жаман, ал эми 10, 3 пайызы өтө начар деп баалашты. Кыш айларында кишилер энергиянын альтернативдүү булактарын, тактап айтканда, көмүр, отун, керосин жана дизелдик майды пайдаланышат. Электр кубаты тиричилик муктаждыктарына: жарык кылууга, үйдөгү муктаждыктарга, тамак даярдоого гана колдонулат; болгону 0.5 пайызы аны жумушка пайдалана тургандыгын белгилешти. Тажикстанда үй чарбаларынын 13.3 пайызы гана электр кубатын жылытуу үчүн пайдалана тургандыгын (бул максатта отун, керосин жана дизелдик май сыяктуу энергиянын башка булактары да колдонула тургандыгын белгилеп) билдирди. г) Тиричилик булактары Иликтенген коомдоштуктар мал багышып, айдоо жерлерде пахта өстүрүп, там аркаларында иштешип (помидор, бадыраң, пияз, картошка, буудай ж.б. өстүрүшүп) негизинен айыл чарбасы менен алектенишет. Бирок өндүрүлгөн азыктын бир бөлүгүн пайда көрүү максатында саткан Кыргыз Республикасынын коомдоштуктарынан айырмаланышып, алар өндүргөн нерселеринин дээрлик баарысын өздөрү керектешет. Айдоо жерлердин, жадагалса жайыттардын аздыгы Тажикстанда жер иштетүү менен мал багууга негизги тоскоолдук жаратат: өлкөнүн 90 пайыздан ашык аймагын тоолор ээлейт. Натыйжада, суралгандардын көпчүлүгү майда мал (эчки) менен тоок, күрп багат. Жемиш дарактары менен бир катарда көпчүлүк үй чарбалары кийин үй курууга керектелүүчү жыгач дарактарды отургузушат. Кирешенин башка маанилүү булагы тажик жумушчу мигранттарынын которгон акчалары болуп саналат. Согд облусунун беш коомдоштугундагы миграциянын деңгээли 3 пайыздан 13 пайызга чейин айырмаланат, ал эми Хатлондо 4-10 пайызды түздү. Бирок жумушсуздук деңгээли бардык коомдоштуктарда жогору болду: Согд облусунун коомдоштуктарынын биринде 60 пайыз болсо, Хатлондо 23 жана 50 пайызды түздү. Мигранттардын көпчүлүгү Россия Федерациясында иштешет. Жумушчу мигранттардын 90 пайызга жакыны эркектер, бирок чет жака жумуш издеп кетип жаткан аялдардын саны да өсүүдө. Эмгек миграциясы негизинен мезгилдүү жана убактылуу мүнөзгө ээ, анткени мында үй-бүлөлүк байланыштар бекем. Анткен менен акыркы бир нече жылдын ичинде миграциянын мөөнөту узарганы байкалууда, атүгүл кээ бир жумушчулар адегенде эле бир нече жылга кетишет. Иликтенген коомдоштуктардагы үй чарбаларынын кирешесинин негизги үч булагы которулган акчалар (орто эсеп менен айына 369 АКШ доллары), ишкердик (айына 247 43    АКШ доллары) жана айыл чарбасы (айына 180 АКШ доллары) болуп саналат.17 Айлык акы, жалданма эмгек жана пенсия/жеңилдиктер орто эсеп менен айына 90, 90 жана 39 АКШ долларын түзөт. Үй чарбаларынын тамак-ашка жумшаган чыгымы айына болжол менен 155 АКШ долларын түзөт – бул чыгымдардын эң чоң беренеси. Чыгымдардын дагы бир орчундуу беренеси – айыл чарба жабдууларына (125 АКШ доллары), кийимге (53 АКШ доллары), үй оңдоого (40 АКШ доллары) жана сууга (38 АКШ доллары) жумшалган чыгымдар. д) Аялдардын абалы Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө аялдар тууралуу өтө чектелген маалыматтарды камтыйт. Суралгандардын көпчүлүгүн (51%) аялдар түзүп, билим алуу сыяктуу негизги кызматтардан алардын пайдалануусу эркектерге салыштырмалуу төмөн экендиги маалымдалат. Мындан тышкары адатта аялдар көп жана узак иштешет, үй иштери, айыл чарбасы жана балдар менен алек болот. Коомдогу алардын абалы эркектерге караганда төмөн. Жалгыз бой энелер бар үй чарбалары (ажырашып кеткендигине же күйөөсү каза болгондугуна байланыштуу аял үй чарбасын башкарган учурда) өзгөчө экономикалык кыйынчылыктарга кабылышкан (төмөндө караңыз). Бирок аялдардын 40.8 пайызы мугалим болуп иштесе, 35.9 пайызы үй кожойкеси, ал эми 9.7 пайызы пенсионер; аялдар арасындагы жумушсуздук деңгээли нөл тете белгиленген.18 е) Аялуу топтор Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө иликтенген коомдоштуктардын ичинен төмөнкү негизги аялуу типтерди аныктады: 5тен ашуун баласы бар үй чарбалары; үй- бүлөнүн бир башчысы бар үй чарбалары, өзгөчө аялдар башканган үй чарбалар; айыл чарба өндүрүшү менен алектенбеген айылдык үй-бүлөлөр; өз үй-бүлөлөрү менен чогуу жашабаган улгайган кишилер жана майыптар; негизинен мал баккан үй-бүлөлөр; пахта өстүрүү менен шугулданган дыйкан жана/же коллективдүү чарбалардын мүчөлөрү; бирден ашуун үй-бүлөдөн турган үй чарбалары. Бирок бардык ушул топтордун ичинен изилдөөнүн натыйжасы биринчи топ боюнча (5тен ашуун баласы бар үй чарбалары – бардык иликтенген үй чарбалардын болжол менен 30 пайызы) тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Үй чарбаларынын 89 пайызы багуудагылар, оорулуулар жана майыптардын бардыгын белгилешкени менен башка категориялар боюнча маалыматтар жок.19 i) 5тен ашуун баласы бар үй чарбалары. Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө чоң үй-бүлөлөр көбүрөөк экономикалык кыйын кырдаалда турушкандыгын аныктады, анткени энеси иштебейт, ал эми атасынын тапканы айдан айга араң жетет. Изилдөөдөн ири үй чарбаларында бөлөк үй чарбаларга караганда экономикалык жигердүүлүк бир кыйла төмөндүгү, ал эми жумушсуздук деңгээли бир кыйла жогору экендиги белгилүү болду. Эмгек рыногунда чоң үй-бүлөлөрдүн аялуулугуна себеп аларда билим деңгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү жана кесипкөй көндүмдөрдүн жоктугу десек болот. Буга мындай үй-бүлөлөрдүн көп мүчөлөрү адистешпеген жумуштарда                                                              17  19‐таблица, ошондо  18  10‐таблица, ошондо  19  9‐таблица, ошондо  44    иштешип, өтө аз акча табышары далил болот. Аталган үй-бүлөлөр өз алдынча шугулдануу мүмкүнчүлүгүнөн (айрыкча айыл чарбасында) утушка ээ болушат. ii) Бир башчысы бар үй чарбалары, айрыкча аялдар башкарган үй чарбалары. Экономикалык кризис жана миграциянын жогорку деңгээли үй-бүлөлөр ичиндеги мамилелерге терс таасирин тийгизди. Эркектер көбүнчө кайра үйлөнгөндүктөн, жалгыз бой эркек башкарган үй-бүлөлөр өтө сейрек кездешти. Ал эми жарандык согуштун, күйөөсүнөн ажырашкандыгынын/өлгөндүгүнүн натыйжасында же миграциянын айынан (күйөөлөрү чет өлкөлөрдө иштеп) жалгыз бой аялдар башкарган үй-бүлөлөр өтө көп учурады. Кийинкилерин иш жүзүндө аялуу деп санаганга болбойт, анткени алар үй-бүлөнүн чет өлкөдө иштеген эркек мүчөлөрүнөн которулган акчаларды алып турушат. Бирок биринчилери чындыгында өтө аялуу болуп чыгышты. Аялдар арасындагы жумушсуздуктун жогорку деңгээли жана мүмкүнчүлүктөргө жол ачуучу негизги институттардын (билим алуу, окуп-үйрөнүү, көндүмдөрдү өнүктүрүү) жетиштүүлүгүнүн аялдар үчүн чектелгендиги жана буга кошумча балдардын тарбиясы үчүн жоопкерчилик аялдарды катуу жабыктырат. Анан калса айыл жергесиндеги кыздар балдарга караганда мектепке аз барышып, толук билим алып чыккандары сейрек кездешет. «Жалгыз бой энелердин» мындай үй-бүлөлөрү эптеп тиричилик өткөрүшөт – алсак, киреше алуу үчүн там аркаларын иштетишет жана сырттан келген жардамды пайдаланышат. Иликтөөдө аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү тескеген аялдар балдарын эптеп багуу үчүн өзүнө анча кам көрбөй (мисалы, түзүктөп кийим жаңыртпай, тамак- ашын өтө үнөмдөп, коомго да көп аралашпай) жашай тургандыгы аныкталды. Туугандары жана достору деле чанда гана жардам берет экен. Ошентсе да, аларга мамлекет тарабынан анча-мынча көмөк көрсөтүлөт, мисалы, акчалай субсидиялар, турак жай жагынан жардам берилет, айрым жеңилдиктер жана жөлөкпулдар менен камсыздалышат. iii) Айыл чарбасы менен алектенбеген үй-бүлөлөр. Изилдөө бул үй-бүлөлөрдү айлык акынын аздыгынан, иштин сапатынын төмөндүгүнөн жана жумушсуздуктун кеңири таралгандыгынан аялуу деп тапты. iv) Улгайган курактагы жана майып адамдар. Жамааттарды иликтегенде, улгайган адамдар жана майыптар төмөндөгүдөй бир топ кыйынчылыктарга кабыла тургандыгы аныкталды: айыл жеринде кесипкөй тейлөөнүн, мисалы, дарыгерлердин, психиатрлардын жоктугу; мамлекеттик жана жекече жардамдын жетишсиз берилиши; жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги, демек, материалдык жактан муктаж болуучулук; ишенимдүү медициналык-санитардык жардамдын жоктугу жана тамак- аштын жетишсиздиги; v) Негизинен малчылык менен тиричилик кылган үй-бүлөлөр. Мындай үй-бүлөлөр да аяялуу деп таанылгандыгынын себеби, алар көбүнчө калктуу конуштардан алыста жашайт да, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу негизги кызматтардан жакшы пайдалана албайт. Бул өз кезегинде алдыда социалдык обочолонууга, мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнө жана жумушсуздукка/иш менен жарым-жартылай алек болууга алып келет. Буга байланышкан эмгек акынын аздыгы жана жашоо шартынын начардыгы сыяктуу маселелер да бар. vi) Пахта өстүрүүчү дыйкан/жамааттык чарбалардын мүчөлөрү. Иликтөөлөрдө бул адамдар да аялуу экендиги аныкталды, анткени алардын кирешеси пахтанын баасына жана ар кайсы жылдарда өнүмдүүлүгү ар башкача экендигине байланыштуу болот. 45    Пахта жакшы сатылбай калган жылдарда айрым адамдар чоң чыгашага учурап, банкрот болот, жумушсуз, атүгүл үй-жайсыз калгандар да кездешет. vii) Бир нече үй-бүлөдөн турган үй чарбалары. Иликтөөлөрдө мындай үй-бүлөлөр көбүнчө бир атадан тараган туугандар же экономикалык зарылдыктан (өзүнчө үй сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан) чогуу туруп калгандар экендиги аныкталды. Мындай үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү да аялуу деп таанылды, себеби турмушу кыйла оор, билим деңгээли төмөн, эскичил, патриархалдык салттарды карманып күн кечиришет. Анүстүнө, алар жердин, суунун жана башка ресурстардын тартыштыгынан да кыйналышат экен. «ИЕЛ [IEL] социалдык таасирди баалоосуна» негизделген социалдык- экономикалык сереп 2008-жылы октябрь жана декабрь айларында «Лимитед бириккен чөйрөсү» компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн экологиялык жана социалдык баалоонун алкагында Тажикстандын Хужант шаарына караштуу Кыргыз Республикасына чектеш жайгашкан ТЧнын [таасир чөйрөсүнүн] аймагында (кеңдиги 25км х 2км) социалдык тыкыр талаа изилдөөсү уюштурулду. 115 км 500 кВ ЖЧТТ боюнча баштапкы маалымат 2007-жылы ноябрда жана 2008-жылы мартта чогултулду. САSА - 1000 долбоорунун максаттык райондорунун социалдык-экономикалык абалына тиешелүү ИСЛ баалоо жыйынтыктары төмөнкүлөрдү көрсөттү: a) ЖЧӨТ электр өткөргүч чубалгынын 25 чакырымдык багыты Совет доорунда жашаган азыркы улуу курактагы эркектер жана аялдар жүз пайыз сабаттуу. Негизги экономикалык ишмердик айрыкча чакан каржылоо программалары бар жерлерде жер иштетүү менен майда-барат соода-сатыктан турат. ТЧдагы таза суусунун негизги булактары – Аксуу жана Карасуу дарыялары менен сугат каналдары. Демек, көпчүлүк кыштактарда коопсуз таза суу жок. Жердин бардыгы мамлекетке таандык. Региондогу негизги экономикалык жигердүү тармак айыл чарбасы болуп эсептелет. Продукциянын негизги түрлөрүнө: пахта, дан өсүмдүктөрү, май алуучу уруктар, картошка, сабиз, пияз, бадыраң, капуста, коон, жүзүм, сүт, жүн, бал жана жумуртка кирет. Пахта бир кыйла кирешелүү товар өсүмдүгү болуп саналат, бирок ошол эле учурда аны өстүрүү оңой эмес, анткени ал сууну жана химикаттарды көп талап кылгандыктан, жергиликтүү фермерлердин кирешеси анча чоң эмес. Айланадагы адырларда кой-эчки, кара мал багууга болот. б) ЖЧТТ электр өткөргүч чубалгысынын 115 чакырымдык багыты Хатлон облусунун калкы 2 500 000 кишини түзөт (январь 2008-ж.); калктын орточо жыштыгы чарчы километрге 99.3 кишини түзөт. Тажикстанда бардык жер мамлекетке таандык. Үй чарбаларынын көлөмү 1ден 3 бүлөгө чейин; үй-бүлөнүн орточо көлөмү – 6.2 киши. Эркектер калктын 47.5 пайызын, аялдар 52.5 пайызын түзөт. Айыл калкынын сабатуулук деңгээли 90%; жаш аялдар арасындагы сабаттуулук деңгээли 75-80%. Аялдар ар түрдүү айыл чарба жана үй жумуштарын аткарышат жана көбүнчө сууну алыстан ташууга мажбур болушат. ТЧнын бардык калкынын болгону 30-46 пайызы гана таза сууну оңой жол менен пайдалана алышат. Электр менен камсыздоо күн сайын 2-4 саат чектелет. Негизги экономикалык ишмердүүлүк айыл чарбасы болуп саналат; бирок сугат тутумдарынын канааттандырарлык эмес абалы каналдардын бузулушуна жана айдоо жерлердин жоголушуна алып келди. Тажикстан Өкмөтү эл 46    аралык каржы уюмдарынын жана чет өлкөлөрдүн колдоосунда айыл чарба ишмердигин жаңылоо жана өнүктүрүү боюнча чараларды көрүп жатат. 3.2 ДОЛБООРДУН ТААСИРИ 3.2.1 Методологиясы Белгилеп өткөндөй, Тажикстандагы САSА - 1000 долбоору тажик энерготутумунун Регардан Сангтудага чейинки жана Сангтудадан Ооганстанга чейинки 115 чакырымдык ЖЧТТ чубалгысын бекемдөө менен Кыргыз Республикасынын чегинен Хужантка чейинки 25 чакырымдык ЖЧӨТ 500 кВ чубалгысын камтыйт. Багыт Согд жана Хатлон облустарын кесип өтөт. «Барки Тожиктин» (мамлекеттик ишкана) ички желесине өтүү аркылуу бөлүнгөн чубалгы боюнча Даткадан Хужантка (Согд облусунун борбору) энергия камдалат жана Сангтудага өткөрүлүп берилет. Сангтудадан чыккан электр өткөргүчүнүн 115 чакырымдык чубалгысы Тажикстандын негизги калктуу борборлорунан (Коргон-Төбө, Вахш, Колхозабад, Дусти) чыгып, калк аз жайгашкан чыгыш райондорун кесип өтөт. Тажикстандын максаттык райондоруна САSА - 1000 долбоорунун социалдык таасирин баалоо көп жагынан АЧСЧТБ менен Борбордук Азиядан Түштүк Азияга электр кубатын берүүнүн АСЧТП долбооруна негизделген (CASA-1000): ИСЛ тарабынан даярдалган техникалык-экономикалык негиздеменин баскычы. АЧСЧТБ ИСЛ конкреттүү экологиялык жана социалдык маселелерди тастыктоо жана САSА - 1000 долбоорунун алкагындагы электр өткөргүчтөрү чубалгысынын бардык багыттары боюнча таасирди азайтуу чараларын иштеп чыгуу үчүн жандоочудан алынган сүрөттөрдү колдонуу аркылуу даярдалган бирдиктүү экологиялык жана социалдык серепти камтыйт. Мындан тышкары, 2007-жылдын ноябрында жана 2008-жылдын декабрында долбоордун максаттык райондорунда тыкыр талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү. 3.2.2 Талаа изилдөөлөрүнүн негизинде социалдык таасир этүү a) ЖЧӨТ электр өткөргүч чубалгысынын 25 чакырымдык багыты ТК аймагындагы жер мамлекетке таандык. Коридордун 70 пайыздан ашыгы жайыт катары гана утурумдук пайдаланылуучу түшүм бербей турган жерлер. ЭӨЧ CASA 1000ге түздөн-түз туш болуучу аянты анча чоң эмес айыл чарба жерлери бар (бактар жана пахта талаалары). Бул жерлер коридордун 15% түзөт. Негизги маданий өсүмдүктөр – пахта, дан, жашылча-жемиштер жана тыт. Тыт дарагынын мааниси өзгөчө чоң. ТЧнын айланасында бир нече кыштак/шаар/калктуу конуш жайгашкан. Алардын экөө гана салыштырмалуу жакын жайгашкан; багытты акыркы биротоло жана тирөөчтөрдү орнотууда аларды айланып өтүүгө болот. б) ЖЧӨТ электр өткөргүч чубалгысынын 115 чакырымдык багыты ТК түштүк Тажикстандын Хатлон облусундагы 5 районду камтыйт. Мында 12 кыштак/калктуу конуш жайгашып, бирок алардын экөө гана ТЧнын алкагында турат. Жолдор, үйлөр жана кыштактардан бөлөк бул райондордо социалдык, экономикалык жана маданий башка объектилер жок болуп чыкты. ТЧнын аймагында жергиликтүү калк жашабайт жана тарыхый, маданий, археологиялык мурастардын объектилери да 47    аныкталбады. Ошондой эле ТЧнын аймагында мамлекеттик инфратүзүм менен тейлөө объектилери жок. 3.2.3 Социалдык серепке негизделген социалдык мүнөздөмөлөр Төмөндө берилген таблица Тажикстандагы электр өткөргүч чубалгысынын болжолдонгон багытынын аймагы боюнча социалдык серепке негизделген толук мүнөздөмөнү камтыйт. 2-таблица: Тажикстандагы экологиялык жана социалдык серептин маалыматтарынын негизиндеги САSА - 1000 багытынын социалдык мүнөздөмөлөрү Абал Социалдык мүнөздөмөлөр ЖЧӨТ 25 км чубалгысы AS-001 Болжолдонгон ЭӨЧ Сыр Дарыяны кесип өтөт жана тоолуу жерлер менен айыл чарба жерлери аркылуу өтөт. AS-002 Жок AS-003 Жок ЖЧӨТ 115 км чубалгысы AS-44 Региондо жерди пайдалануунун беш негизги түрү бар. Аларга жолдор, жайыттар, айдоо жерлер, дың жерлер жана коомдук инфратүзүм кирет. Болжолдонгон ЭӨЧ багыты негизги темир жол салаасын кесип өтөт. AS-45 ЭӨЧ багыты кышкы жайыттар менен мезгилдүү сууларды кесип өтөт. Болжолдонгон ЭӨЧнын боюнда жер-жерлерде өсүмдүктөр жана үйлөр бар. AS-46 Жерлер жайыттар жана пайдаланылбаган аянттар болуп бөлүнөт. Болжолдонгон ЭӨЧ багытын бойлой жайгашкан өз алдынча турган айылдар, өсүмдүктөр жана мезгилдүү суулар бар. AS-47 Болжолдонгон ЭӨЧ багыты жайыттарды, мезгилдүү сууларды, катнаш жолдорду кесип өтөт. AS-48 Багыт Вахш ш. кесип өтөт. Вахш борбор калаа Душанбеден 100 км алыс жайгашкан. Жерлердин түрлөрү жайыттарды, дың жерлерди, коомдук инфратүзүмдү, сугат каналдарын, жолдор менен айдоо жерлерди камтыйт. Вахш ш. жанынан эки ири чоң арык өтөт. AS-49 Жок AS-50 Болжолдонгон ЭӨЧ багытында көптөгөн мезгилдүү суулар жана катнаш жолдор бар. AS-51 Болжолдонгон ЭӨЧ багыты Большевик ш. кирет жана айдоо жерлерди, сугат каналдарын, чоң арыктарды, темир жолдорду, жолдорду, дың жерлерди кесип өтөт. AS-52 Багыт айыл чарба жерлерин, жолдорду, темир жолду жана мезгилдүү сууларды кесип өткөн жайдан алыс эмес жерде Первомайск жана Замини Нав шаарлары жайгашкан. Болжолдонгон ЭӨЧ багыты жайыттар менен айдоо жерлерин кесип өтөт. Айдоо жерлердин көп бөлүгү тажик-ооган чек арасын бойлото созулуп жатат. AS-53 Болжол менен ТКдан 13 км ары тажик-ооган чек арасынын жанында Жолборс устун коругу орун алган. САSА - 1000 долбоорунун корукка залалы тийбейт деп күтүлүүдө. Болжолдонгон ЭӨЧ багыты айыл чарба жерлерин аралап, кийин тажик-ооган чек арасында Аму-Дарыяны кесип өтөт. 48    2-таблицага ылайык, электр өткөргүчүнүн чубалгысы Тажикстанда негизинен калк аз жайгашкан жерлерди аралап өтөт, ошондуктан анын социалдык таасири анча чоң болбойт. 3.2.4 Социалдык таасирди баалоо Тажикстандагы ТЧнын чегиндеги САSА - 1000 долбоорунун калкка жана коомдоштуктарга таасири аз болот деп күтүлүүдө. Күтүлүүчү жалпы таасир этүү төмөнкүлөрдөн турат: a) Жерлерди ажыратуу Аталган долбоор жерлерди узак мөөнөткө ажыратууну талап кылбайт, анткени ЭӨЧ мунараларынын теребелиндеги жерди мурдагыдай эле айыл чарба ишмердиги үчүн пайдала берсе болот. Жалдануучунун конушунун курулуш курулмасы 2 500 м2 талап кылат. Үйлөрдү жылдыруу үчүн жер талап кылынышы мүмкүн, бирок таасирге кабылуучу үйлөрдүн так санын ЭӨЧнын борбордук чубалгысы бүткөнчө аныктоо мүмкүн эмес. Тажикстан Республикасы жерлерди ажыратуу жол-жобосун жактырды. Мүлк тууралуу Мыйзамга ылайык бардык жер мамлекетке тиешелүү болгондугуна карабастан, ал жеке фермерлерге өмүр бою пайдалануусуна өткөрүлүп берилет. Эгер андай жер долбоорду өнүктүрүү үчүн керек болсо, жергиликтүү бийликтер ошол эле административдик аймактын чегинде жайгашкан жерден окшош участок бөлүп беришип, чыгымдын ордун толтурушат. Жерлерди убактылуу ажыратуу төмөнкүлөр үчүн керек болушу мүмкүн:  Жалдануучунун конушу менен объектилерине, т.а. кампа, устакана, жабдууларды сактоо жана жууш үчүн;  Сүйрөтүү үчүн катнаш жолдорго ж.б.у.с.; жерлерди убактылуу пайдалануу алардын келечектеги түшүмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн;  Лагерди куруу үчүн жерди убактылуу иштетүүгө. Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү тескөө планында (АСЧТП) жана Көчүрүү үчүн жерлерди ажыратуу түзүмүндө (КЖАТ) сунуш кылынган азайтуу боюнча чаралар көрүлөт, андыктан убактылуу жерлерди ажыратуунун таасири чоң болбойт деп күтүлүүдө. б) Мамлекеттик инфратүзүм ЭӨЧнын чечүүчү БУсунда [бөлүп берүү укугу] болжолдонгон долбоордун куруу баскычы учурдагы инфратүзүмгө таасир этиши мүмкүн. Учурдагы инфратүзүм таасир этүү мүмкүндүгү төмөнкүлөрдөн турат:  Жолдорду кесип өтүү: электр өткөргүчтөрүнүн чубалгыларын тартууда жол кыймылы убактылуу чектелиши мүмкүн. Бирок курулуштун жана жол кыймылын жөнгө салуунун эрежелери сакталса, курулуш баскычында жолдор менен жол кыймылына анчалык чоң таасир тийбейт;  Электр өткөргүч чубалгысы: ТК учурда колдонуудагы ЭӨЧларды кесип өтүүнү камтыбайт. Тийиштүү курулуш жол-жоболору жана таасирди азайтуу боюнча төмөндө келтирилген чаралар курулуш убагында кандайдыр бир олуттуу 49    таасирдин тийишин иш жүзүндө жокко чыгарат. Долбоордун аталган баскычын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө учурдагы электр өткөргүчтөрүнүн чубалгыларына олуттуу таасир этилбейт. ЭӨЧти куруу учурунда кайсы бир мамлекеттик инфратүзүмдү (мисалы, электр мамыларын) жылдырууга туура келет, бирок бул кээде гана жүз берет. Жылдыруу талап кылынган инфратүзүм акыркы жолу борбордук чубалгы менен тирөөчтөрдү жайгаштыруу аныкталгандан кийин, башкача айтканда, долбоордун акыркы вариантын даярдоо учурунда аныкталат. в) Түшүмдүн жана бак-дарактардын зыян тартышы Долбоордун курулуш баскычында тирөөчтөрдүн пайдубалдарын куруу менен кабелдерди тартуу түшүмдү чыгашага учуратышы мүмкүн. Бирок зыяндын өлчөмү борбордук чубалгылар менен тирөөчтөрдү жайгаштырууга, ошондой эле иштин кайсы мезгилде жүргөндүгүнө жараша болот. г) Ден соолук жана коопсуздук Курулушта иштеген жумушчулардын ден соолугуна анча-мынча дагы, олуттуу дагы таасир тийиши мүмкүн. Эгер курулуш учурунда кесепеттерди азайтуу жана коопсуздук боюнча чаралар көрүлсө, олуттуу таасир этүү болбойт. д) Долбоордун максаттык райондорунун калкы ТЧнын аймагындагы калктын жыштыгы төмөн, ошондуктан жумушчулар менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы алака-катыш да аз болот. ТЧнын аймагында эч ким жашабайт, тирөөчтөрдү жайгаштыруу жана орнотуу иштери жергиликтүү кыштактардын тиричилигине таасир этпейт. Жергиликтүү коомдоштуктар менен жумушчулардын карым-катышын оңой эле көзөмөлдөсө болот. Курулуш мезгилиндеги мамиленин кандай болорун жана жергиликтүү коомдоштуктар менен жумушчуларга алдыдагы конкреттүү таасирин борбордук чубалгы менен тирөөчтөрдү жайгаштыруу, курулуш усулдары жана жумушчу күчү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин аныктоо мүмкүн. е) Тиричилик каражаттары Жергиликтүү тургундар жалдануучуга иштөө мүмкүнчүлүгүн алышат; мүмкүнчүлүккө жараша жергиликтүү товарлар менен тейлөөлөр керектелет. Ошентип, жумуштуулукка жана тиричиликтин жергиликтүү каражаттарынын пайдаланылышына оң таасир этилери күтүлүүдө. 3.3 СОЦИАЛДЫК ТЕСКӨӨ ПЛАНЫ 3.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун таасирин жумшартуу чаралары Жогоруда белгиленгендей, долбоордун өзүнүн социалдык таасири анча чоң болбой тургандыгы күтүлүүдө: анча-мынча зарыл болбосо жерлер туруктуу түрдө ажыратылбайт. Жерлер убактылуу ажыратылат, ошондой эле курулуш учурунда 50    инфратүзүмдүн (мисалы, жолдор, электр өткөргүчтөрүнүн чубалгылары) аракети убактылуу токтотулушу жана эгиндерге бир аз зыян келтирилиши мүмкүн. Ошентип жалпы социалдык таасир анча чоң эмес, убактылуу мүнөзгө ээ болот. Буга байланыштуу таасирди азайтуу боюнча төмөнкү чараларды көрүү пландалууда: a) Долбоордук баскыч  Электр өткөргүч чубалгысы Тажикстандагы ТКга жакын жайгашкан калктуу конуштарды козгобогондой жайгаштырылат;  Долбоор үчүн максаттык райондордун калкынын тынчтыгын сактоонун мааниси чоң, андыктан багытты биротоло тандаганда, жергиликтүү калктын ишмердиги менен салттарын эске алуу зарыл.  Бул жердин тиричилиги үчүн өтө зарыл болгон бак-дарактарга азыраак зыян келтириши үчүн долбоордун багытын оңой өзгөртүүгө болот;  Электр өткөргүч чубалгысын мектептер менен калктуу конуштарды айланып өткөндөй кылып оңой багыттоого болот;  Адамдарды/үйлөрдү көчүрьөө жана ЭӨЧдан туруктуу турган имараттарга чейинки аралыкты болушунча алыстатуу үчүн аракет көрүү зарыл. б) Курулуш иштерине даярдануу баскычы  Курулуш жалдануучусу жерде иш баштоодон мурда компенсация төлөп берүүгө тийиш.  Имаратты көчүрүү же бузуу зарыл болгон учурда долбоор ишке ашардан мурда компенсация тууралуу макулдашылып, төлөнүп берилиши керек.  Ушул эле эрежелер маданий эгиндер менен түшүмдүү жерлерге да тийиштүү. в) Курулуш баскычы  Жергиликтүү калк менен чатакташуудан/талашып-тартышуудан качуу үчүн долбоордун кызматкерлери жана курулушчулар курулуш участогунун так аныкталган чегинен чыкпоого тийиш;  Жалдануучу иштетилген материалдарды бул үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде гана жок кылышы абзел;  Жумушчулардын жүрүм-турум ченеми аныкталып, сакталышы шарт;  Иштин жүрүшүндө ызы-чуу менен чаңууну көзөмөлдөө зарыл;  Жалдануучу жергиликтүү ченемдер менен салттарды сыйлоого милдеттүү;  Жалдануучу жергиликтүү аялдар менен алардын жашоо салтын сыйлоого милдеттүү. 3.3.2 Социалдык тескөөнүн кеңейтилген планынын мааниси Жогоруда белгиленген таасирди азайтуу боюнча чаралар долбоордун жергиликтүү калкка тике таасирин азайтууга, т.а. долбоорлоонун жана жумуштарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында келип чыгуучу социалдык таасир этүүгө багытталган. Бирок долбоордун социалдык тескөө планы бир кыйла кеңири мамилени талап кылат. Бул төмөнкү себептерге байланыштуу маанилүү: Биринчиден, жергиликтүү коомдоштуктар ЭӨЧ энергиясынан түздөн-түз пайдалана албайт: электр өткөргүч чубалгы алардын жанынан өткөн менен, бул жогорку чыңалуудагы чубалгы болот. Айтылып өткөндөй, ишенимдүү электр менен камсыздоонун жоктугу (өзгөчө кыш айларында) региондун башкы маселеси болуп 51    саналат. ЭӨЧ энергиясын колдонуу мүмкүн эместиги тургандардын нааразылыгын жаратышы ыктымал. Экинчиден, канчалык аз болгону менен, баары бир долбоордун терс таасири ЭӨЧ багытынын бардык аралыгында калкка тийбей койбойт, ал эми долбоордун бүткүл пайдасын алда кайда жашаган (Ооганстан менен Пакистандагы) адамдар көрүп, чубалгыны куруудан келип чыккан ыңгайсыздыктардан жабыркашпайт. Мында терс таасирге тушугуп, бирок чубалгыдан эч пайда көрбөгөндөр (а балким, турмуш ыргагы бузулуп жабыркагандар) менен долбоордон утушка ээ болгон адамдардын ортосунда нааразылык жаралат. Эгер бул адилетсиздикти жана чубалгыдан пайдалана албаган жергиликтүү калктын нааразычылыгын жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, долбоорду жүзөгө ашыруу, жыйынтыгында, ЭӨЧны эксплуатациялоо да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Үчүнчүдөн, долбоорго жергиликтүү калктын иш жүзүндө кызыгуусун камсыз кылуу шарт, бул кыянат ниеттерге жетеленип жүргөн топтор тарабынан долбоорго залака келтирүү мүмкүнчүлүгүн азайтууга жардам берет. Бардык ушул себептерден улам, эң биринчи кезекте көңүл борборун жергиликтүү калкты кызыктырууга буруу абзел. Жергиликтүү коомдоштуктар «негизги өнөктөшкө» айланып, ийгиликке кызыкдар болгону өтө маанилүү. Аким 3.3.3 Максаттык райондордогу коомдоштуктардын пикири Кирешелерди коомдук изилдөө Тажикстандын максаттык эки облусунун жергиликтүү коомдоштуктары менен жолугушууларды (фокустук топтордун талкууларын) камтыды. Фокустук топтордун талаш-тартышы эркектер менен аялдардын катышуусунда жүрдү. Мындай жолугушуулар жергиликтүү калктын көпчүлүгү САSА - 1000 долбоору жөнүндө билбей тургандыгын көрсөттү. Бирок долбоор тууралуу анча- мынча маалымат алышкандан кийин жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрү өзүдөрүнүн тынчсыздандырган маселелер тууралуу жана долбоордон эмнени күткөндүктөрүн билдиришти. Тургундардын өздөрүнүн айтканына караганда, алдыда турган эң ири көйгөй – кыш мезгилинде электр кубатынын үзгүлтүккө учурашы; адамдар ишенимдүү жана туруктуу электр кубатына муктаж экендиктерин билдиришти. Дагы бир орчундуу маселе, таза суу менен сугат суусунун жетишсиздиги: алар жаңы ирригациялык тутумдарды курууну жана эскилерин калыбына келтирүүнү камсыздоону суранышты. Ал эми башка талаптар калктуу конуштардын жолдорун оңдоп-түзөөнү, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууну, саламаттыкты сактоо менен билим берүү сыяктуу тейлөөлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууну камтыды. Акырында, жашоочулар жергиликтүү жумушчуларды пайдалануу зарылдыгын да билдиришти. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардан: «Жергиликтүү тейлөөлөрдү жакшыртууга салым кошосуңарбы?» - деп сурашканда, алар бир дооштон каржы жагынан болбосо да, эмгек, товар же тейлөө түрүндө кол кабыш кылууга даяр экендигин туюндурушту. Тургундар кыштактын бардык калкы бир нерсени калыбына келтирүүгө, курууга же башка ишмердикке жапатырмак катышкан ашар сыяктуу салттуу ыкманы эске салышты. 3.3.4 Кирешелерди коомдук пайдалануунун варианттары Кирешелерди коомдук пайдалануу концепциясы жер-жерлерде САSА - 1000 долбоору үчүн жоопкерчиликти жаратууга багытталып, бул болсо объектини куруунун 52    жүрүшүндө жана аны алдыда пайдаланууда кооптуулукту азайтууга түрткү болот. Сөз долбоордон келип чыгуучу кирешелер менен пайдаларды коомдук пайдалануу тууралуу жүрүп жатат. Жогоруда белгилеп өткөндөй, жергиликтүү коомдоштуктарды ЭӨЧ электр кубаты менен камсыз кылуу кыйынга турат, анткени бул жогорку чыңалуудагы чубалгы болуп саналат. Бирок долбоордо жергиликтүү калктын пайдасын көздөгөн иш-чаралар каралышы мүмкүн. Максаттык райондордун тургундары менен жолугушуунун негизинде төмөнкү артыкчылыктуу керектөөлөр аныкталды:  Электр менен камсыз кылууну жакшыртуу, айрыкча кыш мезгилдеринде;  Ишке орноштурууну камсыз кылуу аркылуу жакырчылыкты азайтуу боюнча чаралар;  Таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу тутумун жакшыртуу;  Негизги тейлөөлөрдүн сапатын (айрыкча саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында) жана аларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу. Электр кубаты, азык-түлүк жана суунун жетишсиздигинин ортосундагы өз ара байланыш айкын болгондуктан, электр менен камсыз кылуунун алкагынан чыгып, жергиликтүү тургундардын башка көйгөйлөрүн/керектөөлөрүн да чечүү зарыл. Электр менен камсыз кылуу маселесин чечүү аркылуу гана азык-түлүк жана суу менен камсыз кылууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө болбойт жана өнүгүүгө тоскоолдук кылуучу базалык кызматтарга жетүүдөгү кедергилерди да жоюу кыйын. Өнүгүүнүн бардык негизги муктаждыктарына ар тараптуу мамиле кылуунун жана аларды канааттандыруунун зарылдыгы мына ушундан келип чыгат. Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө жогоруда аталган маселелерди чечүүнүн бир катар варианттарын аныктады. Төмөндө алардын кыскача сыпатталышы келтирилди (толугураак маалымат кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөөнүн отчетунда берилген). a) Туруктуу энергия менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралар Жергиликтүү тургундарды ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу жолдорунун бири аларга отун (дизелдик) генераторлорун берүү болуп эсептелет. Максаттык райондордогу калктуу конуштар бири-биринен бир кыйла алыс жайгашкандыгы фактысын көңүлгө түйсөк, бул жол бирдиктүү электр желесин түзүүгө караганда алгылыктуу экендигине ынанабыз. Бирок каржы чыгымдарын, эксплуатациялоонун баасы жогору турарын жана кызмат көрсөтүү менен байланышкан көйгөйлөрдү эске алганда, генераторлорду тандоо дагы анча жакшы эмес болуп чыгат. Жалпы электр желесинен тышкары, электр менен камсыз кылуунун ишенимдүү варианты күн батареяларын орнотуу менен (фотоэлектрдик панелдердин негизинде) күн энергиясын колдонуу болушу мүмкүн. Генераторлорго керектелүүчү отунга болгон баанын өсүшүнөн айырмаланып, күн кубатын колдонуу тутумунун баасы мындай технологиянын жайылышы жана өркүндөшү менен туруктуу азаят. Ал эми Тажикстандагы бардык максаттык үй чарбаларын камсыз кылуу чыгымдары өтө жогору: каржылык жактан алгылыктуу альтернативалар 16,5 миллион АКШ долларын түзөт. Альтернативдүү вариант дегенибиз мындай тутумдар менен эң аялуу үй чарбаларын же тандамал калктуу конуштарды гана камсыз кылуу, бирок бул эки вариант тең дагы САSА - 1000 долбооруна катыштуулук сезиминин жаралышына түрткү болбойт. Үчүнчү ык мектептер жана медициналык пункттар сыяктуу негизги коомдук мекемемелерге күн батареяларын берүүдө турат. Бул ык (тике же кыйыр болсо да) жалпы коомго пайда келтирип, муну менен бирге жергиликтүү тургундардын 53    долбоорго катышын камсыз кылат. Анын үстүнө, Тажикстанда 0,25 миллион АКШ долларына бааланган анын наркы бир кыйла жөндүү дагы. Дагы бир чара күн кубатын ысык суу менен камсыз кылуунун жана жылыткычтардын тутумуна пайдалануучу күндүн термалдык (жылуулук) тутумун камсыз кылуу болушу мүмкүн. Буга керектелүүчү жабдуулар (мисалы, күн коллекторлору, түтүктөр, резервуарлар) дагы өтө маанилүү жана адистердин эксперттик орнотуусун талап кылат. Күн энергиясы өңдүү эле, ысык суу менен камсыз кылуунун жана жылыткычтардын тутумун мектептер менен медициналык клиникалар сыяктуу коомдук мекемелерге берүү алгылыктуу вариант болуп саналат. Тажикстан үчүн баалоо наркы 0,3 АКШ долларын түзөт. Кошумча артыкчылыктар жергиликтүү тургундарга киреше түшөрүнө кепил болгон жумуш орундарын түзүүдө жана жергиликтүү товарлар менен тейлөөлөрдү пайдаланууда турат. Шамалды, геотермалдык ресурстар менен биомассаны колдонуу аркылуу энергия өндүрүүнүн белгилүү келечеги бар, бирок Тажикстандын учурдагы жагдайы менен технологиясынын абалын эске алганда, ылайыксыз. «Альтернативдүү энергиянын» эң ылайыктуу жана алгылыктуу варианты чакан гидро электрдик схемалардын негизинде тоолуу айыл аймактарда энергия менен камсыз кылуу тутумун түзүү болуп саналат. Бирок мунун дагы өзүнүн кыйынчылыктары бар: суунун агымы көбүнесе жыл мезгилдерине көз каранды болот – кышкысын, энергияга болгон керектөө аябай көбөйгөндө, ал азайып калат. Максаттык райондордо энергияны өндүрүү үчүн чакан гидроэлектрдик тутумдарды пайдалануунун эң мыкты ыгын аныктоо андан аркы изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат. б) Жакырчылыкты азайтуу чаралары Максаттык аймактардын социалдык-экономикалык абалында белгиленгендей, өсүү аксап, жакырчылык деңгээли жогору бойдон калууда, ал эми оокат табуу булактары өтө чектелүү болгондуктан, көп кишилер жумуш издеп Россия Федерациясына барууга мажбур болушууда. Киреше алуунун колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн көбүнесе билимдери менен көндүмдөрү жетишпегендиктен, аялдар айрыкча жапа чегишет, анын үстүнө алардын иштеп акча табуу мүмкүнчүлүктөрү ансыз деле чектелген. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө тарабынан сунушталган чаралар аялдарды адистикке окутуу борборлорун түзүүнү камтыйт. Мындай борборлор аялдарга эсеп-кысап, тигүү, компьютерде иштөө, чакан бизнести тескөө көндүмдөрүнө гана үйрөтпөстөн, а аларга иш табууга дагы жардам бермек. Анын үстүнө, алар өз алдынча акча табууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жакыр аялдарды негизги өндүрүштүк фондулар менен камсыз кыла алмак. Бул борборлор аялдардын өз укуктары тууралуу түшүнүктөрүн да кеңейтмек. Эмгек мигранттары (келечектеги) үчүн да ушуга окшош демилге сунушталат. Мигранттарды кесипкөйлүккө окутуу борборлору, мисалы, кыш коюу, шыбак, сырдоо, жыгач устачылык жана слесарлык иштери боюнча атайын курстарды сунуш кыла алмак. Мындай окутуп-үйрөтүү эмгек мигранттарына жакшы төлөнүүчү жумуштарга орношууга өбөлгө түзмөк. Мындан тышкары, аталган борборлор мигранттарга эмгек миграциясы боюнча мыйзамдарды такай жетекчиликке алууга, эмгек мигранттарынын укуктары менен таанышууга (мисалы, медициналык жардам алуу укугу жана башка социалдык жеңилдиктер) көмөк көрсөтөр эле. 54    Көп жагынан максаттык аймактардын айыл чарбалык мүнөзүнө негизделген үчүнчү сунуш жер азык-түлүк тармагын өнүктүрүүдөн турат, маселен, эт азыктары жана жаңылча азыктарынын чакан заводдору менен дүкөндөрүн, сүт заводдору менен сүт азыктарынын дүкөндөрүн түзүү аркылуу. Мындай демилгелер жергиликтүү өндүрүүчүлөргө эт, жаңылча, пахта жана сүт сыяктуу айыл чарба азыктарынан ири киреше алууга жардам берип, жумуш орундарын да түзөт жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө түрткү болот. в) Суу менен камсыз кылуу инфратүзүмү боюнча долбоорлор Сугат суунун жетишсиздиги айыл чарбасынын өнүгүшүнө кедерги болсо, коопсуз таза суунун жетишсиздиги максаттык райондордогу саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрүнүн бири катары белгиленген. Таза суу маселеси түтүктүү кудуктарды казуу боюнча коомдук программалардын жардамында чечилиши мүмкүн. Ушуга окшош долбоорду Тажикстандын айыл калкын таза суу менен камсыз кылуучу БӨУлар ийгиликтүү ишке ашырган. Айыл чарбасын ала турган болсок (пахта өндүрүү жана мал чарбачылык), суу менен камсыз кылуунун мурдагы тутумдарын калыбына келтирүүгө же өркүндөтүп- жакшыртууга болот. Тажикстандын максаттык райондорундагы суу менен камсыз кылуучу 11 тутумду калыбына келтирүүнүн/өркүндөтүүнүн баалануу наркы 0,85 миллион АКШ долларын түзүп, ал эми максаттык топ 30 000 кишини камтыйт. г) Социалдык негизги кызматтардын ишенимдүү жеткиликтүүлүгү Белгилүү болгондой, максаттык райондордогу негизги кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн жана жеткиликтүү эмес (айрыкча саламаттыкты сактоо менен билим берүүдө). Жогоруда сунуш кылынгандай, жагдайды жакшыртуунун бир ыкмасы коомдук мекемелерди күн батереясынын кубаты менен жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Кырдаалды кыйла жакшыртууга түрткү болуучу дагы бир салыштырмалуу жөнөкөй жана арзан ыкма айылдык эмканалар менен мектептерди жылуулоо болуп эсептелет. Айрым БӨУлар тарабынан (Тажикстандагы «Кичи Жер») жылуулоо долбоорлору ийгиликтүү ишке ашып жатат. Тажикстандагы 11 мектеп менен 11 эмкананы жылуулоо иши 0.275 АКШ долларына бааланган. Кирешелерди коомдук пайдаланууну изилдөө отчету саламаттыкты сактоо менен билим берүүнү жалпы тескөөнү жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча бир канча сунуштарды берди, мисалы, балдарга мамиле кылуунун инновациялык, жайдары ыгын колдонуу максатында мугалимдерди даярдоо тутумун кайра кароо; кесипкөй билим берүүнүн мазмунун рыноктун керектөөлөрү менен шайкештирүү. 3.3.5 Кирешелерди коомдук пайдалануу максатындагы институционалдык чаралар Белгилей кетчү нерсе, жогоруда айтылган чаралар сунуштардын жалпы тизмегин гана түзөт – алар али бекитиле элек. Алар электр берүүлөрдүн чубалгысынын багыты аныкталганда гана бекитилет жана кирешелерди коомдук пайдалануунун варианттары жергиликтүү коомдоштуктар жана башка өнөктөштөр тарабынан талкууга алынат. Ошол эле учурда, кирешелерди коомдук пайдаланууга багытталган сунуштарды жүзөгө ашыруу боюнча натыйжалуу институционалдык чараларды аныктоо зарыл. Алар өзүнө буларды камтууга тийиш: 55     Кирешелерди коомдук пайдаланууну колдоонун так укуктук мандатын/концепциясы;  Жумшалуучу чыгымдарды азайтуу жана натыйжалуулукту камсыз кылуу максатында улуттук каналдарды же институционалдык чараларды бир түргө келтирүү;  Ылайыктуу институционалдык түзүм түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптар менен жүргүзүлүүчү кеп-кеңештер;  Каражаттарды чарбасыз пайдалануу жана мыйзамсыз ээлеп алууга каршы күрөшүү боюнча таасирдүү механизм;  Пландоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү өкмөттүн колдоосу жана мүмкүнчүлүгү;  Айкындуулукту жана тийиштүү тескөөнү камсыз кылуу максатында үчүнчү тараптын мониторинги;  Кирешелерди коомдук пайдалануу механиздерин жемиштүү колдонуу үчүн зарыл болгон жергиликтүү билимдер менен желелердин жана коммуникациялардын дареметин (потенциалын) түзүү жана пайдалануу тармагындагы ОГО, БӨУ жана башкалар менен өнөктөш мамилелерди натыйжалуу пайдалануу;  Кирешелерди коомдук пайдалануу механиздерин улуттук стратегиялар менен шайкеш келтирүү – айрыкча жакырчылыкты азайтуу стратегиялары менен – бул саясий колдоону камсыз кылып, зарыл чараларды жайылтууга өбөлгө түзөт. Кирешелерди коомдук пайдалануунун толук отчету институционалдык чараларды тыкыр баяндоону камтыйт. Эки маселе өзгөчө көңүл буруну талап кылат: биринчиси, өкүлчүлүктөрү аркылуу же коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн тике катышуусу менен жергиликтүү коомдоштуктардын катышуусун камсыз кылуу зарылдыгы. Экинчиси, долбоор тууралуу маалыматты (айрыкча кирешелерди коомдук пайдалануу чаралары жөнүндө) коомчулукка жайылтуунун маанилүүлүгү. 56    4. ООГАНСТАН 4.1 СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР 4.1.1 Өлкөдөгү кырдаал Борбордук жана Түштүк Азиянын (айрым бир даражада Батыш Азиянын) бөлүгү катары Ооганстандын деңизге чыга турган жолу жок. Өлкө түндүк жагынан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Иран менен батыштан, Пакистан менен түштүктөн жана чыгыштан чектешип, ал эми өлкөнүн чыгыш бөлүгү Кытай менен чектеш. Калкынын саны 30 миллионго жакын, бирок ондогон жылдардан берки согуштун айынан экономикасы өтө начар өнүгүүдө жана дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен эң жакыр мамлекет эсептелет. a) Саясый тутуму Ооганстан мыйзам чыгаруучу бийлик эки - аксакалдардын жогорку палатасынан жана эл өкүлдөрүнүн төмөнкү палатасынан – палатадан турган республика болуп эсептелет. Аткаруу бийлигин президент жетектейт. Алгач Лойя джирга (Чоң кеңеш) тарабынан убактылуу президент катары дайындалган (ал эми 2004-жылдан баштап шайланган президент катары) Хамид Карзай бул кызмат орунду 2002-жылдан бери ээлеп келет. Аялдар төмөнкү палатада 25 пайызды, жогорку палатада дээрлик 17 пайызды ээлешет. Өкмөт айрым учурларда укуктук көз карандысыздыкка жана аймактык бүтүндүккө тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Лойя джирганы чакыра алат. Административдик жактан Ооганстандын курамына 34 провинция (вилаяттар) кирип, алардын ар биринин өз борбору жана административдик провинциялары бар. Өз кезегинде провинциялардын ар бири 398 районго бөлүнүп, ал эми райондор адатта шаарлардан/шаарга жакын турган ири кыштактардан (поселек) жана бир катар айылдардан турат. Ар бир районду райондун губернатору жетектейт. Өлкөнүн көп бөлүктөрүндө уруулук түзүмдөр мурдагыдай эле мааниге ээ. Акыркы ондогон жылдардан бери Ооганстан жарандык тынымсыз чыр- чатактардын/согуштун кесепетинен жапа чегип келет жана туруктуу бейпилчиликтен али алыс. Өлкөнүн алдында саясый туруксуздук жана башкаруу маселелери менен байланышкан орчундуу көйгөйлөр турат. 2010-жылдагы Transparency International уюмунун рейтингине ылайык, дүйнөнүн эң коррупциялашкан өлкөлөрүнүн катарында Ооганстан үчүнчү орунду ээлейт. б) Экономикасы Ондогон жылдарга созулган куралдуу тирешүүлөрдөн кийин Ооганстандын экономикасы акырындап калыбына келтирилүүдө. 2001-жылы талиптердин режими кулаган учурдан баштап экономиканын абалы эл аралык жардам катары түшкөн акчанын эсебинен, айыл чарба тармагын калыбына келтирүүдөн жана кызмат көрсөтүү секторунун өскөндүгүнө байланыштуу бир кыйла даражада жакшырды. 2003 жана 2012-ж. аралыгындагы ИДПнын иш жүзүндөгү өсүшү орто эсеп менен 9,2 пайызды түздү (туруксуздуктун жогорку даражасын көрсөткөндүгүнө карабастан). 2012/13-жж. аба-ырайынын жакшы шартына жана түшүмдүн ашкере мол болгондугуна жараша 57    ИДП болжол менен 11,8 пайызга жетти. Мурдагы жылдагы 10,2 пайызга караганда 2012/13-жж. инфляция 6,4 пайызга төмөндөдү. Эреже катары, өндүрүштүн жылдык көлөмүнө жараша айыл чарбасынын кирешеси ИДПнын төрттөн бир бөлүгүнөн тартып, үчтөн бир бөлүгүнө чейин түзөт. Экинчи тараптан, тоо-кен иштетүү тармагы бара-бара өсүүнүн булагына айланууда. Тарыхка кайрылсак, пайдалуу кендерди казуунун үлүшү ИДПнын өтө аз бөлүгүн түзгөн, 2010/11-жж. болгону 0,6 пайызга гана жеткен. 2012-жылы биринчи жолу Аму- Дарыянын мунайзат жайгашкан жерлерин иштетүү боюнча ири көлөмдөгү долбоор иштелип чыккан жана жакынкы жылдары чоң көлөмдө пайдалуу кендерди өндүрүүнүн үлүшүн арттыруу күтүлүүдө. 2007-жылы апийим өндүрүү Ооганстанда рекорддук деңгээлге өсүп жеткен – тийиштүү маалыматтарга ылайык, 3 млн жакын адам бул бизнеске тартылган. Ал эми соңку жылдары, Өкмөт апийимди өстүрүүнүн көлөмүн кыскартууга колдоо көрсөтүү боюнча программаларды ишке ашыра баштагандан кийин, аны өндүрүүнүн өлчөмү бир кыйла азайды. 2010-жылы өлкөнүн 34 провинциясынын 24тү мындан ары апийим өстүрбөй тургандыгы маалым болду. Соңку бир нече жылдагы өнүгүүнүн жетишкендиктерге карабастан, Ооганстан дегизге чыгууга жолу жок ашкере жакыр өлкө жана чет өлкөлөрдүн көмөгүнө өтө муктаж бойдон калууда. Калктын көпчүлүк бөлүгү али да болсо турак-жайдын, таза суунун, электр жарыгынын, медициналык тейлөөнүн жана жумуш орундарынын жетишсиздигинен жапа тартып келүүдө. Коопсуздуктун, инфратүзүмдүн жоктугу, башкаруунун чабалдыгы, ошондой эле мыйзамдын күчүн өлкөнүн бардык бөлүктөрүнө жайылтуу менен байланышкан Ооган өкмөтүнүн кыйынчылыктары кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келип, бул алдыдагы экономиканын өсүшүнө чоң кедергисин тийгизип жатат. 2012-жылы алмашуу курсу 8 пайызга чейин төмөндөгөн, бул коопсуздук жана бизнес чөйрөлөрүндөгү ишенбөөчүлүктүн өсүшүнөн келип чыккан. Дүйнө боюнча электр кубатынан пайдаланган калктын эң төмөнкү пайызы Ооганстанда. Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин баалоосу боюнча 30 пайыз оогандар энерготутумдун, чакан ГЭСтердин же күн панелдеринин эсебинен электр кубатын пайдала алышат. Ооган калкынын 77 пайыздан ашуун калкын түзгөн айыл эли энерготутумга же электр менен камсыз кылуунун башка жеткиликтүү, туруктуу варианттарына иш жүзүндө кошулган эмес. Айрым баалоолор боюнча айыл жеринде электр кубатын жалпы Ооганстан калкынын 9 пайызы гана колдонот. Өзбекстандан электр энергиясын импорттоонун жана үч гидроэлектр станцияны (Махипар менен Саробидеги ГЭСтердин иши аяктады, ал эми Наглуда болсо уланууда) калыбына келтирүүнүн натыйжасында Мазари-Шариф жана Кабул шаарларынын ортосундагы орчундуу түндүк-чыгыш коридорунун боюндагы ири шаарлардын борборлорундагы кырдаал бир кыйла жакшырды. Акыркы он жылдар аралыгында биринчи жолу Кабул, Герат, Мазари-Шариф жана Пули-Хумри сыяктуу шаардык борборлордун айрым бөлүктөрү 24 саатык электр менен камсыз болду. Эл аралык коомдоштуктар жана донорлор мурдагыдай эле Ооганстандын өнүгүүсүнө кызыкдар, 2003 жана 2010-жылдар аралыгындагы конференцияларда тогуз донор бул мамлекетке 67 млрд. АКШ долларын берүү милдетин өздөрүнө алган. 2012-жыл, июлда Токиодо болуп өткөн конференцияда донорлор жарандык коомду колдоо үчүн 2015-жылга чейин кошумча 16 млрд. АКШ долларын бөлүп берүүгө милдеттенишкен. Аталган жардамга карабастан, Ооган Өкмөтү кирешелердин начар жыйналышы, жумуш орундарын түзүү, коррупция деңгэлинин жогорулугу, өкмөттүн 58    дареметсиздиги, коомдук инфратүзүмдүн начар өнүккөндүгү сыяктуу бир катар маселелерди чечүүгө тийиш. в) Демография жана өсүш көрсөткүчтөрү Ооганстан калкынын жалпы саны болжол менен 30 миллион адамга жакын. Өлкө көп улуттуу, эң ири этникалык топту пуштундар түзүп, андан кийинки орунда тажиктер, хазарейлер, өзбектер, аймактар, түркмөндөр, белуждар жана башкалар турат. Дари (ооган фарсы) менен пушту негизги тилдер саналып, дари улуттар аралык баарлашуунун тили катары кызмат кылат. Өлкөдө кош тилдүүлүктүн жогорку деңгээли байкалат. Ооганстан дүйнө боюнча жашоо деңгээли эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Оогандардын 27 пайызы гана таза суудан, ал эми 5 пайызы шайкеш санитария кызматынан пайдала алат (Дүйнөлүк банк). Ооганстандагы 2010-жылдагы киши өлүмүнүн деңгээлин Изилдөөнүн маалыматы боюнча адам өмүрүнүн орточо узактыгы 50 жашты түзөт. Буга карабастан соңку тогуз жыл ичинде өлкөдө бир кыйла өсүш болду. Калктын 85 пайызга жакыны учурда медициналык кызмат көрсөтүүнүн негизги топтомун камдоочулар бар райондордо жашашат. Калктын 57,4 пайызга жакыны саламаттыкты сактоонун коомдук мекемелеринен бир сааттык аралыктагы жерлерде жашайт (NRVA 2007/08). Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн (5 жашка чейинки балдар арасындагы) деңгээли 2008-жылы 1000 тирүү төрөлгөндөн 111 жана 161ге чейинкиси каза болсо, 2010-жылы бул көрсөткүч 77-99га чейин азайган. Билим берүү тармагында да ушул сыяктуу жылыштар байкалат. 2001-жылы, талиптердин режими кулагандан кийин мектептерге кабыл алуунун көрсөткүчү болжол менен балдардыкы 43 пайызды, кыздардыкы болгону 3 пайызды гана түзгөн. Мындан тышкары, окуу курагындагы 5 миллиондон ашуун балага 21,000 мугалим (негизинен тийиштүү билим албаган) гана туура келет же ар бир начар даярдалган мугалимге - 240 окуучу. 2002-жылдан баштап мектепке кабыл алуунун саны 1 млн. баладан 2,8 млн. балага көбөйдү; кыздарды кабыл алуу 191,000ден 2,8 млн. окуучуга артты. Бардык мугалимдер – 180,000 киши - окутуучуларды даярдоо окуусунан өтүштү. Айыл чарбасына пайдалануучу жерлердеги, жайыттардагы, жолдордогу жана сууга/суу алуучу булактарга баруучу чыйырлардагы сакталып жаткан көптөгөн миналар бул аймактарда жашап, тиричилик кылган элге өтө олуттуу кооптуулук жаратып келет. Бир отчеттун маалыматы боюнча 2009-жылы эле орто эсеп менен 40 киши ай сайын жер үстүндөгү миналардан же согуштан калган башка жарылгыч заттарынан жаракат алган жана каза болгон (балдар – 48, эркектер – 37 пайыз, кыздар – 8 пайыз, ал эми аялдар – 7 пайыз). Айжамал d) d) Аялдардын абалы20                                                              20  Хаджлот Каур жана Наджия Аюби,  ‘Ооганстандагы аялдардын абалы’ Ооганстандагы мамлекеттик,  коопсуздук  жана  социалдык  өзгөрүүлөр:  Афган  элин  изилдөө  жөнүндө  ой  жүгүртүү  (Asia  Foundation,  2009);  Ооганстан:  улуттук  кайра  жаралуу  жана  жакырчылык  менен  күрөш  ‐  Ооганстандын  келечегиндеги аялдардын ролу  (Дүйнөлүк банк,  2005); Ооганстандын келечегиндеги аялдардын ролу  –  59    Тарыхта афган аялдар дайыма кысымга алынып, баш ийген абалга макул болуп келишкен. Аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу абалы көптөгөн факторлордун негизинде калыптанган, анда жыныс белгиси боюнча басмырлоонун маданий жана тарыхый тамырлары дагы эле бекем болчу. Ооганстан – уруулук түзүмдө башкарылып, борбордук бийлиги начар болуп келген көп улуттуу, салтчыл коом. Өлкөдө узак жылдарга созулган согуш жана зомбулуктун кесепетинде саясий жана экономикалык жагдайдын туруксуз болуп калгандыгы айрыкча аялдардын абалына катуу таасир эткен. Талибдер 1996-жылы бийликке келгенде, аялдар дээрлик эч кандай укукка ээ болбой калган. Ооганстандын бардык жеринде гендердик басмырлоо байкалат. Гендердик айырмачылыктар саламаттык сактоо, билим берүү, ресурстардан пайдалануу жана көзөмөлдөө мүмкүндүгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөр, бийлик жана саясий добуш берүү чөйрөлөрүндө күчтүү байкалат. 2001-жылы талибдерди бийликтен кулаткандан кийин афган аялдарынын саясий жана маданий абалы кандайдыр бир деңгээлде жакшырган. Өкмөт аялдардын жыргалчылыгын камсыз кылуу максатында саясаттын ишенимдүү негизин түздү, мисалы, Ооганстандын аялдарынын кызыкчылыгында иш-аракеттердин улуттук планын (NAPWA) иштеп чыкты. Ушуга байланыштуу, атайын мамлекеттик түзүм – Аялдар иши боюнча министрлик түзүлгөн. Ооганстандын өкмөтү аялдарга карата бир катар маанилүү милдеттенмелерди, анын катарында теңдикти камсыз кылууну өзүнө алган, гендерлик маселелер боюнча эл аралык конвенцияларга кол коюу, улуттук өнүгүү стратегиянын бардык документтерине гендердик көйгөйдү кошуу жана базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча көптөгөн программалардын алкагында аялдар үчүн кызматтарды көрсөтүү Конституцияда чагылдырылган. Ошондой болсо да, секторлор боюнча жетишилген прогресс олуттуу деңгээлде айырмаланат. Ооганстан саламаттык сактоо, анын ичинде балдардын ден соолугу жана аялдардын тукум улоо саламаттыгы боюнча дүйнөдө эң артта калган өлкөлөрдүн катарында турат. Бул жагдайдын төмөнкүдөй себептери бар: саламаттык сактоонун негизги кызматтарын пайдалануу мүмкүндүгүнүн жоктугу, никеге жашы жете электе туруу жана ден соолук, гигиена жана тамактануу маселелери боюнча маалыматтын жетишсиздиги. Ошого карабастан, 2005-жылдан бери өлкөдө кыйла олуттуу өсүш байкалып жатат: энелердин өлүмү бир топ азайды, балдар өтө көп төрөлбөй калды, саламаттык сактоо жаатында дасыккан аял адистердин саны көбөйдү, ошондой эле, тукум улоо саламаттыгын коргоо боюнча кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү медициналык мекемелер желеси кеңейди. Ушундай прогресс билим берүү секторунда да байкалат. Кыздардын билим алуусуна салттуу түрдө тоскоолдук кылган факторлорго окуу мекемелерине барууга мүмкүндүктүн жоктугу, коопсуздуктун жоктугу, жакырчылык, никеге жаш куракта туруу жана кыздардын билим алуусуна ата-энелердин тескери мамилеси кирет. Ошондой болсо да, акыркы жылдарда билим берүүнүн ар бир деңгээлиндеги, айрыкча баштапкы деңгээлдеги мектепке барган кыздардын саны олуттуу түрдө өстү, алсак, билим берүүнүн экинчи жана үчүнчү деңгээлиндеги мектепке баргандардын катары анча-мынча калыңдап калды. Мамлекеттик мектептердин түйүндөрү кеңейген, анда мугалим-аялдардын саны көбөйгөндүгү байкалат, бул – кыздардын, айрыкча жогорку класстагылардын мектепке баруусуна таасир этүүчү фактор.                                                                                                                                                                                           Жетишкендиктердин жана сакталган коркунучтардын жыйынтыгын чыгаруу  (Дүйнөлүк банк, июнь  2013 года).  60    Ооганстандагы каада-салттар аялдардын экономикалык ишке адилеттүү катышуусуна тоскоол болууда. Кээ бир кесиптик билимдерге ээ болсо да, жалпысынан алганда, аялдардын билим деңгээли төмөн. Аялдар арасында сабаттуулуктун деңгээли 21 пайызды түзөт. Алар, эреже катары, үйдө гана аткарылуучу же айыл чарба секторунда эмгек акы төлөнбөгөн иш менен алектенип, айыл чарба өндүрүшүнүн бардык жааттарында абдан маанилүү ролду ойнойт. Андан сырткары, алар башка чөйрөлөрдө, мисалы, жеке сектордо жана мамлекеттик мекемелерде кызматкер боло алышпайт. Социалдык сектордо (саламаттык сактоо жана билим берүү) кесипкөй аялдар адистердин саны кыйла арбыса да, азырынча аз бойдон калууда. Ооган аялдары конституция боюнча жарандык укуктарга ээ, бирок иш жүзүндө укуктук теңсиздикке кабылууда. Анүстүнө, кадимки, жарандык жана исламдык укук ченемдеринин алкагында, ошондой эле аялдарга аз укук берүүгө багытталган сот адилеттиги тутумунда зор айырмачылыктар бар. Чыр-чатак жана зомбулук жылдарында аялдардын укуктарын коргоо жагдайы андан бетер начарлаган. Аялдарга карата зомбулук үй-бүлө ичинде да, сыртында да кеңири жайылган. Аялдарга карата жасалган кылмыштар коомдогу калыптанып калган көз караштан улам анча айыптала бербейт, ошондой эле, айрым маалыматтарга ылайык, бул кылмыштарга көбүнчө чыр- чатактарды чечүүнүн адаттагы механизмдери, негизинен кадимки укук ченемдери өбөлгө түзөт. Кээ бир туура укуктук реформалар киргизилгендигине карабастан, алар ырааттуу колдонулбай келет. Укук тутумунда иштеген кесипкөй аялдар жокко эсе болгондуктан, зомбулуктан жабыркаган аялдардын сот адилеттигине таянуу мүмкүнчүлүгү ого бетер чектелип калууда. Аялдардын коомдук жашоого, анын ичинде мыйзам чыгаруу органдарына катышуусунда айрым дурус өзгөрүүлөр байкалат: чындыгында, Ооганстанда азыркы убакта улуттук парламентке аялдардын катышуу көрсөткүчү кыйла жогорулады. Жетишкендиктер жергиликтүү деңгээлде да, негизинен өкмөттүн жана донорлордун коомдорго түздөн-түз жардам көрсөтүү үчүн көбүрөөк көңүл бура баштаганынан байкалат. Буга чейин коомдук маселелер боюнча кеп-кеңешке тартылбай келген аялдар азыркы убакта айыл-кыштактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо боюнча, ошондой эле алардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жыйындарга катышууда. Бирок акыркы шайлоолордун жана башка изилдөөлөрдүн маалыматтары көрсөткөндөй, коомдук иштерге катышуудагы ийгиликтер зомбулук коркунучу жана башка тоскоолдуктардын, жеңилдик тутумун туура эмес колдонуунун айынан чектелип калууда. Акыркы он жылда Ооганстандын аялдары кыйла зор ийгиликтерге жетишсе да, жалпысынан алар мурдагыдай эле билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарынан пайдалануу, жер жана мүлк укуктарын пайдалануу жана коомдук ыйгарым укуктуу мүчөсү болуу жагынан олуттуу көйгөйлөргө туш келүүдө. 4.1.2 Долбоорго камтылган региондор CASA-1000 долбоорунун алкагында 500 кВ ЖЧТТ электр өткөргүч чубалгысы (жалпы узундугу 562 км) Ооганстандын аймагы аркылуу өтөт. Бул чубалгынын жардамы менен (300 МВт) Ооганстанга, ошондой эле Пакистанга электр энергиясы берилет. Жамааттар көрө турган пайданы изилдөөнүн негизинде аныкталган социалдык- экономикалык параметрлер 61    Ооганстандын ООН-Хабитат уюму 2012-жылы «CASA-1000 долбоорунан коомдордун биргелешип пайда алуу варианттарына баа берүү» боюнча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөдө өлкөнүн долбоордо каралган райондорунда фокустук топ форматында жамааттар менен талкууларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган маалыматтар кеңири колдонулду (1-тиркемени караңыз). Жыйынтыгында, ушул райондордун социалдык-экономикалык параметрлери иштелип чыкты, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу, коомчулуктун тынчсыздануусун жана көз караштарын талдоо жана жамааттардын пайдаларды бирге көрүү жолдорун талдоо аркылуу социалдык ыктымал кесепеттерге баа берилди. Төмөндө коомдордун пайдаларын биргелешип изилдөөнүн алкагында иштелип чыккан социалдык-экономикалык параметрлери келтирилди. 1-тиркеме: Жамааттардын пайданы чогуу жолдорун изилдөө усулу электр өткөргүч чубалгысын бойлото жайгашкан коомдорду чагылдыруу үчүн 4 км (электр өткөргүч чубалгысын эки тарабынан 2 км кеңдиктеги коридор пайдаланылган. Фокус топтордогу талкуулар (ФТТ) жамааттардын көрсөтүлүшү 10%ды түзгөн райондук деңгээлде уюштурулду. Коомдор географиялык абал, электр өткөргүч чубалгысын бойлото жайгашкандык, тең укуктуулук жана катышууга тиешелүү маселелерди чечүү үчүн аялуу топтордун (аялдар, репатрианттар, аргасыз көчмөндөр, башка боюнча жөндөмдүү адамдардын), бийликтин жергиликтүү органдарынын катышуусу, ошондой эле жергиликтүү коомдук институттардын болушу ж.б. сыяктуу принциптердин негизинде тандап алынды. Бардыгы болуп 6 провинциянын 23 районунда жайгашкан 57 жамаатка ФТТ аркылуу кеп-кеңеш берилди. ФТТ коомдордун мүчөлөрүнө өз ара аракеттешүү, пикир алышуу жана биргелешип чечим чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүк берди. ФТТ абдан үзүрлүү өттү, ошентип, фокус топтор аркылуу коомдор өздөрүнүн тынчсызданууларын жана CASA-1000 долбоору боюнча пайданы чогуу көрүүнүн варианттары боюнча жалпы кызыкчылыктары тууралуу ойлорун айтышты. a) Калк жана аялуу топ Электр өткөргүч чубалгысы 6 провинциядагы 23 райондогу жалпы саны 151,947 үй- бүлөдөн турган 616 жамаат аркылуу өтөт. 3-таблицада долбоордо каралган провинциялар жана райондор жөнүндө кеңири маалыматтар келтирилди. Ар түрдүү аялуу топторго таандык үй-бүлөлөр төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт: a) кайтып келгендер – 16,034 үй-бүлө (жалпы сандан 11 пайыз); b) ички көчүрүлгөн адамдар (ИКА) – 8,237 үй-бүлө (6 пайыз); c) майыптар – 5,786 үй-бүлө (4 пайыз) жана d) аялдар башкарган – 7,426 үй-бүлө (5 пайыз). 3-таблица: Ооганстанда CASA-1000 долбоорунда электр өткөргүч чубалгынын 4 км коридоруна тиешелүү демографиялык маалыматтар Провинци Район 4 км Үй- Төмөндөгү категорияларга я коридорд бүлөлөр таандык ун дүн үй-бүлө % чегиндег жалпы Кайтып ИК Майыпта Аялда и саны келгенд А р р коомдорд (100 %) ер башка ун саны рган Парван Саланг 20 3,238 16 3 4 3 Жабулсара 29 5,969 3 7 4 7 ж 62    Сайяд Хел 24 5,657 3 2 4 6 Чарикар 25 12,087 9 11 5 7 Баграм 22 8,355 14 9 4 5 Нангархар Бисуд 25 7,188 4 4 3 3 Кама 27 6,229 7 14 2 3 Бати Кот 32 8,740 1 2 2 3 Лал Пур 17 4,307 6 3 2 3 Мухман 17 4,798 3 3 3 3 Дара Кундуз Имам 11 3,007 33 0 0 4 Сахиб Чор Дара 40 12,952 8 0 0 5 Алиабад 49 12,185 9 0 4 5 Баглан Баглани 34 3,737 9 6 5 4 Жадид Пули 33 8,823 8 2 4 4 Хумри Души 74 7,317 9 8 9 7 Хинжан 25 7,250 6 5 9 7 Кабул Карабаг 17 9,910 25 25 4 7 Калакон 6 2,760 22 4 5 8 Дехи Сабз 11 3,593 15 20 4 2 Кабул 10 2,286 25 18 3 2 району 21 Суроби 21 1,764 18 12 3 6 Лагман Каргаи 47 9,795 19 0.1 5 4 6 23 616 151,947 11 6 4 5 b) Электр энергиясын пайдалануу мүмкүндүгү Сурамжылоонун жүрүшүндө аныкталгандай, 562 км электр өткөргүч чубалгысы өткөн алты провинциянын үчөөндө (Кундуз, Баглан жана Парван) калктын 10-30 пайызы энергия тутумуна кошулган, ошол эле убакта эки провинциянын (Лагман жана Нангархар) калкынын 10 пайыздан аз бөлүгү желелерге кошулган. Кабул шаарынын калкынын энергия тутумуна кошулуу диапазону болжолдуу 30-50 пайызды түзөт. 4 райондогу электр өткөргүч чубалгысынын 4 км коридорунун радиусунда жайгашкан коомдор: Парван провинциясындагы Жабулсаражда; Кундуздагы Имам-Сахибде орнотулган; 21 район жана Суроби Кабул энергетика тутумуна дээрлик толук кошулган. 4-таблицада көрсөтүлгөн башка райондордо электр менен камсыздалган жана камсыздалбаган үй-бүлөлөр арасында чоң айырма байкалат. Электр энергиясы бар же ички энергетика тутумуна кошулган үй-бүлөлөрдө өз алдынча тармак бар же өзүнчө энергетика тутумунан пайдаланат. Өз алдынча тутумдар биринчи кезекте чакан ГЭСтердин, күн батареялардын, ПНС, НРПР аркылуу дизелдик генераторлордун жана башка ушуга окшош программалардын жардамы менен иштейт. 3-таблица: CASA-1000 долбоорунун электр өткөргүч чубалгысынын багыты боюнча жайгашкан жамааттарга электр энергиясынын берилиши 63    Провинци Район 4 км Үй- элект элект я коридордун бүлөлөр энергияс энергиясы чегиндеги дүн ы бар үй- жок үй- коомдоштукт жалпы бүлөлөрд бүлөлөрдү ардын саны саны үн % н% (100 %) Парван Саланг 20 3,238 41 59 Жабулсар 29 5,969 100 0 аж Сайяд 24 5,657 26 74 Хел Чарикар 25 12,087 14 86 Баграм 22 8,355 25 75 Нангархар Бисуд 25 7,188 68 32 Кама 27 6,229 65 35 Бати Кот 32 8,740 19 81 Лал Пур 17 4,307 0 100 Мухман 17 4,798 3 97 Дара Кундуз Имам 11 3,007 93 7 Сахиб Чор Дара 40 12,952 55 45 Алиабад 49 12,185 0 100 Баглан Баглани 34 3,737 11 89 Джадид Пули 33 8,823 69 31 Хумри Души 74 7,317 3 97 Хинджан 25 7,250 0 100 Кабул Карабаг 17 9,910 4 96 Калакон 6 2,760 30 70 Дехи 11 3,593 0 100 Сабз Кабул 10 2,286 100 0 району 21 Суроби 21 1,764 100 0 Лагман Каргаи 47 9,795 12 88 6 23 616 151,947 31.4 68.6 IEL ЖЧК жүргүзгөн Социалдык таасир этүүгө баа берүүгө негизделген социалдык-экономикалык параметрлер «Integrated Environments Ltd» (IEL) ЖЧК 2011-жылы CASA-1000 долбоору боюнча айлана чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасир этүүсүн баалоо жөнүндө отчет берди. Ооганстанда социалдык таасир этүүгө баа берүү жөнүндө маалымат айлана чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасир этүүсүнө мурда берилген баалардан алынган жана Ооганстанда электр өткөргүч чубалгысынын 562 км бөлүгү үчүн жакында алынган 6 м тактыктагы спутник сүрөттөрү менен толукталган. Булардын кийинкиси CASA-1000 64    долбоору менен каралган райондордун социалдык-экономикалык параметрлерине карата IEL ЖЧКнын баа берүүсүнүн жыйынтыгы болуп эсептелет: a) Калк 26га жакын калктуу конуш долбоордун коридорун бойлото жайгашкан. Элдин көпчүлүгү айылдагы 500 - 9,000 кишиден турган калктуу конуштарда жашайт. Калктуу конуштардан сегизи ДТЧ радиусунда жайгашкан, каттам багытын туура тандаса, чубалгыны мындан алысырак өткөрүүгө болот. ДТЧ радиусунда жайгашкан калктуу конуштар: Омар Хель, Бамиан, Top Дара облустары, Карабах, Чешме-э-Dogh, Кала-и- Мурад Бега, Махипар жана Марко Базар. Жети негизги этностук топ жана алты негизги уруу ДТЧ бойлото жашайт, ар бир уруунун өзүнүн салты жана урп-адаттары бар. Дари жана пушту тилдери региондогу баарлашуу тилдери болуп саналат. 2006-жылдагы абал боюнча калктын 45 пайызы 15 жашка чейин курактагылар, 2 пайызы 64 жаштан улуулар жана бир үй чарбасы 10дон 18ге чейин жашоочулардан турат. ДТЧ чегинде калктын сабаттуулук деңгээли каражаттын жетишсиздиги, мектептерде коопсуздуктун жоктугу, ошондой эле узакка созулган согуш жана басып алуулардан улам 36 пайызды түзөт. Аялдар арасында сабаттуулуктун деңгээли эркектерден да төмөн. б) Жерди пайдалануу жана кызматтарга жана электр энергиясын пайдалануу мүмкүндүгү ДТЧда жердин көп бөлүгү тегиз эмес жана өсүмдүктөрү аз, тоолуу келгендиктен, дыйканчылыкка такыр колдонулбайт. Суу ресурстарына жакын тегиздиктерде айыл чарба иштери жүргүзүлөт. Буудайдын орточо түшүмү - 2721 кг/га, ал эми жүгөрүнүн түшүмү 1217 кг/га түзөт. Ошондой болсо да, айыл чарба жерлеринин маанилүү бөлүгү ирригациялык система бузулгандыктан жана миналардан улам пайдаланууга жараксыз болгон. Бир үй-бүлөгө орточо эсеп менен 1,2 га айыл чарба жери туура келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тургундардын 67 пайызы ылайдан согулган үйлөрдө жашашат, калган бөлүгү ар түрдүү сандагы бетонду пайдалануу менен курулган үйлөрдө жашайт. Ичер суу миналар менен абдан булганган жакын жерлердеги суулардан, булактардан, дарыялардан алынат. Калктын 50 пайызга жакыны электр энергиясын пайдалана алат, бирок медициналык мекемелерге, мектептерге жана төшөлгөн жолдорго жетүү мүмкүнчүлүгү жок. в) Тиричилик каражат булагы ДТЧ жергиликтүү тургундары үчүн негизги киреше булактары катары айыл чарбасы, күнүмдүк жалданма жумуш, унаа ташуу жана чакан ишкердик эсептелет. Бирок үй чарбасынын жылдык кирешесинин орточо 75 пайызынан көбү тамак-ашка жумшалат. Калктын карамагындагы жашоо үчүн каражат табуунун мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрү абдан аз, ошондуктан апийим өндүрүп, соодалагандар да кездешет. г) Аялдардын абалы Долбоордо каралган райондордогу аялдар азыркы күндө Ооганстандын бардык аймактарындагы кызматтарды жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жагынан аялдардын укугун чектеген салттуу көз караштар, билим берүү жана медициналык тейлөөнүн жоктугу, коопсуздуктун камсыздалбагандыгы, коомдук иштер менен чечим 65    кабыл алууга катышуу, ошондой эле иштөө жана эмгекке орношуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши сыяктуу көйгөйлөргө жана кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Буга чейин айтылгандай, аялдар мыйзамдуу укуктарын, мунун ичинен жер иштетүү укугун пайдаланууда көйгөйлөргө туш келип жатат. Ислам боюнча аялдар мүлктү мурастап калууга укуктуу деп эсептелсе да, иш жүзүндө жагдай ар түрдүү этностук топтордо жана региондордо ар кандай болууда. Мисалы, пуштундар жана өзбектер арасында аялдар жер менчиги укугуна ээ болгон учурлар бар, ошол эле учурда тажик аялдардын арасында жер ээлегендер да кезигет. Тажик аялдар өздөрү мурастаган жерди ага-инилерине же жакын туугандарына – эркектерге берип койгон учурлар кездешүүдө. Алар ушинтип туугандарын колдойбуз жана сактап калабыз дешет. Аялдардын наамына менчик жер катталган болсо да, иш жүзүндө алардын жерине эркек туугандары ээлик кылат да, эмне эгишти же жерди сатып ийиш керектигин өздөрү каалагандай чечишет. д) Аялуу топтор Ооганстанда болжолдуу 161 чарчы километр айыл чарба жерлери миналар менен бузулуп, булганган. Миналардын кесепетинен адамдардын жашоо үчүн зарыл мүлкү, мисалы, малы көп чыгашага учурайт, айдоо аянттары толук иштетилбейт, мунун айынан азык-түлүк тартыш болот. Сунушталган ЭӨЧ багытынын чегинде жашаган тургундардын үчтөн бирине жакын бөлүгү жакыр жана “аялуу” деп эсептелет. Ооганстанда калкка тиешелүү турак жай, таза суу тартыш, турмуш шарты оор болгондуктан, санитариялык жагдай да өтө начар. Кыймылсыз мүлккө ээ болуунун ишенимдүү эместиги, жерге ээлик кылуунун укуктук бекем таянычтын жана саясий негиздердин жоктугу адамдар менен жамааттар арасында, жамааттар менен мамлекет арасында чыр-чатактардын келип чыгышына себеп болууда. Бул чыр-чатактар мурдагы жана азыркы этностук, диний чыр- чатактарды ырбатып, учурдагы өнүктүрүү жана калыбына келтирүү программаларына тоскоол болот, айыл чарба жана жеке сектордун таза, туруктуу өнүгүүсүнө да кедергисин тийгизет, өкмөттүн жарандарды, алардын укуктарын коргоого жардам берүү жөндөмдүүлүгүнө коомчулуктун ишенимин жоготот. Ченемдик-укуктук базадагы кемчиликтер өкмөттүн ишке ашыруу жана координациялоо жөндөмүнүн начардыгына кошул-ташыл болуп, жерге тийешелүү бардык мыйзамдарды колдонууда олуттуу карама-каршылыктарды жаратууда. Ооганстанда куралдуу чыр-чатактар, жакырчылык жана жер талаштары калктын массалык которулуусу менен татаалдашкан. Эл аралык деңгээлде мүлк укуктарын калыбына келтирүү ИКА жана кайтып келген качкындарга тиричилик каражаттарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бере турган негизги фактор катары таанылат. 4.2 ДОЛБООРДУН ТААСИРИ 4.2.1 Методология Жогоруда айтылгандай, CASA - 1000 долбоорунун алкагында Ооганстан аркылуу 562 км 500 кВ электр өткөргүч чубалгысы өткөрүлөт. CASA - 1000 долбоорунун Ооганстандагы каралган бөлүктөрдүн социалдык чөйрөсүн таасирин баалоо олуттуу деңгээлде АЧСЧТБ жана АСЧТП Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү боюнча долбоорго (CASA-1000) негизделген: ТЭН стадиясындагы документтер 2011-жылы “Integrated Environments Ltd” IEL ЖЧК тарабынан берилген. АЧСЧТБ 66    иштелип чыккандан кийин айкын экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү документтештирүү үчүн жаңы спутник сүрөттөрүн жана CASA - 1000 долбоорунун электр өткөргүч чубалгысынын бүтүндөй багыты боюнча жеңилдетүүнүн сунушталган чараларын пайдалануу менен экологиялык жана социалдык таасирди эске алган жайгаштыруу схемасы түзүлгөн. Башка кээ бир өлкөлөрдө тыкыр талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн, бирок Ооганстанда социалдык таасирге дээрлик бүт бойдон экологиялык жана социалдык таасирди эске алган жайгаштыруу схемасынын негизинде баа берилди 4.2.2 Жайгаштыруу схемасынын негизинде социалдык өзгөчөлүктөр Төмөндө 5-таблицада CASA - 1000 долбоору таасир этиши мүмкүн болгон, Ооганстан аркылуу өтүүчү электр өткөргүч чубалгысынын бүтүндөй багыты боюнча жайгаштыруу схемасынан алынган социалдык өзгөчөлүктөр келтирилди. 5-таблица: Экологиялык жана социалдык таасирди эске алган жайгаштыруу схемасынан алынган Ооганстан CASA - 1000 долбоорунун электр өткөргүч чубалгысын боюндагы социалдык өзгөчөлүктөр Жайга Социалдык өзгөчөлүктөрдүн сыпатталышы штыруу схемасы AS-054 ДТЧ Шерхан Бандар жамаатынын инфратүзүмүн жана диний объектин кесип өтөт. ДТЧ чоң дарыялардын кесилишин, коомдоштуктардын инфратүзүмдөрүн, жолдорду жана өсүмдүгү бар жерлерди камтыйт. AS-055 ЭӨЧ сунушталган багыты Кундуз жолуна жарыш жүрөт. AS-056 Жогоркудай. AS-057 Жогоркудай. AS-058 ЭӨЧ сунушталган багыты иштетилүүчү жерлерди, айыл чарба жерлеринин бөлүгүн, Кундуз шаарынын коомдоштуктарынын тыгыз инфратүзүмүн жана ар түрдүү жолдорду кесип өтөт. AS-059 Чубалгы багыты айыл чарба жерлерин кесип өтөт; ДТЧ көп сандаган чоң арыктарды, коомдоштуктардын инфратүзүмдөрүн жана өсүмдүктүү жерлерди өз ичине камтыйт. AS-060 Алиабад кыштагы, бактар, чыйыр жолдор жана Кундуз дарыялары ЭӨЧ багыты менен кесилишет. AS-061 ЭӨЧ сунушталган багыты Желогир айылы аркылуу өтөт. AS-062 Селы Чахар-Шамба-Тепа, Мухажер айылдары жана Жаңы Баглан шаары ЭӨЧ багытынын ДТЧ чегинде жайгашкан. Кабулга карай кеткен кан жол өтө жакын турат, бирок ЭӨЧ сунушталган багыты жолду кесип өтпөйт. AS-063 ЭӨЧ багыты Мухажер айылынын, Баглан шаарынын жана Куаргата айылынын коомдоштуктарынын инфратүзүмү аркылуу уланат. ДТЧ Жаңы Баглан дарыясын, ошондой эле иштетилүүчү жерлерди жана коомдоштуктардын инфратүзүмүн камтыйт. AS-064 ЭӨЧ багыты Мухажер айылы, Баглан шаары жана Куаргата айылы аркылуу өтөт. ДТЧ чоң агын сууларды жана иштетилүүчү жерлерди камтыйт. AS-065 ЭӨЧ тоолуу жерлерден өтүп, андан кийин Кургата жана Умархайл айылдарынын жакын жайгашкан коомдоштуктарынын иштетилүүчү жерлерин жана Кокан, Пули Хумри жана Умархайл айылдардагы 67    коомдоштуктардын инфратүзүмү, жолу жана суу агымдары аркылуу өтөт. AS-066 ЭӨЧ багыты Пули Хумри, Умархайл айылы жана жолдор жана Кокан айылынын инфратүзүмү аркылуу уланат. Андан кийин багыт Хашемкадам Бриджем Гори цемент заводу жана Пули Хумри дарыясы аркылуу өтөт. A76 шоссеси ДТЧга жакын турат. AS-067 ЭӨЧ багыты ли Хумри дарыясы, Пули Хумри жолдору жана коомдоштуктары аркылуу өтөт. AS-068 ЭӨЧ сунушталган багыты Карака айылына кирет; ДТЧ иштетилүүчү жерди кесип өтүүчү суу агымын камтыйт. AS-069 ЭӨЧ сунушталган багыты Доши дарыясынын өрөөнүнө кирет жана андан ары иштетилүүчү жер жана коомдоштуктардын инфратүзүмү жайгашкан дарыяны кесип өтөт. AS-070 Доши дарыясы (Саланг дарыясы деген ат менен белгилүү) ЭӨЧ сунушталган багытына абдан жакын жайгашкан; багыттын жарымында дарыя ДТЧ менен теңелет. Доши айылы дарыянын өрөөнүндө жайгашкан, анын боорунда жемиш бактары өсөт. AS-071 ЭӨЧ сунушталган багыты Саланг дарыясы жана андан кийин Куру жана Газан каналдарын кесип өтөт. AS-072 ЭӨЧ сунушталган багыты өсүмдүккө бай жана көлмөлөрү көп жерлерден өтөт. AS-073 Коомдоштуктун инфратүзүмү, иштетилүүчү жерлер, Саланг дарыясы (Панжшер дарыясы) A76 шоссеси жер-жеринде багытка жарыш жүрөт жана көптөгөн жерлерде кесилишет. AS-074 Тоолордогу тик беттерде арча жана башка дарактар көп өсөт (компенсация талап кылынышы мүмкүн). AS-075 Тоолордогу тик беттерде арча жана башка дарактар көп өсөт (кенемте компенсация талап кылынышы мүмкүн). AS-076 A76 шоссеси жана Саланг дарыясы ДТЧ менен кесилишет. AS-077 ЭӨЧ багыты Ооганстандын Парван провинциясына кеткен жол менен кетет жана Саланг дарыясын кесип өтөт, Биланди жана Баба Мардон, Бугс-Лала, Кнгар көпүрөсү жана жөө жүргүнчүлөрдүн көпүрөсү аркылуу өтөт. AS-078 Саланг дарыясы жана Джабал ос Серай коомдоштугунун тыгыз инфратүзүмү ЭӨЧ сунушталган багыты менен кесилишет. Андан ары иштетилүүчү жерлер өтөт. AS-079 ЭӨЧ сунушталган багыты коомдоштуктун тыгыз инфратүзүмү аркылуу уланат. Джабал ос Серайдан тартып,Чатикарга чейин негизинен айыл чарба жана иштетилүүчү жерлер кездешет. AS-080 ЭӨЧ сунушталган багыты Карабах шаарынын коомдоштугунун тыгыз инфратүзүмү жана иштетилүүчү жерлери аркылуу өтөт; андан кийин багыт суу агымы менен кесилишет. AS-081 ЭӨЧ сунушталган багыты Калаи Гулбаз айылы жана Кабул аркылуу өтөт. AS-082 ЭӨЧ сунушталган багыты Пуличархи айылы, андан кийин чоң арыктарды кесип өтөт жана иштетилүүчү жерлери бар Дехихийя айылына кирет; андан ары багыт коомдоштуктун тыгыз инфратүзүмү жана иштетилүүчү жерлер менен кесилишет. AS-083 ЭӨЧ сунушталган багыты Дехихийя айылы аркылуу өтөт жана “Salt 68    Pit” объектисине (ЦРУ кызматкерлеринин сурак бөлүгү), танктардын мүрзөсү жана аскердик окуу борборуна чейин суу агымын кесип өтөт. Андан сырткары, Пули Чархи көпүрөсү, Пуличархи түрмөсүнүн жолу жана Сороби ЭӨЧсы ДТЧга туш келет. AS-084 ЭӨЧ сунушталган багыты Сороби ЭӨЧ, суу агымы, маданият объектиси (Ооганстан, Кабул Радиосу) жана согуштук /чыр-чатак чөлкөмдөрү (Пули Чархи түрмөсү, аскердик окуу борбору жана аба- десант полку). AS-085 Маданият объектиси бар жана чоң арык ЭӨЧ сунушталган багыты менен кесилишет. AS-086 ЭӨЧ сунушталган багыты чоң суу агымы менен кесилишет. AS-087 ЭӨЧ сунушталган багыты чоң арыкты, жолду жана коомдоштуктун инфратүзүмүн кесип өтөт. AS-088 Жок. AS-089 ЭӨЧ сунушталган багыты бир канча чоң арыктарды кесип өтөт. AS-090 ЭӨЧ сунушталган багыты бир нече кичине чоң арыктарды кесип өтөт. AS-091 ЭӨЧ сунушталган багыты шоссеге жакын жайгашкан. AS-092 Хайров Хел коомдоштугу Кабул дарыясынан түндүккө карай, ДТЧдан тышкары жайгашкан, бирок коомдоштуктун жакындыгы социалдык- маданий мүнөздөгү кам көрүүгө алып келет. AS-093 ДТЧ Дарунта дарыясын жана Дарунта коомдоштуктун инфратүзүмүн кесип өтөт. AS-094 Коомдоштуктун тыгыз инфратүзүмүн жана иштетилүүчү жерлерин аркылуу өтөт. AS-095 Коомдоштуктун тыгыз инфратүзүмү жана иштетилүүчү жерлери көп. AS-096 Жер иштетүүдө айыл чарбасына артыкчылык берилет. AS-097 ЭӨЧ сунушталган багыты Батавул коомдоштугу аркылуу өтөт, айланасында айыл чарба жерлери жана көлмө жайгашкан. Ирригациялык канал ДТЧда турат. AS-098 ЭӨЧ сунушталган багытын бойлой жайгашкан коомдоштуктар Мохманд Дара жана Хазар Навды камтыйт, экөө тең Жалал-Абад дарыясынын (Кабул дарыясы деген ат менен да белгилүү) түштүк тарабында жайгашкан. ДТЧда коомдоштуктун тыгыз инфратүзүмүнын чегинде суу агымы табылган. AS-099 ЭӨЧ сунушталган багыты улантылып, Хазар Нав коомдоштугунун аймагы аркылуу өтөт. 5-таблицадан көрүнүп тургандай, ЭӨЧ сунушталган багыты бир катар калктуу айыл/конуштар аркылуу, ал эми кээ бир райондордо айдалган жерлер, көлмөлөр жана коомдоштуктардын инфратүзүмү аркылуу өтөт. Долбоордун мүмкүн болуучу социалдык таасири өтө чоң да, өтө аз да болбойт. 4.2.3 Социалдык таасирге баа берүү Ооганстан аркылуу CASA - 1000 долбоорунун электр өткөргүч чубалгысын куруунун жана пайдалануунун мүмкүн болуучу социалдык таасири төмөнкүчө: a) Суу ресурстары ЭӨЧ жана жумушчу шаарчасын куруу үчүн жергиликтүү деңгээлде суу менен камсыздоо зарыл болот. Жергиликтүү коомдоштуктардын тиричиликтеги, 69    дыйканчылыктагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн суу жетишсиз болушу мүмкүн, ошондуктан жалдоочу жак жергиликтүү коомдоштуктар менен биргеликте суу булактарын аныктоого тийиш. б) Жер сатып алуу Ушул долбоордун алкагында жерди туруктуу негизде сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген, анткени ЭӨЧ мамыларынын орнотулган жерлери айыл чарба максаттарында колдонулуп калышы мүмкүн. Үй чарбаларын көчүрбөй эле койсо же өтө аз санда гана көчүрүүгө болот. Жалдоочулардын жумушчу конуштары/жумуш участкалары, жалпы карьерлер жана катнаш жолдору үчүн убактылуу жер сатып алуу керек. Бир жумушчу конушу болжол менен 2500 м/кв аянтты ээлейт. Жер сатып алуу жана калкты көчүрүү планында (ЖСККП) жазылган компенсация төлөө жана жеңилдетүү чараларын эсепке алганда, туруктуу негизде жер сатып алуунун таасири анча чоң болбоого тийиш. в) Айыл чарба өсүмдүктөрдүн жана бак-дарактардын жоголушу Дарылардын жанында жайгашкан түшүм берүүчү жер тилкелеринде буудай, жүгөрү жана тоют өсүмдүгү сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирилиши жана курулуштан улам айыл чарба иши токтотулушу мүмкүн. ДТЧда салыштырмалуу аз сандагы бак-дарактар борбордук чубалгыдан 25 метр аралыкта турса, алар кыйылууга тийиш. ЭӨЧнын курулушунда көп сандагы бак-дарактар кыйылышы анча ыктымал эмес. ДТЧнын чегиндеги негизи дарактар болуп тыт, өрүк бактары жана теректер эсептелет. Долбоорду иштеп чыгууну долбоорлоонун аяккы этабында борбордук чубалгыны жана ЭӨЧ тирөөчтөрүн орноткондон кийин гана кыйылуучу бактардын так санын аныктоого болот. г) Жашоо үчүн каражаттар Жергиликтүү фермерлер ЭӨЧ тирөөчтөрдүн жана/же кирүү жолдордун курулушуна байланыштуу кирешесинен убактылуу кол жуушу мүмкүн. ЭӨЧ тирөөчтөрү жана кирүү жолдордун жайгашуусу аныкталгандан кийин гана жоготуу көлөмүнө баа берилет. Камтылган адамдарга артыкчылык берилет, ал эми жергиликтүү тургундар Жалдоочунун эсебинен жумушка тартышышат. Жергиликтүү тургундар жалдоочунун кол алдында иштөө мүмкүндүгүнө ээ болушат да, мүмкүн болушунча жергиликтүү товарлар менен кызматтарды пайдаланышат. д) Гендер маселелери Элеттик аялдар көп убактысын талаада өткөрүшөт, ошондуктан талаа чегиндеги курулуш алардын жеке турмушуна кийлигишүү катары бааланышы мүмкүн. Жергиликтүү контракттарда адатта жалдоочулар үчүн жакын жайгашкан калктуу конуштардын жеке жашоосуна кийлигишүүдөн кантип сактануу керектиги жөнүндө эрежелер эске алынат. ЭӨЧ багытын аныктаганда калктын күндөлүк турмушуна эң аз таасир эте турган вариантын кылдаттык менен тандоо керек. Жардыруу иштери жүргүзүлүүчү жерлерден 500 м аралыкта жашаган тургундар жардыруудан 24 саат мурда кабардар болууга тийиш. Жардыруу иштери жүргүзүлүүчү тилкеден 200 м радиуста тургундар жардыруудан 15 мүнөт мурда эвакуацияланууга тийиш. Жалдоочу чыр-чатактарды алдын алуу же тез чечүүнү камсыздоо үчүн жергиликтүү лидерлер жана аксакалдар менен макулдашып иш жүргүзүшү керек. Жергиликтүү товарлар, кызматтар жана жумушчулар зарылдыгына жараша колдонулат. е) Ден соолук жана коопсуздук 70    Курулуш жумушчулары анча-мынча курулуш ызы-чуусунун ыңгайзсыздыгынан тартып, ден соолукка жана жеке турмуштун кол тийбестигине олутуу зыян келгенге чейинки көйгөйлөргө туш келишет. ДТЧ багыты боюнча табылбаган миналардын болуу мүмкүндүгү көйгөй жаратууда, бирок акыркы он жылда Ооганстанда Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланган долбоорлордун алкагында миналар менен байланышкан коркунучтарды жөнгө салуу боюнча жол-жоболор сакталып келет. 4.3 СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ ПЛАНЫ 4.3.1 Долбоорду ишке ашыруудагы жеңилдетүү чаралары Жогоруда белгиленгендей, долбоордун социалдык таасири өтө аз да, өтө чоң да деп айтууга болбойт: жерди туруктуу негизде азыраак сатып алуу керек, көбүнчө убактылуу пайдаланууга алган оң. Курулуштун жүрүшүндө инфратүзүм (мисалы, жолдор, электр өткөрүү чубалгылары) убактылуу токтотулушу, кээ бир маданияттар курулуш убагында бузулушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу кесепеттерди жеңилдетүү боюнча төмөндөгү чараларды көрүүгө болот. a) Долбоорлоо этабы  Калктуу конуштардын жана социалдык инфратүзүмдүн тынчтыгын бузууга болбойт;  Кокустуктарды болтурбоо үчүн жерди көбүнчө ажыратуу керек;  Айыл чарба жерлерине тийүүчү таасирлерди азайтуу зарыл. b) Курулуштун баштапкы этабы  Кадастрдык изилдөө жүргүзүүнү жана жер тилкелерине уруксат алууну уюштуруу;  Долбоорго камтылган калк ичинде үй чарбаларды жерлери, курулмалары, айыл чарба өсүмдүктөрү жана башка мүлкү менен каттоо;  Коомдук имараттар жана фонддор тарткан жоготуулардын ордун толтуруу наркы жана тийиштүү учурдагы базар бааларына негизделүүгө тийиш;  Коммерциялык курулуштардын жоготуулары тийиштүү учурдагы базар бааларына негизделүүгө тийиш;  Компенсациялар курулуш иштери башталганга чейин төлөнүүгө тийиш;  Мүмкүн болушунча бак-дарактарды кыйбаш керек. Бак-дарактарды кыюу зарыл болсо, ээлери менен компенсация маселесин сүйлөшүп алуу керек;  Компенсация төлөө боюнча комиссия түзүп, анын адилеттүү төлөнүшүн камсыз кылуу максатында тиешелүү адамдарды кошуу керек. c) Курулуш этабы  ЭӨЧ тирөөчтөрүн айыл чарба талааларынын бурчунда же четинде орноткон оң;  Курулушту түшүм жыйналгандан кийин баштоо керек;  Суу таңсык болгондуктан Жалдоочу жер астындагы сууларды казып чыгууну же жер үстүндөгү сууларды пайдаланууну өзү уюштурууга тийиш;  Курулуштун жүрүшүндө Жалдоочу салган инвестициялардын баары (түтүктүү куя (скважина) /сормолор) курулуштун аягында жергиликтүү тургундарга берилүүгө тийиш.  Бак-дарактарды зыянга учуратпоо үчүн этияттыкты сактоо керек;  Аялдардын жеке турмушун эске алуу менен сыйлоо керек; 71     Жергиликтүү тургундарды мүмкүн болушунча көбүрөөк жалдоо керек;  Долбоордо түздөн-түз каралгандарга артыкчылык берилет. 4.3.2 Социалдык маселелерди чечүүнүн кеңири планын түзүү зарылдыгы Кесепеттерди жеңилдетүү боюнча жогоруда аталган чаралар долбоордун жергиликтүү коомчулукка түз таасирин, б.а. долбоорлоо жана долбоордун курулушунун жыйынтыгында социалдык кесепеттерди чечүүгө багытталган. Ошентсе да, долбоордун социалдык маселелерин чечүү жагында бир топ кеңири жол табуу керек. Мунун олуттуулугунун төмөндөгүдөй себептери бар: Биринчиден, электр өткөрүү чубалгылары жанынан өтсө да, жергиликтүү жамааттар электр энергиясын түз ала алышпайт, анткени ал – жогорку вольттуу чубалгы. Буга чейин айтылгандай, электр менен ишенимдүү камсыздалбагандыктан, айрыкча кыш айларында эл көп кыйналат. ЭӨЧ жанында турса да, электр энергиясын пайдалана албаса, жергиликтүү тургундар нааразы болору бышык. Экинчиден, ЭӨЧ багытын бойлото жайгашкан жамааттарга долбоордун терс таасири аз болсо да тиет. Тескерисинче, Ооганстандын жана Пакистандын айрым жерлериндеги калк убактылуу гана ыңгайсыздыктарга кабылганы менен, долбоордун пайдасын келечекте көп көрөт. Бул долбоордо түздөн-түз каралган, чубалгынын пайдасын түздөн-түз көрбөгөн (ошондой эле турмуштук үрп-адаттарынын бузулуусунан зыян тартышы мүмкүн болгон) калк менен пайда көргөн коомдун ортосунда нааразылыкты жаратышы ыктымал. Эгер калыстыкты камсыз кылуу, ошондой эле ЭӨЧтөн пайдалана албай нааразы болгон жергиликтүү тургундардын көңүлүн алуу боюнча чаралар көрүлбөсө, бул долбоордун ишке ашуусуна жана узак мөөнөттөгү келечекте аны пайдаланылышына таасир этүүсү мүмкүн. Үчүнчүдөн, тараптардын көмүскө мүдөө менен аны пайдалануусунан мүмкүн болгон коркунучту жеңилдетүү үчүн жергиликтүү калктын долбоорго кызыгуусун арттыруу зарыл. Бардык ушул себептер боюнча коомдоштуктар тарабынан пайданы чогуу көрүү схемаларына өзгөчө көңүл буруу керек. Жергиликтүү коомчулук да иштин ийгилигин каалашы үчүн аларды долбоордо “кызыгдар тарапка” айлантуу керек. 4.3.3 Каралган райондордо коомдоштуктардын кабылдоосу a) Туруктуу энергия менен камсыздоого тоскоолдуктар Фокус-топтордогу талкуулардын (ФТТ) жүрүшүндө коомчулукка электр энергиясын пайдаланууда негизги тоскоолдуктарды аныктоо сунушталган. Талкуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, коомдоштуктардын мүчөлөрү саясий эрктин жоктугун, энергия алып жүрүүчүлөргө болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн өкмөттө инвестициялык пландын жоктугун, коопсуздук жаатындагы жагымсыз жагдайды жана электрдин ишенимдүү, жеткиликтүү жана туруктуу пайдаланылышын камсыздоого негизинен жердин тегиз эместигин сөз кылышат экен. Электр өткөрүү чубалгылары бар жерлерде бардык үй чарбалары арасында желени кеңейтүү жана бөлүштүрүү үчүн эч кандай чаралар колдонулбай жаткандыгы айтылат. Энергия менен туруктуу камсыз болбогон коомдоштук мүчөлөрү өздөрүн жашоодо көп нерседен куру калгандай сезишет. Электр энергиясы барда кечкисин сабак окуп, балдарга билим берүүгө болот. Бул натуралдык чарба менен айыл чарба 72    өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга шарттарды түзүү жана татыктуу жашоо үчүн маалыматтык технологияларды пайдалануу мүмкүндүгүнүн болушу ортосундагы айырманы билдирет. Электр кубаты Интернет жана байланышты жакшыртуу үчүн уюлдук телефондорду дүрмөттөп пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кээ бир коомдоштуктарда электр энергиясынын жоктугу жакырчылыкты жоюуга чоң тоскоол болорун, караңгыда жашап жатканда жакыр бойдон каларын билдиришти. Ошондой болсо да, электр таптакыр болбогон райондорго электр тартуу үчүн каржы жетишпейт, буга жакшыраак көңүл да бурулбайт. b) CASA-1000 долбоор жөнүндө түшүнүк Бардык райондордогу коомдоштуктар биринчи кезекте электр чубалгысы алар жашаган жер аркылуу/жанынан өткөндүгүнө карабастан, ички энергия тутумун түз пайдалана албай каларына көп тынчсызданышат. Алардын кийинки тынчсыздануусу долбоордун терс таасири жерлерине (айыл чарба) жана үйлөрүнө тийиши мүмкүн деген кыжаалаттыкка байланышкан. Жаан-чачында ЭӨЧнын электр магниттүү толкундары айрыкча аялдардын жана балдардын ден соолугуна зыяндуу болот деп ойлоп тынчсызданган коомдоштуктар да кездешет, мунун себеби – тийиштүү билимдин жоктугу. CASA-1000 долбоорунун социалдык таасирин баалоо боюнча (мурдагы) изилдөөлөрдүн алкагында эч кандай олуттуу экологиялык жана социалдык кесепеттери аныкталбагандыгын билип кубанышкан, анткени мурда жерлерин жана үйлөрүн сатып алышат деп ойлошкон эле. CASA-1000 долбоорунун түз пайдалары болбогондугун компенсациялоо үчүн алар жашаган жерге жакын артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун альтернативалуу мүмкүнчүлүктөрүн берүүнү бардык коомдоштуктардын мүчөлөрү билдиришти. 6-таблицада коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн негизги тынчсызданууларына сереп берилген. 6-таблица: Ооганстанда жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан билдирилген негизги тынчсызданууларга сереп Провинция CASA 1000 долбоору түз пайда келтирбегендигин эске алганда, сиз негизинен эмнелерге тынчсызданасыз? Эркектер Аялдар Парван Электр өткөрүү Электрди туруктуу пайдаланууну чубалгыларын куруунун камсыз кылуу аркылуу алар жыйынтыгында айыл балдарынын кыйла дени сак жана чарба жерлерине жана өнүмдүү чөйрөдө жашашын каалайт. үйлөргө таасир этиши мүмкүн. Үй айбанаттарына жана өсүмдүктөргө да зыяны тийиши ыктымал. Нангархар Жерлерди алдырып ийүү Жаан-чачын убагында ден соолукка мүмкүн жеке айыл чарба зыяндуу электр магниттүү жер тилкелеринин зыянга толкундар пайда болушу мүмкүн. учурашы ыктымал. Кундуз Электр магниттүү толкундар үй Электр өткөрүү чубалгылары кош айбанаттарына зыян кылышы бойлуу аялдарга таасир этет. Кээ бир мүмкүн. аялдар өздөрү түздөн-түз пайда көрбөсө да, өкмөткө бул долбоор пайдалуу болушу мүмкүн дейт. Баглан Жерлерди мамлекет тартып Электр магниттүү толкундардын алышы мүмкүн. айрыкча балдардын ден соолугуна терс таасири тиет 73    Кабул CASA долбоорунда каралган Кабулдагы көмөк чордонго айрыкча энергия тутумуна кошулбаган райондордун түз пайдалануусун камсыздоо мүмкүндүгүн изилдөө керек. Лагман Электр өткөрүү чубалгыларын түз пайдалануунун, /Наглу/Даронта суу сактагычтарынын эсебинен электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүндүгүн изилдөөгө чоң суроо-талап бар. Коомдоштуктар өз райондорунда электр өткөрүү чубалгыларын куруунун экономикалык таасирин сезет. Курулуштун жүрүшүндө алар жумуш орундары менен камсыз болот, чөлкөмдөгү экономикалык жагдайга узак мөөнөттүү таасир этүү менен бирге келечекте жергиликтүү калктын өкүлдөрү мындай долбоорлорду башкарып калышы мүмкүн. 4.3.4 Коомдоштуктардын пайданы чогуу көрүү жолдору Пайданы бирге көрүү боюнча долбоорлорду жергиликтүү деңгээлдеги өнүгүү муктаждыктарына жана коомдоштуктардын мүдөөсүнө ылайыктоо керек. Бардык коомдоштуктарда ФТТ жүрүшүндө пайданы чогуу көрүү долбоорлорун ишке ашыруу варианттары талкууланып, алар боюнча мунасага жетишилди. Төмөндөгү факторлор артыкчылыктуу долбоорлорду тандоодо пайдаланылды:  Электр энергиясын тартуунун жана электрлештирүүнүн учурдагы планы/долбоорлорунун эсебинен электр энергиясы менен камсыздоо;  Бир нече үй чарбасына эле эмес, бардык коомдоштуктар үчүн жүрүм-турумду узак мөөнөткө өзгөртүүгө салым кошуу боюнча долбоорлордун мүмкүнчүлүгү;  Каржылоо болгон шартта долбоорлорду өз алдынча натыйжалуу пландоо жана башкаруудагы коомдоштуктардын мүмкүнчүлүгү;  Долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү;  Долбоорлор аркылуу оң таасирди кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгү. 6 провинциянын 23 районунда 57 ар түрдүү коомдоштукта жүргүзүлгөн ФТТны талдоонун негизинде жергиликтүү мүнөздөгү 58 артыкчылыктуу долбоор аныкталган, алардын (а) 18и (7 МГЭС жана 11 күн орнотмолору) энергиянын альтернативалуу булактары үчүн арналган жана (б) 40ы коомдоштуктардын  инфратүзүмүнүн өндүрүштүк долбоору бар. 7-таблицада ар бири өзү тейлей турган коомдоштуктар жөнүндө маалымат, ошондой эле тандоонун негизи жалпыланган. 7-таблица: ФТТнын маалыматтарынын негизинде коомдоштуктардын пайданы чогуу көрүү долбоорлорунун акыркы тизмеси Модели Райондор (23) Провинция Обоснование Альтернативалуу Кама, Батикот, Лар Пор, Нангархар Ички энергия энергетика Мухманд Дара (Бисуд күн тутумуна биригүүнүн станциянын эсебинен) тастыкталган Саланг Парван планы/долбоору жок Али Абад Кундуз Каргаи Лагман Башка Жабулсараж Парван Ички энергия инфратүзүмдүк Имам Сахиб Кундуз тутумуна биригүүнүн долбоорлор 21 район жана Суроби Кабул эсебинен кошулушкан Чар Дара Кундуз Ички энергия Сайид Хел, Чарикар жана Парван тутумуна биригүүнүн Баграм учурдагы долбоору 74    Баглан Жадид, Пулихумри, Баглан Доши, Хинжан Карабаг, Калакан, Дехсабз жана Кабул Суроби Бул долбоорлор жөнүндө кеңири маалыматты Коомдоштуктардын пайдаларды чогуу көрүшү жөнүндө отчеттон тапса болот, бирок ар биринин кыскача сүрөттөмөсү төмөндөгүдөй: a) Альтернативалуу булактардын негизинде айылдагы энергетика тутуму Аймагынын басымдуу бөлүгү улуттук энергия тутумун пайдалануу мүмкүндүгү болбогон Ооганстанда чакан, орто гдро, мини жана күн ресурстарын пайдалануу менен энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары электр энергиясын ишенимдүү, экономикалык натыйжалуу жана стандартташтырылган түрдө берүүнү камсыз кылат. Гидроэнергетика жана күн тутумдарын коомдоштуктар баарынан артык көрөрү аныкталган. Чакан ГЭС: жетиштүү кысымга ээ суу булагынын болушуна жараша микро- гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну колдоого болот. Чакан ГЭС (кубаттуулугу 100 кВтга чейин) өлкөдө кеңири колдонулат жана алардын жогорку мүмкүнчүлүгүнөн жана пайдаланууга, башкарууга кыйла жөнөкөйлүгүнөн улам NSP, NABDP жана башка уюмдар тарабынан колдоого алынат.  Чакан гидроэнергетикалык долбоорлорду изилдөө, долбоорлоо, пайдалануу жана техникалык тейлөө жана туруктуулугу үчүн тиешелүү колдонмолор NSP тарабынан иштелип чыккан. Алар пландоо жана ишке ашыруу максатында колдонулушу мүмкүн. Орто ГЭС: Орто ГЭСтер 100 кВтдан 1000 кВтга чеийн кубаттуулуктагы чордон катары аныкталат, аларды MEW жана DABS менен макулдашууда ишке ашыруу үчүн кароого болот. Ушул типти колдонууну жакшылап ойлонуу керек, анткени бул иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жана туруктуулукту камсыздоо үчүн жакшы башкаруу жана пайдалануу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды талап кылат. Күн фотоэлектрдик технологиялар: Күн фотоэлектрдик тутуму гидроэнергетиканы жана электр энергиясы менен камсыздоонун башка түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк болбогон айылдагы үй чарбаларына негизги жарык берүү орнотмосун коюуга ылгылыктуу жол ачат. Бир долбоор белгилүү бир коомдоштуктардын бардык муктаждыктарын канааттандырууга тийиш болсо да, бул технология айрым үй чарбаларына берилиши мүмкүн. Ошондой болсо, айрым колдонуучулар/үй чарбалары акысын төлөөгө даяр болсо, башка вариантты тандай алат. Ошондой эле, айыл жериндеги коомдук мекемелер (мектептер, медициналык борборлор, мечиттер жана коомдук мекемелер) үчүн институционалдык күн тутумун иштетүүгө колдоо көрсөтүүгө болот. Мындай колдоо негизги жарык берүүнү камсыз кылуу жана негизги жабдуунун (компьютер, кичине принтер же медпунктта вакциналар үчүн муздаткыч) иштеши үчүн багытталган. Күн фотоэлектрдик технологияларын таза суу менен камсыз кылуу жана анча чоң эмес масштабды сугаруу үчүн күн орнотмолорунан азыктанган суу тартмаларын пайдалануу менен башкача институционалдык колдонулуга болот. б) Артыкчылык берилген инфратүзүмдүк долбоорлор 75    Ушул категориянын чегинде артыкчылыктуу долбоорлордун түрлөрү төмөндөгүлөрдү камтыйт:  Транспорт (жолдор, тирегич дубалдар, өткөрмө түтүктөр);  Мектеп имараттары (жаңы жана/же болгондорду оңдоо);  Бейтапкана (жаңы жана/же болгондорду оңдоо);  Суу менен камсыз кылуу (бөлүштүрүүчү түйүн, скважиналар, суу топтомо жана резервуар);  Ирригация (канал, тирегич дубалдар). Инфратүзүмдүк долбоорлорду пландоо жана ишке ашырууну тиешелүү тармактык министрликтер менен макулдаштыруу абдан зарыл, мисалы, мектептердин жана бейтапканалардын курулушу талаптагыдай жана дасыккан адам ресурстарын жана объекттердин иштешин жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл элементтерди караштыруу үчүн Билим берүү министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин пландарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Ушундай эле, Айылды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү министрлиги (АКӨМ) менен макулдашуу жол жана суу менен камсыз кылуу сыяктуу айыл инфракструктурасын пландоодо олуттуу мааниге ээ. в) Энергияны үнөмдөө долбоорлору Энергияны пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууга болот. Энергияны өндүрүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу жагынан бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Имараттар жакшылап жабылып, өндүрүштүк ишканалар жабдууларын модернизациялап, ал эми натыйжасыз электр чордондорду калыбына келтирип же бир топ натыйжалуулугуна алмаштырылышы мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүктөрдү экономиканын ар бир тармагында колдонууга болот. Көйгөйлөр сыяктуу эле, аларды чечүү жолдору да ар түрдүү болууга тийиш, мисалы, технологияларды жакшыртуу, туура баа белгилөө жана базарларды ачуу мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу керек. CASA-1000 долбооруна камтылган райондордо төмөндөгүдөй долбоорлорду колдоого болор эле: энергия үнөмдөөчү люминесцент чырактарды колдонуу, салттуу мештерге караганда бир топ натыйжалуу жана ден соолук үчүн зыяны аз түтүн чыгаруучу жакшыртылган мештерди колдонуу; жылытуу жана тамак даярдоо үчүн жыгач отунун пайдаланууну кыскартуу жана айлана-чөйрөгө зыянын азайтуу, турак жайдын ичинде абанын булганышын азайтуу жана жыгач отунун топтоодо убакытты жана эмгекти үнөмдөө менен биогаз (мал чарбачылыктын калдыктары) орнотмолорун түзүү, күн жылуулук технологияларын, мисалы, тамак жасоо жана жылытуу үчүн пайдалануу; үйдү жана имараттарды жылуулоону жакшыртуу; энергия сыйымдуу ирригациялык насостук системаларды колдонуу; шамалдын энергиясын колдонуу. Ушул энергия үнөмдөөчү технологиялардын айрымдары CASA-1000 долбооруна камтылган райондордо колдонулат, бул өз кезегинде ушул технологияларды бир топ кеңири колдонуу үчүн негиз болот. Электр энергиясын пайдалануу мүмкүндүгү бар кыштактарда коомчулук салттуу ысып кызаруучу чырактардын ордуна энергия үнөмдөөчү люминесцент чырактарды колдонушат. Кээ бир бардар коомчулукта анын мүчөлөрүнүн 10-30 пайызы жылуулук сактоочу мештерди (бухори) колдонушат. Жаңы ашкана плиталары жана биогаз орнотмолору аз колдонулат, бардык провинциянын көптөгөн райондорунда ашканада шартты жакшыртуу жана ден соолукка кам көрүү үчүн ушул плиталарды колдонууну каалашарын билдиришти. Бир дагы коомдоштукта күн жылуулук технологиялары колдонулбаса да, Нангархар, Кундуз жана Баглан 76    провинцияларында кээ бир коомдоштуктар буларга кызыгарын билдиришкен. Айыл калкынын экономикалык абалы, биринчи кезекте, айыл чарбасына негизденерин эске алып, калк сугаруу үчүн сормо станцияларды жакшыртууга жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, мисалы, тамчылатып сугаруу ыкмаларына, кызыгарын билдиришти. г) Айыл жерлеринде ички энергетика тутумун кеңейтүү Негизги энергия тутумуна жакын турган айылдык райондордо өзгөчө учурларда тутумду кеңейтүүнү колдоого болот. Андан сырткары, энергия тутумун кеңейтүү мүмкүндүгүн изилдөөгө болот: бөлүштүрүүнү пландоодо каралууга керек болгон кубаттуулук, түйүндө чыңалуунун түшүүсү жана тариф тутуму негизги жагдайлар болуп эсептелет. Бекитилген планга ылайык айыл жеринде энергия тутумун кеңейтүү DABS милдеттерине кирет. Жергиликтүү деңгээлде чоң суроо-талап болгон учурда, өзгөчө DABS кеңейтүү планын караштырбаган чөйрөлөрдө, энергия тутумун кеңейтүү мүмкүндүгүн изилдөөгө болот.  CASA-1000 долбоору Кабулда көмөк чордон курууну караштыргандыктан, коомдоштуктарды багытка кошууну караштырууга болот. 4.3.5 Коомдоштуктар тарабынан пайдаларды бөлүштүрүүнүн институционалдык механизмдери ФТТда 6 провинциянын 23 районундагы 57 артыкчылыктуу коомчулук (ЭӨЧнын коридорунун 4 км радиусунда 10 пайыз коомчулук) тарабынан аныкталган пайдаларды чогуу пайдалануу боюнча сунушталган долбоорлордун наркы АКШнын 4,51 миллион доллары менен бааланат. Ушуга ылайык, 6 провинциянын 23 районундагы ЭӨЧнын коридорунун 4 км радиусунда турган 616 коомдоштуктардын жалпы наркы АКШнын 47,86 миллион доллары менен бааланат. CASA долбоорунун электр өткөрүү чубалгысынын бир километринин орточо наркы АКШнын 85,158 долларына чейин жетет. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор сунуштардын толук эмес тизмеси экендигин белгилей кетүү керек. Бул электр өткөрүү чубалгысынын багыты аныкталгандан кийин такталат жана андан ары жергиликтүү коомдоштуктар жана башкалар менен коомдоштуктар тарабынан пайданы чогуу көрүү варианттары жөнүндө кеп-кеңеш жүргүзүлөт. Ишке ашырууда бул процесске коомдоштуктардын өздөрүн тартуу маанилүү. Алты провинцияда коомдоштуктардын деңгээлинде беш типтүү институттар табылган. Жергиликтүү шайлоо мекемелери сыяктуу Коомдоштуктарды өнүктүрүү боюнча кеңештер (КӨК) ФТТнын бардык коомдоштуктарында иш жүргүзөт. Бул КӨК мыйзам актылары менен жөнгө салынат жана ишке ашыруу үчүн коомдоштуктардын артыкчылыктуу долбоорлорун тандоодо маанилүү роль ойнойт. Алты провинциянын көптөгөн жамааттарында Сугаруу маселелери боюнча ассоциациялар жакшы иштешет, ал эми кээ бирлери эзелтен эле белгилүү.  Сугаруу маселелери боюнча ассоциациялар аткарган негизги функцияларга суу ресурстарын пайдалануу жана техникалык тейлөө, туура бөлүштүрүү жана кызматтарга төлөмдөрдү жыйноо кирет.  Кээ бир коомдоштуктарда билим берүү жана социалдык биригүү боюнча иш чараларга оогандык кыздарга жана балдарга катышуу мүмкүндүгүн берген жаштардын бирикмелери бар. Өз жардам топтору көптөгөн коомдоштуктарда кеңири белгилүү, алар коомдоштуктардын мүчөлөрүн жашоо үчүн каражаттарды алууну үнөмдөөдө жана социалдык иште ыңгайлуу курал менен камсыз кылат. 77    Айыл чарба кооперативдери айыл чарба ишин алдыга жылдыруу жана урук өстүрүү менен алек болгон айрым гана коомдоштуктарда бар. Ушул коомдук институттарды пайдалануу мүмкүндүгүн изилдөө жана пайданы чогуу көрүү долбоорлорун киргизүүнү колдоо, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жаңы институционалдык түзүмдөрдү түзүүнү төмөнкү чекке жеткирүү абдан маанилүү. Долбоордо камтылган жергиликтүү коомдоштуктардын, жергиликтүү бийлик органдары жана тышкы аткаруучу мекемелер арасында өнөктөштүк механизмдерин жаратуу да маанилүү. Мындай тутум жергиликтүү институттарды гана күчөтпөстөн, өнүгүү максатында колдоо көрсөтүү үчүн акчанын баалуулугун жогорулатат. Коомчулук чоң мүмкүнчүлүккө ээ болгон жергиликтүү инфратүзүмдү колдоо долбоорлорунда коомчулук коомдук контракттар аркылуу өз алдынча ишке ашыруу менен алек боло алышат. Жергиликтүү коомдоштуктардын даремети жетпеген татаал долбоорлорду жеке сектордун же конкурстук соодалашуудан кийин башка ылайыктуу уюмдун жардамы аркылуу ишке ашыруу мүмкүн. Бул айрыкча гидроэлектр чордондорунун курулушу, күн орнотмолору сыяктуу энергетикалык долбоорлорго тиешелүү. 78    79    5. Пакистан 5.1 Социалдык-экономикалык чөйрөсү 5.1.1 Өлкөдөгү кырдаал Пакистан, расмий аталышы – Пакистан Ислам Республикасы, түштүк-батыштан Иран менен, түндүк-батыштан Ооганстан менен, түндүк-чыгыштан Кытай менен, ал эми чыгыштан Индия менен чектешет. Пакистан – калкынын саны боюнча дүйнөдөгү алтынчы өлкө. Стратегиялык жактан алганда Борбордук, Түштүк жана Батыш Азиянын жолдорунун тоомунда жайгашкан бул мамлекет региондогу өнүгүү жана коопсуздук боюнча эң олуттуу маселелери көп өлкөлөрдүн бири. a) Мамлекеттик түзүмү Пакистан федералдык түзүмдөгү, төрт провинциядан (Панджаб, Хайбер-Пахтунхва, Синд жана Белуджистан), ошондой эле Азад Джамму жана Кашмир (АДК), Гилгит- Балтистан (ГБ), Федералдык башкарылуучу уруулук аймактар (ФБУА) жана Исламабаддын борбор шаардык аймагы сыяктуу административдик бирдиктерден турат. Провинциялардын ар бири жана АДК менен ГБнын өздөрүнүн мыйзам чыгаруу органдары бар. провинциялар 105 районго, райондор техсилс/талукастарга бөлүнөт. Пакистандын парламенти Сенаттан (жогорку палатадан) жана Улуттук ассамблеядан (ылдыйкы палатадан) турган мыйзам чыгаруу органы. Парламенттен аялдарга катталган 60 орун жана диний азчылыктарга 10 орун бөлүнгөн. Президент - өлкөнүн расмий башчысы, ал эми өкмөттү премьер-министр жетектейт. Пакистандагы саясий кырдаал узак мезгил бою аскердик башкаруу менен коштолуп келди. Бирок соңку жылдарда демократия бекемдей баштаганы байкалат. 2013- жылдагы шайлоо өлкөнүн тарыхында алгач ирет жарандар шайлаган өкмөттүн иши аяктагандан кийин болду. Өлкөнүн калыптануусуна таасир эткен жагдайлардын катарында Индия менен эзелтен тирешип келгендиги (үч ирет согушкан, ортодо Каргиль жаңжалы да чыккан), мунун баары Пакистандагы диний экстремизмдин жана согушчандыктын күчөшүнө алып келген. Бүгүнкү күндө бул өзөктүк куралы бар өлкө үчүн жң олуттуу коркунуч болуп саналат. b) Экономикасы Пакистандын аймагынын кеңдиги жана калкынын көптүгү (эмгекке жарамдуулардын үлүшү чоң), табигый ресурстарга байлыгы жана стратегиялык жайгашкан абалы – мунун баары өлкөнүн экономикасынын эбегейсиз чоң дареметин айгинелейт. Тилекке каршы, саясий туруксуздук, Индия менен мамилесинин оордугу, коопсуздуктын начарлашы, саламаттык сактоого жана билим берүүгө инвестиция тартылбай жаткандыгы, башкаруунун начардыгы, энергетикалык жана суу каатчылыгынын курчушу, көп ирет болгон табигый апааттар өлкөнүн бул дареметинин ачылышына кедерги болду. 2000-жылдардын башындагы ургаалдуу өнүгүүдөн кийин экономикалык өсүш 2008- 2012-жылдар аралыгында орто эсеп менен 3 пайызды түздү. Инфляция 2007-жылдагы 7.7 пйыздан 2011-жылы 12 пайызга чейин көтөрүлдү, 2012-жылы гана 10 пайызга 80    кайра түштү. Саясий жана экономикалык туруксуз абалга байланыштуу 2007-жылы пакистан рупийи 40 пайыздан ашуун баасын жоготту. 2008-жылы ноябрда Пакистандын өкмөтү жана Эл аралык валюта фонду төлөм каатчылыгынан чыгуу үчүн насыя пайдаалнуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Каатчылыктан кийин өлкөнүн экономикасы турукташса да, толугу менен калыбына келген жок. Башкаруудагы, энергетикадагы, коопсуздуктагы маселелерге, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн басаңдашына байланыштуу чет өлкөлүк инвесторлор кайрылып келбей калды. 2010-2011-каржы жылындагы анча-мынча кененчиликтен соң, 2011-2012-каржы жылында импорттолуучу мунайдын баасы көтөрүлүп, экспорттолуучу пахта арзандап кеткендигине байланыштуу бюджетте кайрадан тартыштык келип чыкты. Айыл чарбасы Пакистандын экономикасынын эң орчундуу секторлорунун бири болуп саналат, ага ИДПнын 20дан ашуу пайызы жана жумуштуу калктын бештен эки бөлүгү туура келет. Айыл чарбасынын ИДПдагы үлүшү соңку жылдарда азайып, тейлөө секторунуку арбып баратат. 2002-2007-жылдарда чет өлкөлүк инвестиция кыйла көп келип, банк секторунун жана телекатнаш секторунун ыкчам өсүшүнө түрткү берди. Өнөр жайдагы дагы башка салмактуу тармактар: тигүү жана токуу, тамак-аш, химиялык өндүрүш, металлургия. Чет өлкөдө иштеген пакистандыктардан которулуп келип жаткан акча 2011-жылдын мартынан бери ай сайын орто эсеп менен АКШнын 1 млрд. долларын түзөрү аныкталды. Бул өлкөнүн соңку жашоосундагы эң жаркын жагдай болуп турат. Пакистандын өнүгүп-өркүндөшүнө баарынан да өлкөдөгү энергетикалык каатчылык кедерги болууда: электр энергиясына болгон сурам менен сунуштун ортосундагы ажырым улам чоңоюп баратат. Башкаруунун начарлыгы, секторлордун бытырандылыгы, кымбат баалуу импорт отунга көз карандылык, тарифтер менен киреше салыгын чогултуу түзүмүнүн жамандыгы, инвестициянын жоктугу жана түрмөктүү карыздардын өсүшү сыяктуу көптөгөн өксүктөр буга себеп болууда. Мындан тышкары, Пакистанда суу каатчылыгы да курчуп баратат: эми суунун жтишсиздиги эмес, тартыштыгы тууралуу сөз кылуу керек. c) Калктын демографиялык өсүшү жана өнүгүү көрсөткүчтөрү ар он жылда жүргүзүлүүчү калк каттоо акыркы ирет Пакистанда 1998-жылы өткөрүлгөн эле. Ошондуктан калктын саны тууралуу так маалыматтар жок, бирок жалпы саны 180 миллиондон ашкан деп айтылып жүрөт. Пакистандын калкы жаш: жарымынан көбү 22 жашка чейинки куракта. Бир нече этникалык топ бар, алардын ичинен эң ирилери: пенджабдыктар – 45 пайыз, пуштундар – 15 пайыз, синдхи – 14 пайыз, мухаджиры / урду тилдүүлөр – 8 пайыз, жана белуджи – 4 пайыз. Урду – өлкөнүн расмий тили, ал (жогорку катмардагылар/билимдүүлөр арасында англис тили менен катар) бара-бара улут аралык баарлашуу тилине айланып калды. Бирок адамдардын көпчүлүгү өздөрү жашаган аймактардагы тилде да сүйлөйт. Пакистандын өнүгүү көрсөткүчтөрү төмөн. Соңку бир нече жыл ичинде өсүштүн төмөндүгү жана инфляциянын тездеши азык-түлүктүн кымбатташына алып келип, жакырлар катмарын кыйла калыңдатты: БУУнун 2011-жылдагы Адам өнүгүүсү жөнүндө отчетуна ылайык, калктын дээрлик 50 пайызы кедей. Пакистандын калкы улам өсүп бараткандыктан, адамдардын өсүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу да кыйындап жатат. Учурдагы абалын эске алганда, Пакистан 2015-жылга белгиленген МӨМдүн пландык көрсөткүчтөрүнө жетиши күмөн. d) Аялдардын абалы 81    Пакистандагы аялдардын абалы жашаган аймагына жана ээлеген социалдык- экономикалык макамына карай өтө айырмаланат. ФБУА, Белуджистан жана Хайбер- Пахтунхванын бир бөлүгү өтө эскичил аймактар болуп саналат. Бул жактардагы аялдар негизинен үй түйшүгүнө байланган, тейлөө кызматтарынан кеңири пайдалана албайт, жумуш табышы да кыйын. Пенджаб менен Синддин айрым жерлеринде да эскичил мамилелер үстөмдүк кылат. Айрыкча «намыс» жагынан ушундай, намыс үчүн деп киши өлтүргөн учурлар кездешет. Шаарлашкан аймактарда – Лахордо, Карачиде, айрыкча Исламабадда эркиндик жана мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк: шаарларда иштеген аялдар көп эле кездешет. Аялдардын саясий турмушкан катышуусу алар үчүн парламенттен орун камдалгандыгы менен бекемделет. Бул өлкөдө аялдар премьер- министр, Улуттук жыйындын төрайымы, министр жана элчи кызматтарын ээлеген. Соңку жылдарда аялдарга укук жана мүмкүнчүлүк берген бир катар мыйзам актылары кабыл алынды. Буларга жумуш ордунда асылуудан аялдарды коргогон, никени Куран менен эле кыйып коюу салтын (бул салт Синд провинциясында таралган, аялдын бөтөн чөйрөдөгү киши менен турмуш курушуна, мурас ээлешине жол бербеш үчүн колдонулат) мыйзамсыз деп жарыялаган, аялдын бетине кислота чачкандыгы үчүн жаза катары өмүр бою түрмөгө отургузууну караган жана туруктуу орган катары Аялдар иштери боюнча улуттук комиссия түзүү жөнүндө ж.б. мыйзамдар кирет. 5.1.2 Жабыр тарткан аймактар CASA-1000 долбоорунун Ооганстан чегарасындагы Торхамдан Пакистан аркылуу Пешавардын жака белиндеги Шей Мохаммади желе чордонуна чейинки биротоло аныкталган узундугу 71 км ЖЧТТ электр өткөрүү чубалгысын түзөт. Бул багыттагы сунушталуучу чубалгы Федералдык башкарылуучу уруулар аймагындагы Хайбер округу жана Пешавардын сыртындагы, бирок ушул провинциянын администрацисына караштуу облус аркылуу өтөт. Коомдоштук ала турган пайдага негизделген социалдык-экономикалык формалар Долбоорго камтылуучу райондордун социалдык-экономикалык формасы 2012-жылы СКСЖСБ биргелешип жүргүзгөн изилдөөдө келтирилген коомдоштук үчүн пайдага негизделет. Бул изилдөөнүн максаты CASA-1000 долбоорунун багыты боюнча иш чаралардын пайдасын коомдоштук чогуу көрүшү үчүн иш-тизменин пунктун түзүү болчу. Изилдөөнүн жүрүшүндө багытка бойлото жайгашкан 13 айылдын тургундары суралды (жалпы 27 калктуу конуштун ичинен). Үй чарбаларын иргеген (орто эсеп менен үй чарбаларынын 31 пайызын камтыган) ар бир иликтөөдө фокус топтор менен аңгемелешүүлөр жүргүзүлүп, негизги маалымат берүүчүлөр менен маек өткөрүлдү. Коомдоштуктун биргелешип пайда көрүүсүн изилдөөнүн жүрүшүндө Пакистандагы электр өткөрүү чубалгысынын багыты географиялык жана уруулук катыш боюнча үч секцияга бөлүндү:  A секциясы – Шейх Мохаммади желе чордонунан (Пешавардын жака белинде) Кархано базарга чейин;  В секциясы – Джамруддан Хаджи Аюб Кейлиге чейин (мында Африди уруусу басымдуулук кылат);  C секциясы – Шейхвалдан Торхамга чейин (мында Шинвари уруусу басымдуулук кылат реобладает племя). a) Калкы 82    Изилдөө чөлкөмүндөгү (13 айылдагы) калктын жалпы саны 17,315 үй чарбасында жашаган 0.114 млн. кишини түздү. Калктын жалпы санынан, А секциясындагы 5 айыл, 61 пайыз, үй чарбасынын орточо өлчөмү 6.97 киши. В секциясындагы калк 17.5 пайызды түзөт, үй чарбасынын орточо өлчөмү 6.16 киши. Ал эми С секциясындагы калк 21.5 пайызды түзөт, үй чарбасынын орточо өлчөмү 5.9 киши. Биргелешкен үй- бүлөлүк тутум кеңири таралгандыктан, үй чарбаларынын өлчөмү 20-26 кишиге чейин жетет. Ошентсе да, үй чарбалары жөнүндөгү маалыматтар үй-бүлөнүн стандарттуу аныктамасына негизделген.21 Ошентип, үй чарбаларынын орточо өлчөмү 6.6 кишини түзөт (8-таблицаны жана 1-сүр. кара). Иликтенген калктын гендерлик курамы: эркектер – 51 пайыз, аялдар – 49 пайыз. Электр өткөрүү чубалгысын бойлото жайгашкан айылдар уруулук негизде бириккен. Негизги үч уруу – момандар, африди жана шинвари ар бир секцияда бар. Ар бир секциядагы айылдар майда уруктар менен толукталат, булардын жергиликтүү аталышы Хель же Зай. Айылдардын өлчөмү 200дөн тартып 1000ден ашуун үй чарбасына чейин жетет. 8-таблица: Калктын иргеме жыйындысын жынысы жана үй чарбанын өлчөмү боюнча бөлүштүрүү Айылдаг Иргеме үй чарбалары Иликтенген ы ү/ч Иликт. Калкы Эркек Аялда Ү/ч Секция айылдар жалпы ү/ч тер р рточо саны өлчөмү A-1 Салман Хель 2,600 862 6,591 3,056 3,535 7.6 A-2 Машу Хель 650 200 1,278 658 620 6.4 Шейхан 2,550 A-3 Килей 924 5,398 2,703 2,695 5.8 Ш.Мохаммад 2,100 A-4 и 683 4,230 2,254 1,976 6.2 A-5 Муштар Зай 1,650 539 4,886 2,518 2,368 9.1 B-1 Сур Камар 500 125 778 386 392 6.2 B-2 Шагай 478 173 921 512 409 5.3 B-3 Шах Кас 1,127 300 1,709 902 807 5.7 B-4 Али Масджид 975 300 2,128 1,159 969 7.1 C-1 Торхам 895 210 1,210 615 595 5.8 C-2 Гагра 480 152 859 466 393 5.6 C-3 Шейхвал 960 228 1,112 613 499 4.9 C-4 Садо Зай 2,350 774 4,902 2,471 2,431 6.3 Бардыгы 17,315 5,470 36,002 18,313 17,689 6.6                                                              21  Бир түтүнд (үйдө) жашаган же өзүнчө турак жай ээлеген, тамак‐аш даярдоо үчүн өзүнчө шарты бар,  мүчөлөрү кандаштыгы же мыйзам боюнча байланышкан адамдардын баары бир үй‐бүлөнү түзөт.      83    Бүтүндөй аймактагы калктын сабаттуулук деңгээли 37 пайызды түзсө, мунун 93 пайызынан ашуун бөлүгүнүн кесиптик кууш багытта гана сабаты бар. Суралгандардын үч тобундагы айырмачылыктар: С секциясындагы айылдарда сабаттуулуктун катышы (49 пайыз) мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайлары иштеген кошуна А секциясындагыдан (35 пайыз) жогору. В секциясындагы айылдарда сабаттуулук деңгээли төмөнүрөөк – 33 пайыз. Эркектер менен аялдардын сабатуулугунда чоң айырма бар. эркектердие жалпы сабаттуулук деңгээли 59 пайыз, ал эми аялдардыкы 14 гана пайыз. Секциялардагы жалпы сабаттуулук деңгээли ар башка болсо да, А жана В секцияларында гендерлик теңсиздик жагынан айырмачылыктар анча чоң эмес экендиги 2-сүрөттө көрүнүп турат. Бирок сабаттуулук деңгээли эң жогору болгон С секциясында аялдардын сабаттуулук катышы анча чоң эмес. Бул секциялардагы сабаттуулардын билим деңгээли анча жогору эместиги, чектелгендиги айтылат. Сабаттуулардын жалпы санынан 94 пайызы 5-класска чейинки башталгыч гана билим алган же бир нече жыл медресеге каттаган, 3 пайызы 8-класска чейин окуган, 2 пайызы орто мектептин (high school) деңгээлине жеткен, 1 пайызы гана 84    орто мектептин (secondary school) жогорку класстарын аяктаган. Колледжден же университеттен билим алган адамдар жокко эсе. 3-сүр.: Сабаттуу адамдардын сабаттуулук деңгээли Талкуулардын жана аңгемелешүүлөрдүн жүрүшүндө суралгандардын дээрлик баары сабаттуулук маселесинде «фундаментализмдин тарапкерлери» болуп чыгышты. Алар расмий билим берүү тутуму өздөрүнүн салттарына карама-каршы келет, алган билимдин коомдогу тиричиликте эч кандай пайдасы жок дешет. Аялдардын билим алуусу боюнча алар талибдердин саясатына кайчы келгидей эч кандай сунуш айтышкан жок. Мунун баары жалпы сабаттуулук деңгээли төмөн, атап айтканда, сабаттуулк жактар гендерлик ажырым да чоң экендиги менен түшүндүрүлөт. 10 жашка чыккан кыздар көшөгө пардадан чыкпоого аргасыз болот, алар айылдын көчөлөрүндө ойной албайт. *үйдүн өзүнчө бөлүгүндө жашоого   b) Жерди пайдалануу, кызматтардын жана энергиянын жеткиликтүүлүгү Жерлердин көбү түшүмсүз жана дөбөлүү болгондуктан, айыл чарбасына ө аз пайдаланылат. Айыл чарбасы ушул себептен C секциясында колдонулбайт жана B 85    секциясында абдан аз (5 пайызга жакын үй-бүлө айыл чарбасы кирешенин негизги булагы болуп эсептелет), ошол эле көрсөткүч А секциясында 16 пайызды түздү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бардык үй чарбалардын жери бар, анын эсебинен күн көрүшөт. Үй чарбалардын көпчүлүгү татаал тутум түрүндө уюшулган, анда үй чарбанын менчигинде турган жер дубал менен тосулган. Анда курулуштун турак жай аянты, хужра (өзгөчө жай), жаныбарлар үчүн короо, жемиш багы жана жер менен суунун жетишинче айыл чарба өсүмдүктөрү буудай жана жүгөрү өстүрүлөт. Курулуш материалдарынын 65 пайызы – kaccha (ылай аралашмасы колдонулган), 22 пайыз – аралаш (бышкан кыш колдонулган) жана 13 пайызы – pakka (кыш жана бетон же устундан үстүңкү курулуштун темир чатыры). Курулуш материалы ошол үй-бүлөнүн экономикалык абалына жараша тандалат. ФБУАда окуу үчүн билим алуу тутумунун бардык инфраструктурасы толугу менен кыйраган. Мугалимдер, көбүнчө баштапкы класстардын мугалимдери, же талибдерге кошулуп, же Пешаварга/башка жерге качып кетишкен. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, акыркы он жылдын ичинде региондогу мектептерде окуу токтогон. ФБУАнын билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамы ФБУАдагы жагдайды төмөнкүчө жыйынтыктады: “ФБУАда мамлекет тарабынан каржыланган мектептерге жана мугалимдерге болгон жетишпестик жок”. 6,000 мектеп жана 33,000 катталган мугалим бар. 3,000-4,000 мугалим өз милдеттерин такай аткарат. Калган 90 пайызы – жергиликтүү малик (Maliks) уруусундагы үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Малик жана ЧНС уруулары кара жумуш менен жан багат22. Мектеп имараттары жана тиешелүү кыматтарын (электр, суу жана көмөкчү кызматкер) малик башкаруусу колдонот. Коомчулуктун пайдаларды бирге колдонуусуна жүргүзүлгөн изидөөнүн жүрүшүндө  медициналык кызматтардан пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө эч кандай маалымат айтылган эмес. Коомчулуктун пайдаларды бирге колдонуусуна жүргүзүлгөн изидөө көрсөткөндөй, ДТЧ кыштактардагы үйлөрдө коопсуз таза сууну орточо пайдалануу мүмкүндүгү 57 пайызды түздү, Гаградагы 0 пайыздан тартып Салман Хелдеги 25 пайызга чейин жана Шейхвалда 100 пайыз диапазонунда (9-таблица) турат. Жер асты суулар суу алынуучу тектердин төмөнкү катмарынан алынат, буга да акча жана күч-аракет талап кылынат. Үйгө моторлоштурулган суу түтүгүн орнотуу кымбатка турат. Суралгандардын 24 пайызы гана үй чарбасында кол менен агызылуучу даараткана бар экендигин, аялдар жана балдар казылган чуңкурларга, ал эми эркектер талааларга барарын билдиришкен. Кол менен агызылуучу даараткананын жайылышы А секциясындагы айылдарда жогору, С секциясындагы кыштактарда эң төмөн. Санитардык-экологиялык каражаттар менен суунун болушу, ошондой эле экономикалык абалы тикелей байланыштуу – кол менен агызылуучу даараткана кымбат турат. Энергияны пайдалануу мүмкүндүгү жагындагы жагдай мындай: бардык айыл- кыштактар расмий “электрлештирилген” же жалпы улуттук энергия тутумуна кошулган деп жарыяланган. Үй чарбасынын деңгээлинде ар бир үй чарбачылыгы каттоого, кошуу үчүн төлөмдөргө жана расмий кошуу үчүн башка акча жыйымдарына жоопкерчилик тартат. Муну кээ бир адамдар аткарып жатса, башкалары кошуналары                                                              22   Коомчулуктун  пайдаларды  бирге  колдонуусуна  2012‐жылдын  29‐апрелинде  жүргүзүлгөн  изидөөнүн  жүрүшүндө ФБУА ГН менен (СКСЖСБ) интервью, с. 44  86    аркылуу мыйзамсыз кошулуп алышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпы электрлештирүү бардык үч секцияда абдан аз өзгөрүүлөр менен орточо 76 пайызды түзөт. Ошондой болсо да, электрлештирүү электр менен дайыма камсыз кылуу дегенди түшүндүрбөйт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр көп учурайт. Маалыматтарга таянсак, долбоордук айылдарда электрди пайдалануу мүмкүндүгү: A секциясы: суткасына 3-4 саат. B секциясы: суткасына 1-2 саат. C секциясы: суткасына 1 саат гана. Дагы бир көйгөй – электр кубатынын начардыгы. Эл көп пайдаланган сааттарда (кечки 17-22 сааттарда) чыңалуунун төмөндөөсү – негизги көйгөйлөрдүн бири, ушул убакта үй чарбалары үчүн электр энергиясы жарык берүүгө, тамак даярдоого, кышында жылытууга жана жайкы кечтерде электр желдеткичтери үчүн керек. Бул аймак бүт бойдон түшүм бербеген дөбөлөрдө жайгашкандыктан, жыгач отуну тартыш, аялдардын көпчүлүгү тамак даярдоо үчүн электр жылыткычтарын же тезек жагышат. Күчөгөн сааттарда электрдин тартыштыгы/ чыңалуусунун начардыгы тиричиликте чоң көйгөйлөрдү жаратат. Талибдердин бийлиги жана согуштук иш-аракеттердин токтобой жатышы Хайбер округунда, Пешавардын шаарынын айланасындагы райондордо электр энергиясын бөлүштүрүү жана тарифтердин жыйым тутумун толугу менен шал кылып салды. Азыктандыруучу электр желеси кандайдыр бир деңгээлде иштеп, ал эми электр PESCO энергия бөлүштүрүүчү компания тарабынан жүктөмдү башкаруу боюнча планга ылайык берилип жатса да, төлөмдөрдү чогултуу тутуму толугу менен кароосуз калган. ФТТнын бардык суралуучулары акыркы он жылдын ичинде электр энергиясын пайдалануу акысын такыр төлөшпөгөндүгүн билдиришти. 9-таблица: Изилденген айылдарда электрди, таза сууну жана кол менен агызылуучу даараткананы пайдалануу мүмкүндүгү С№ Айылдар Электр Таза суу Кол менен агызылуучу даараткана A-1 Салман Хель 92% 25% 11% A-2 Машу Хель 97% 97% 57% A-3 Шейхан Килей 26% 39% 27% A-4 Шейх Мохаммоди 82% 77% 48% A-5 Муштар Зай 100% 90% 30% B-1 Сур Камар 90% 60% 48% B-2 Шагай 29% 16% 30% B-3 Шах Кас 84% 47% 10% B-4 Али Масжид 100% 87% 18% C-1 Торхам 43% 57% 19% C-2 Гагра 100% 0 0 C-3 Шейхвал 98% 100% 0 C-4 Садо Зай 51% 49% 13% Орточо 76% 57% 24% d) Тиричилик каражаттары 87    Долбоордо камтылган райондордун эмгекке жарамдуу калкы (үй-бүлө багуучу), белгилүү болгондой, эркектерден турат: уруулук коомдо аялдардын ролу үй түйшүгү жана үй чарбасынын деңгээлиндеги майда өндүрүштүк иштер менен чектелет. Буга чейин айтылгандай, жердин көбү түшүм бербеген (суунун курч жетишсиздиги) жана дөбөлүү болгондуктан, үй чарбаларынын аз гана бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет. А секциясында орточо 16 пайыз үй чарбасы кирешенин негизги булагы айыл чарба болуп эсептелерин билдиришти, ошол эле убакта В секциясында көрсөткүч – 5 пайызды жана С секциясында нөлдү түздү (10-таблицаны караңыз). “Бизнес жана жеке ишкер” категориясы дүкөнчүлөрдү, кыймылсыз мүлк ээлерин, кыймылсыз мүлк башкаруучуларын, ортомчуларды, ташуучуларды, дан сатуучуларды, дүңүнөн сатуучуларды, жалдоочуларды, майда өндүрүүчүлөрдү жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү камтыйт. Суралган үй чарбаларынын 27 пайызы бизнес жана жеке ишкердик алар үчүн кирешенин негизги булагы болуп эсептелерин билдиришти: эң төмөн үлүш - А секциясында (10 пайыздан бир аз кем), эң жогорку - С секциясында (62 пайыз). Бул секцияда эң жогорку үлүш чек арага жакын айылдарга туура келет (мисалы, Шейхвал – 72 пайыз жана Гагра – 70 пайыз). Бул чет элдик товарлардын иш жана соода борборуна жана Кархано Базар деп аталган салыксыз зонага жакындыгы менен байланыштуу. 10-таблица: Айылдарда үй чарбалардын киршесинин негизги булактарынын пайыздык үлүшү Киреше булактары (пайыз менен) Айыл Бизнес/ Мамле Жеке Жалданм Киреше дар А/ч Жеке кеттик сектор а жумуш/ Башка булагысыз Баары ишкердик сектор күндүзгү лар эмгек акы A-1 29 6 6 16 24 16 3 100 A-2 17 6 20 10 31 7 9 100 A-3 12 15 22 5 24 21 1 100 A-4 14 5 8 10 57 5 1 100 A-5 7 17 17 17 30 11 1 100 B-1 6 17 5 17 42 11 2 100 B-2 3 5 21 24 12 31 4 100 B-3 1 21 8 12 36 20 2 100 B-4 2 20 15 2 38 21 2 100 C-1 0 52 6 11 23 6 2 100 C-2 0 70 5 3 17 2 3 100 C-3 0 72 6 1 12 7 2 100 C-4 0 45 2 12 35 4 2 100 Орточо 7 27 11 11 29 12 3 100 Булагы: 13 айылдагы үй чарбаларын изилдөө Мамлекеттик сектордо эмгекке орношуу үчүн көбүнчө айылдан алыс жерде болууну, ушуга ылайык, үй-бүлө багуучудан барып келүүнү же үйдө болбошун талап кылат. Сабаттуулуктун жана техникалык тажрыйбанын жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү кароолчу, тейлөөчү кызматкер, жумушчу, айдоочу жана/же аскерлештирилген түзүлүштөрдө солдат катары гана пайдаланылуусу мүмкүн. Үй чарбаларынын 11 пайызы мамлекеттик сектордо иштөө кирешенин негизги сектору болуп эсептелерин билдиришти. Эң жогорку үлүш – А секциясындагы үй чарбаларына (орточо 15 пайыз), ал эми эң төмөнү С секциясына (5 пайыз) туура келет. 88    Ошол эле себептер боюнча жеке сектордо эмгекке орношуу мүмкүнчүлүгү кароолчу, тейлөөчү кызматкер, жумушчу, айдоочу жана ташуучу сыяктуу кесиптер менен чектелет. Бул мүмкүнчүлүктөр негизинен Пешаварда бар. Жалпысынан 11 пайыз үй чарабалары жеке секторго жумушка орношуу кирешенин негизги булагы экендигин билдиришкен. Кирешенин эң чоң үлүшү күнүмдүк эмгек акы алып иштеген ар түрдүү же жалданма жумушчуларга: үй чарбаларынын жалпы санынын 29 пайызына туура келет. Бул адамдар негизинен бизнесте же курулуш иштери менен алектенет. Секциялар арасында кээ бир айырмачылыктар бар: А секциясы менен В секциясында жумушчулардын үчтөн бир бөлүгү – күнүмдүк эмгек акы алып иштеген жумушчулар, ал эми С секциясында бул көрсөткүч 22 пайызды түзөт. Бул айылдардагы көп адамдар сурамжылоонун жүрүшүндө өз киреше булактарын айтып, аларды “башка булактар” категориясына киргизишкен. Бул үй чарбаларынын жалпы санынан 12 пайызга жакынын түзөт, көбүрөөк үлүш – В секциясына (20 пайыз) жана эң төмөнү С секциясына (2 пайыз) туура келет. e) Аялдардын абалы CASA-1000 долбоорунда камтылган райондордогу аялдардын абалы ФБУАнын бардык аймагындагы аялдар үчүн мүнөздүү. Баарына мурда Пакистандын калган бөлүгүнөн айырмаланып, аялдардын коомдук турмушка, жада калса жергиликтүү же райондук базарларга да катышпагандыгын белгилей кетүү керек. Көшөгө-пардага жашынуу, паранжы жамынуу салты (Purdah) абдан катуу сакталат. Аймактагы үй чарбалардын татаал түзүмүнө ылайык, аялдар үй ичиндеги жумуштарды гана аткара алат – үйдү жыйыштыруу, бала багуу, мал кароо, майда өндүрүш иштери менен алектенүүгө укуктуу. Кээ бир жумуштарды (мисалы, суу ташып келүү, отун терүү, малга жем берүү23) орундоо үчүн аялдар үйдөн чыгышы керек болот. Бирок мунун да так аныкталган чеги бар. Башка үй чарбалардагы эркектер тийиштүү чөлкөм аялдарга таандык экендигин билишет да, ал жерлерге жолобойт. Айылдан сырткарыга чыгуу, мисалы, дарылоо мекемелерине баруу зарыл болуп калганда, аялдар паранжы жамынып алышат. Аялдардын коомдук турмушка аралаша албагандыгы таң калычтуу эмес: аларды баланчанын кызы же аялы деп аташат, үйдөн тышкарыда өздөрүнүн ысымынан айтып эч ким аларды чакыра албайт. f) Аялуу топтор Коомдоштуктардын пайданы чогуу көрүү мүмкүнчүлүгүн иликтегенде, кедейлерди айырмалоо үчүн жашоо деңгээлин даражалоонун интерактивдүү жолу пайдаланылды. Буга байланыштуу коомдоштуктардын мүчөлөрү өздөрүнүн кошуналарынын экономикалык абалын баалап, чоң ФТТда                                                              23 Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын көптөгөн коомдоштуктарында аялдар отун терүү, суу ташуу сыяктуу түйшүктөрдөн бошобой, билим алууга же кирешелүү ишмердик менен алектенүүгө убактысы жетишпейт. Алар мештен күл чыгарып, от жагып, тамак-аш даярдоого да көп убактысын коротушат. Начар күйө турган отундун түтүнү, жакшы желдетилбеген үйдөгү аба аялдардын өпкө ооруга чалдыгышына алып келет. Аялдар отун тергенде да табигый коркунучтарга кабылышат. Долбоордун алкагында дүйнө жүзүндөгү гендер жана энергияга тиешелүү төмөндөгүдөй жагдайлар аныкталды: i) энергетиалык муктаждыктарды канааттандыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жер шартын жана жергиликтүү ресурстарды жакшы билген аялдарды тарткан оң; ii) энергетикалык муктаждыктарды караштыруу иштерин ден соолук, билим берүү жана айыл чарбасына байланышкан башка иш-аракеттер менен айкалыштыруу зарыл; iii) суюлтулган мунай газдын жана башка экологиялык таза отундун башка түрлөрүнүн жеткиликтүүлүгү тамакты биомасса жана отун жагуу менен бышырууга мүмкүндүк берет; iv) отун терүү, суу ташуу менен байланышкан өздөрүнүн салттуу милдеттери жеңилдеген соң, аялдар жана кыздар абдан жакшы пайда таба алат. Гендер жана туруктуу өнүгүү үчүн энергия: усулдар топтому жана маалымдагыч, БУУӨП, 2004-жыл. 89    тыянактарды чыгарышты. Суралган калктын 62 пайызы кирешеси аз (49 пайыз) же өтө начар (13 пайыз) деген категорияларга туура келери белгилүү болду. 11-таблица: Үй чарбаларынын жакырчылык боюнча рейтинги # Кыштак Жогорку Орточо Төмөнкү Өөтө киреше киреше киреше жакырла (жакырлар) р A-1 Салман Хель 5% 28% 55% 12% A-2 Машу Хель 4% 49% 34% 13% A-3 Шейхан Килей 9% 42% 38% 11% A-4 Шейх Мохаммоди 9% 19% 56% 16% A-5 Муштар Зай 9% 40% 45% 6% B-1 Сур Камар 2% 24% 71% 3% B-2 Шагай 5% 55% 35% 5% B-3 Шах Кас 0.5% 37.5% 59% 3% B-4 Али Масджид 7% 30% 59% 4% C-1 Торхам 25% 31% 35% 9% C-2 Гагра 4% 14% 60% 22% C-3 Шейхвал 8% 48% 38% 10% C-4 Садо Зай 5% 17% 58% 20% Орточо 7% 31% 49% 13% Булак, 13 кыштактагы үй чарбаларынын иликтөө. Өтө жакыр үй чарбаларынын 2%ы аялуу үй чарбаларын түзөт, т.а. алардын тирилик каражаттары жок жана башкалардан көз каранды. В жана С секциясындагыларга караганда (2.5 пайыз) А секциясындагы (жарамдуу райондор) аялуу адамдардын үлүшү бир аз жогору (3%). Жашоого каражаты бар жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрү социалдык жактан корголбогон кишилерди колдоо үчүн зекет (жыйган мал- мүлкүнүн эсебинен 2.5% акчалай же натуралай түрдө берилүүчү ислам кайрымдуулугунун милдеттүү төлөмү) беришет. Киреше булагы бар өтө жакыр категориядагылардын калган 11 пайызы да аялуу абалда, анткени алар билим алууга, тамак-ашка анан да саламаттыкты сактоого болгон керектөөлөрүн канааттандыра албайт, ошондуктан алар киреше булагы жоктордун категориясына оңой эле өтүп калышы ыктымал. IEL АЧСЧТБ негизиндеги социалдык-экономикалык формалар Экологиялык жана социалдык таасирди баалоо алкагында «Integrated Environments Ltd» жоопкерчили чектелген коом тарабынан даярдалган салыштырмалуу толук рекогносцировкалоочу (чалгындоочу) талаа инженердик-геологиялык изилдөөлөр ДТЧнын узундугу 71 км, туурасы 100 м болгон тилкесинде ооган чегиндеги Торхам менен Пешавардын ортосунда жүргүзүлдү. Баштапкы экологиялык жана социалдык маалымат 2007-жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айларында чогултулду. Маалыматты Пакистандагы ЭӨЧ чек ара аралык долбоорунун узундугу 71 км – саат 500 ЖЧТТ секциясы үчүн жакында Жердин жандоочусунан алынган 6м көрмө маалымат толуктады. Тийиштүү кеп-кеңеш иштери (иргөөнүн 20 пайызы) долбоор камтыган калк (ДКК), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) өкүлдөрү менен жүргүзүлдү. Талкуу долбоорду пландоону, багытты аныктоону, курулушту жана андан келип чыгуучу түйшүктөрдү камтыды. Бардык 90    катышуучулардын көйгөйлөрү менен суроолору жазылып алынды. САSА - 1000 долбоору камтыган калктын социалдык-экономикалык абалын IEL баалоосунун жыйынтыктары төмөнкүчө: a) Административдик тутум Буга чейин маалымдалгандай, ДТЧнын аймагындагы жер учаткалары эки түрдүү мекеменин жер менчигинде/карамагында турат. Торхам чек арасынан Барага чейин жер уруулардын (ФБУАнын Хайбер округуна кирүүчү) ээлигинде болсо, ал эми Барадан ДТЧнын аягына чейин Пакистан өкмөтүнүн (ПӨ) карамагында. Уруу кишилеринин өздөрүнүн автономиялары бар жана өз иштерин ишенимдерине, ырым- жырым жана каада-салттарына ылайык жүргүзүшөт. ДТЧны бойлото жаткан жер – уруулардын жана жергиликтүү жааттардын жамааттык менчиги. Жамааттык жер уруулардын адат укугуна карап, иш жүзүндө калыстык даражасын, калыс бөлүштүрүүнү камсыз кылат. Социалдык колдоо жол-жоболору бул райондордо салыштырмалуу жогору, анткени коомдук долбоорлор менен иш- чараларда (киши каза болгондо жана той-аштарда; түшүм жыйнап, кырман бастырганда; коомдук чогулуучу жайлар (худжра) мечиттерди курганда; сугат каналдарын курганда жана тазалоодо; суу каптоодон коргонууда; чыйыр жолдорду тазалап кароодо; токой кыйганда жана чөп чабууда) жабалы катышат. Ар бир уруулук уюм саясый агенттин тескөөсүндө болуп, ага агенттин бир нече жардамчылары, техсилдарлар (техсил администрациясынын башчысы) менен наиб техсилдарлар (техсилдарлардын орунбасарлары), ошондой эле ар түрдүү жергиликтүү полициянын өкүлдөрү (хассадарлар) менен коопсуздук күчтөрү (кол, чалгынчылар) көмөк көрсөтөт. Өзүнүн административдик кызматтык милдеттеринин алкагында саясый агент тармактык ведомстволор менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (камдоочулардын) ишин көзөмөлдөйт. Саясый агент чектер же табигый ресурстарды пайдалануу жаатындагы уруулар ортосундагы териштирүүлөргө жана башка уюмдарга же калктуу конуштарга табигый ресурстарды сатууну жөнгө салууга да жооп берет. Саясый агент долбоорлорду өнүктүрүүдө жетектөөчү роль ойнойт жана ар түрдүү мамлекеттик чиновниктер кызмат кылган мекеме комитетин башкарат, сунуштарды берип, өнүгүү боюнча долбоорлорду бекитет. Бул адам мамлекеттик жогорку мансаптагы адам катары уруу башчыларын байланыштырат жана айыл чарбаны өнүктүрүү пландарынын координатору катары да кызмат аткарат. Джирга (аксакалдар кеңеши) жана Малик тутумдары – элдештирүү жана жергиликтүү талаш-тартыштарды чечүү максатындагы жана жергиликтүү эрежелер менен каада- салттарды бузгандарды жазалоочу эң күч-кубаттуу жергиликтүү институттар. Маалыматтарга караганда, кылмыштуулук деңгээли ФБУАда төмөн. Бирок коррупция талаш маселелерди чечүүнүн уруулук тутумуна кире тургандыгы маалымдалат. Калктын жакыр жана аялуу катмары джирга тутумуна кол жеткизе алышпайт. Джирга эң мурда меймандостукту талап кылат, ал эми калктын аялуу жана жакыр тайпасынын буга мүмкүнчүлү жок. Калктын аялуу жана жакыр катмары джирганын акыркы чечими адатка айлангандай, байлар менен таасирдүү адамдардын (джирганын үмүтүн актаган капчыктуулардын) пайдасына чечилерин айтышып айыпташты. Маликтин өкүлүнүн өз уруусунун арасында макамы өтө жогору. Саясый агент Маликке анын жергиликтүү өкүлдүк чыгымдарына можиб (акчалай жардам) катары кайсы бир өлчөмдөгү акча берет. Маликтин кишилери жакшы адамдык сапаттарга ээ болушкандыктан, аларды жергиликтүү тургундар урматташат, зарыл учурда жана өзү 91    ылайыктуу деп тапканда куралдуу операцияларды жүргүзүү үчүн алардын карамагында курал-жарак жана жигиттер болот. b) Калкы ДТЧдан анча алыс эмес жерде жайгашкан 27 калктуу конуш аныкталды. Көпчүлүк тургундар 300-4,000 калкы бар айылдык калктуу конуштарда турушат. ДТЧны бойлото төрт негизги уруу: Африди, Шинвари, Муллагори жана Шалмани жашайт. Урууларда өз каада-салттары жана үрп-адаттары бар уруктар/жааттар жашайт. Көпчүлүк үй- бүлөлөр 10-30 тургундан турган бирдиктүү/кеңейтилген үй-бүлө тутуму боюнча күн кечиришет. ДТЧдагы калктын сабаттуулук деңгээли эркектер үчүн 37%, аялдар үчүн 3% түздү. c) Тейлөөнүн жана энергиянын жеткиликтүүлүгү Болжол менен тургундардын 44 пайызы дубал үйлөрдө, 40 пайызы бетон/дубал үйлөрдө, 16 пайызы бетон үйлөрдө жашайт. Калктын болжол менен 60 пайызында агызма дааратканалары бар, 75 пайызы таза сууну оңой пайдалана алышат. Адатта суу дарыянын нугун бойлото жайгашкан көлмөлөр/булактар менен суу тарта турган сормолордон алынат. Көлмөлөр калктуу конуштардан алыс жайгашкан райондордо аялдар суу алып келүү үчүн бир канча аралыкка барышат. Калктын 92 пайызы электр кубатынан пайдалана алат. Медициналык мекемелер, мектептер жана таш төшөлгөн жолдордон калктын 50 пайызы жана андан азыраагы пайдалана алат. d) Жашоо каражаттары IEL АЧСЧТБ көпчүлүк ФБУАларда жердин таштактыгынан жана түз эместигинен, ылайыктуу жер участкаларынын жоктугунан жана суунун жетишсиздигинен айыл чарбасы өнүкпөй жаткандыгын аныктады. Түндүк ДТЧнын үчтөн эки бөлүгүндө майда мал багуу менен алек болушат. Көп учурларда айыл чарбасы менен жер салыштырмалуу семиз болгон түштүктүн үчтөн бир бөлүгүндө, Жамруд менен Пешавардын ортосундагы Шейх Хан, Бара жана шейх Мухаммади шаарларында шугулданышат. Аюб Африди уруусунун Бара желе чордонунан тартып Шейх Мухаммади желе чордонуна чейин созулган 1,000-2,000 гектар айыл чарба жери бар. Маалымдалгандай, Пакистандагы чек аралардын ортосундагы Хайбер ашуусуна дайыма апийим өстүрүлөт. ДТЧнын жергиликтүү тургундарынын кеңири таралган жумуштары: айдоочулук, жүк ташуучулук, мандикерлик жана айыл чарба иштери. ДТЧдагы үй чарбаларынын орточо кирешеси 281,400 рупий, ал эми орточо чыгымы 155,000 рупий. e) Аялдардын абалы Уруулук коомдогу аялдардын абалы эркектерге кыңк этпей баш ийүүдө турат. Салтка ылайык үй чарба башчысы (улуусу) бардык үй-бүлө үчүн акыркы чечимди кабыл алууга укугу бар. Бул жамааттардагы талиптердин катышуусу аялдардын кандайдыр билим деңгээлине ээ болуу аракетин татаалдантты – себеби суннит исламынын катуу формаларына ылайык, аялдардын орду үйдө. Шаардык райондордогу аялдарды окутууга мына ушул суннит согушчандары формалдуу коркунуч туудурат. Аялдарга карата зомбулукка алып келген айылдык райондордо коркунуч бир топ олуттуу. Аялдар айыл чарба жумуштарына, отун даярдоого жана суу ташууга жигердүү катышат, буга кошумча үйдөгү иштердин бардыгы анын мойнуна жүктөлгөн. 92    f) Аялуу топтор ЭӨЧнын сунушталган багытынын алкагында көпчүлүк тургундар ашкере жакыр жашайт жана «аялуу» саналышат. Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча 2011-жылы болжол менен үч жүз кишинин арасында (калктын аялуу тобу аялдар менен балдар болуп) холера оорусу пайда болгондугун эске алганда, суу менен камсыздоо жана санитария маселелери чоң тынчсызданууну жаратат. Көпчүлүк адамдар өтө жакырлардын катарына кошулбаганы менен, сабаттуулук деңгээли дээрлик төмөн же нөлгө барабар (иргеме: эркектердин 37 пайызы, аялдардын 3 пайызы). Райондун экологиясы тоют жана отун үчүн пайдалануучу аймактар өтө тездик менен азайып бараткандыгы адамдары жакынкы райондордогу тириликтин башка булактарына (мыйзамдуу жана мыйзамсыз) таянууга түртүп жаткандыгын көрсөттү. 5.2 ДОЛБООРДУН ТААСИРИ 5.2.1 Методология социалдык таасирин баалоо көп жагынан IEL компаниясы даярдаган Борбордук жана Түштүк Азияга электр кубатын өткөрүү (САСА 1000) боюнча АЧСЧТБ жана АСЧТП долбоору: турмушка ашыруу ыктымалдуулук баскычы на негизделген. САSА - 1000 өткөргүчүнүн бардык жогорку вольттуу чубалгы багыты боюнча терс таасирин азайттуу жана конкреттүү экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү тариздөө Жер жандоочусунан алынган жаңы сүрөттөрдү пайдалануу менен, АЧСЧТБ IEL трассанын экологиялык жана социалдык планын даярдоого жол ачты. Мындан тышкары 2007-жылдын октябрь-декабрь айларында долбоор камтыган райондордо базалык иликтөөлөр жүргүзүлүп, жергиликтүү кызыкдар тараптар (ЗПН, өкмөт чиновниктери, жергиликтүү БӨУ) менен тийиштүү кеп-кеңеш иштери жүргүзүлдү. 5.2.2 Трассанын планына негизделген социалдык милдеттер Төмөнкү таблицада Пакистан аркылуу өтүүчү болжолдонгон ЭӨЧ багытынын аралыгы боюнча трассанын планынан топтолгон социалдык милдеттер берилген. 12-таблица: Пакистандагы САSА - 1000 багытын бойлото кеткен трассанын экологиялык жана социалдык планындагы социалдык милдеттер Трассан Социалдык иш-милдеттердин сыпаттамасы ын планы СФ-100 Болжолдонгон ЭӨЧ багыты коомдоштуктардын инфратүзүмүн аралап, чоң арык аркылуу өтөт. Хайбер ашуусу ДТЧдан 1.5 км түштүк- чыгышта жайгашкан, ал эми Торхам-Джумрад магистралы/ N5 магистраль сунуш кылынып жаткан багыт менен жарыш өтөт. СФ-101 Мачи коомдоштугунун текшерүү пункту болжол менен ДТЧдан 1.25 км түндүк-чыгышта жайгашкан. Ал маданий мурас объектиси катары каралат. Жерди пайдалануу тиби коммуналдык инфратүзүмүн, иштетилүүчү жерлерди, жолду, темир жолду жана дың жерлерди камтыйт. ДТЧга өтө жакын жайгашкан жамааттар бар. Ланди Котал коомдоштугу болжолдонгон ЭӨЧ багытына жарыш жайгашып, 93    ДТЧнын түндүк тарабында 0.5 км ары турат. Ланди Котал туризм объектиси болуп эсептелет жана бул жерге авто жана темир жол унаасында жетүүгө болот. СФ-102 Багыт Хайбер дарыясынын жанында орун алган Ланди Котал коомдоштугуна жарыш жайгашат. Касиеттүү жай Али Масжид форту, болжолдонгон ЭӨЧ багытынан чыгышты көздөй 0.8 км аралыкта орун алган, бирок ал багытка кедерги болбойт. AS-103 Жерди пайдалануунун негизги түрлөрү: иштетилген жерлер, дың жерлер жана коммуналдык инфратүзүм болуп эсептелет. Багыт Жамруд дарыясы менен Жамруд шаарын (Пешавардан 17 км турат, Пешаварга авто жана темир жолу бар) кесип өтөт. ДТЧ коомдоштуктардын инфратүзүмүн жана айыл чарба жерлерин аралап өтүп, Пешавар шаарына кирет. СФ-104 Болжолдонгон ЭӨЧ коомдоштуктардын айыл чарба жерлерин, чоң арыктар менен инфратүзүмүн кесип өтөт. Бара жолу менен Бара суусу кесилишет. Багыт айыл чарба жерлери жана коомдоштуктар жашаган анча чоң эмес капчыгайлар аркылуу өтөт. СФ-105 Бул бөлүктө иштетилүүчү жерлер менен коомдоштуктар басымдуулук кылат. Болжолдонгон ЭӨЧ багыты Пешавар-Хаятабад жолун кесип өтөт. Машо Хель коомдоштугу жолдун жанында жайгашкан. Мында жыш жайгашкан иштетилүүчү жерлерди байкоого болот. Болжолдонгон ЭӨЧ багыты Шейх Мухаммади көмөк чордонунда аяктайт. Көмөк чордон N55 магистраль (өнөр жай магистралы) жана Сарбанд жолу менен биригет. 5.2.3 Социалдык таасирди баалоо Пакистандагы ДТЧнын алкагында САSА - 1000 долбоору адамдар менен коомдоштуктарга төмөнкүдөй таасир тийигизет деп болжолдонууда: a) Жер алуу Бул долбоор үчүн жерди туруктуу алуу зарылдыгы болбойт деп болжолдонууда, анткени тирөөчтөрдүн айланасындагы жерлерди айыл чарба максатында пайдалана берсе болот. Балким, көчүп-коно турган жерди алууга туура келет. Жерди убактылуу алуу жалдануучулардын (жумушчулардын) конуштары, инерттүү материалдардын аңдары жана катнаш жолдор үчүн зарыл. Бир конуш болжол менен 2500 м2 ээлейт. Убактылуу жер алуу анчалык таасир этпей тургандыгы айтылып жатат. b) Айыл чарба өсүмдүктөрү менен бак-дарактардын тарткан чыгашасы Чыгашанын чоңдугу курулуш кайсы мезгилде жүрө тургандыгына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүнө жараша болот. Багыт өтө дыкаттык менен тандалып алынып, баалуу жерлерден буйтап өтүлүп жана чыгашаларды азайтуу боюнча чаралар көрүлсө, түшүмдүн чыгашасы дээрлик жокко эсе болот. c) Саламаттык жана коопсуздук Курулуш жумушчулары ызы-чуудан баштап олуттуу сыркоолонууга жана жеке турмушунун кол тийбестигине чейинки бир катар ыңгайсыздыктарга кабылышы 94    мүмкүн. Эксплуатация баскычында калктын ден соолугу менен коопсуздугуна тийген таасир анчалык чоң болбойт. d) Тиричилик каражаттары Жергиликтүү фермерлер тирөөчтөрдүн же катнаш жолдордун курулушу менен кирешелерин жоготуп алуулары мүмкүн. Таянычтар менен катнаш жолдордун жайгаша турган жери белгилүү болор замат чыгашанын чоңдугун баалашат. Багытты рационалдуу тандап алуунун эсебинен түшүмдүн чыгашасы азайтылууга тийиш. Бардык айыл чарба өсүмдүктөрү менен бак-дарактардын чыгашасы үчүн компенсация көчүрүү саясатынын түзүмүнө ылайык талкууланып, төлөнүп берилиши абзел. Жалдануучу жумушка алган жергиликтүү жабырлануучуларга артыкчылык берилет. Жергиликтүү тургундардын жалдануучуга иштөө мүмкүнчүлүктөрү болот жана керек учурда жергиликтүү товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр пайдаланылат, ошондуктан ишке орношууга оң таасири тиери күтүлүүдө. e) Аялдар ДТЧдагы калкынын 43 %га жакынын аялдар түзөт. Айыл райондорундагы аялдардын убактысынын көбү талаада өтөт. Бул райондордо жүргөн курулуш алардын жеке турмушуна кийлигишүүнү алып келиши ыктымал. Жергиликтүү аялдардын жеке турмушун коргоо үчүн бардык чараларды көрүү абзел. Конкреттүү көйгөйлөр уруулардын тийиштүү аксакалдары (Маликтер) менен талкууланып турат. f) Коомдук инфратүзүм 7 коомдук инфратүзүм, бир бейит жана 15 соода түйүнү менен 127 үй ДТЧга кабылат деп болжолдонууда. Тирөөчтөрдүн орун ала турган жери анык тандалып алынганча жабыркай тарган кишилер менен инфратүзүмлөрдүн так санын аныктоо мүмкүн эмес. ДТЧга өтө жакын жерде тарыхый, маданий жана археологиялык маанидеги алты участок бар. Бир жай гана, Мачи көзөмөлдөө пункту, ДТЧнын чегинде орун алган. Электр өткөргүчүнүн багыты маданий, тарыхый, диний курулмаларды, мектептер менен коомдук имараттарды айланып өтөт. ЭӨЧ курулушунун чыгашаларын азайтуу боюнча чаралар көрүлө тургандыктан, мурдагы турган электр мамылары жыла койбос. 5.3 СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕСКӨӨ ПЛАНЫ 5.3.1 Долбоорду жүзөгө ашыруунун терс таасирин азайтуу боюнча чаралар Пакистандагы САSА - 1000 долбоорунун ыктымал социалдык таасири жогоруда сыпатталды. Буга байланыштуу терс таасирлерди азайтуу боюнча төмөнкү чаралар көрүлүшү мүмкүн: a) Долбоор түзүү баскычы  Электр өткөргүч чубалгысын жайгаштырууну Пакистандын аймагындагы сунуш кылынган ДТЧга жакын турган калктуу конуштардын тынчын албагандай оңой эле тандап алса болот;  Долбоор камтыган калктын жеке турмушу маанилүү маселе болуп саналат, андыктан багыттын жайгашуусун чечүүчү тандоодо жергиликтүү калктын ишмердиги менен үрп-адатын көңүлгө алуу зарыл;  Долбоордун багытын райондун тиричилигине салыштырмалуу маанилүү болгон бак-дарактарга таасири азыраак тийгидей кылып жүргүзүүгө болот; 95     Электр өткөргүч чубалгысынын багытын мектептер жана калктуу конуштарды айланып өткөндөй кылып, оңой эле жүргүзсө болот;  Адамдардын/курулмалардын ордунан жылдырылбашына аракет жасап, туруктуу турган курулмалардын ЭӨЧдан аралыгын мүмкүн болушунча алыстатуу абзел. b) Курулуштун даярдык баскычы Компенсация жалдануучу курулуш үчүн жерди алганга чейин төлөнүп берилиши шарт;  Эгер курулма көчүрүлө же бузула турган болсо, долбоор ишке ашканга чейин компенсациянын шарттары талкууланып жана төлөнүп берилиши зарыл;  Ушундай эле шарттар айыл чарба өсүмдүктөрү менен өнүмдүү жерлерге да жайылтылууга тийиш. c) Курулуш баскычы  Жергиликтүү тургундар менен чырлашуудан/талашып-тартышуудан качуу үчүн долбоордун кызматкерлери менен жалдануучулар жана алардын ишмердиги курулуштук так чектелген районунун алкагында жүрүшү зарыл;  Жалдануучу атайын бөлүнгөн жайлардагы материалдарга гана кожоюндук кыла алат;  Жумушчулардын жүрүм-турум эрежелери аныкталып, аткарылууга тийиш;  Долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ызы-чуунун таасири менен чаңууну көзөмөлдөө зарыл;  Жалдануучу жергиликтүү үрп-адаттар менен салттарды сыйлоого милдеттүү;  Жалдануучу жергиликтүү аялдар менен алардын жеке турмушун сыйлоого милдеттүү. 5.3.2 Социалдык чөйрө маселелерин тескөө боюнча кеңири пландын орчундуулугу Терс таасирлерди азайтуу боюнча жогоруда саналып өткөн чаралар долбоордун жергиликтүү коомдоштуктарга тике таасири маселесин, т.а. долбоорду долбоорлоонун жана куруунун натыйжасында социалдык чөйрөгө тийгизген таасири маселесин чечет. Ошентсе да социалдык чөйрө маселелерин тескөө планы бир кыйла олуттуу мамилени талап кылат. Төмөнкү себептерден улам мунун мааниси чоң: Биринчиден, жергиликтүү коомдоштуктар алардын жанынан жакын өткөндүгүнө карабай электр кубатын электр өткөргүч чубалгысынан түздөн-түз ала алышпайт, анткени бул жогорку вольттуу чубалгы. Буга чейин айтылып өткөндөй, электр менен ишенимдүү камсыздалбагандык – айрыкча кыш айларында – региондун олуттуу маселеси болуп саналат. Чубалгыдан энергияны пайдалануу мүмкүн эместиги жергиликтүү тургундарды өкүнүчкө салышы ыктымал. Экинчиден, ЭӨЧ багытын бойлой жайгашкан коомдоштуктар долбоордун аз болсо да бардык жагымсыз таасирлерин сезишери анык. Тескерисинче, пайданы алда кайда алыс жашап жаткан жана чубалгы эч кандай ыңгайсыздык жаратпаган же тынчтыгын албаган адамдар көрөт. Бул иш жүзүндө ыңгайсыздыкка кабылып, бирок чубалгыны колдонуудан түздөн-түз пайда көрбөгөн (а балким чыгашага да учураган) адамдар менен ЭӨЧнын пайдасын көргөн коомдоштуктардын ортосунда нааразылыкты жаратат. Эгер бул калыссыздыкка жана электр кубатынын чубалгысынан пайда 96    көрбөгөн жергиликтүү тургундардын нааразылыгына карата чара көрүлбөсө, долбоорду ишке ашырууга жана анын узак мөөнөттүү келечегине залакасы тийиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, жаман ниет менен жүргөндөрдүн ар кандай кооптуу пландарын алдын алуу үчүн долбоорго жергиликтүү тургундарды кызыктыруу абзел. Төртүнчүдөн, ФБУА ашкере туруксуз район, коопсуздуктун өтө реалдуу жана олуттуу көйгөйлөрү бар. Мындай жагдайда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу жергиликтүү кызыкдар тараптарды ынандыруу жана долбоор үчүн жоопкерчиликти камсыз кылуу үчүн кошумча күч-аракет жумшоо талап кылынат. Бардык ушул себептерге байланыштуу коомдоштуктардын бирге пайда көрүү маселеси артыкчылыктуу бойдон калууга тийиш. Жергиликтүү коомдоштуктарды да кызыктыруу үчүн аларды долбоордун «кызыкдар тараптарына» айландыруу абзел. 5.3.3 Долбоорго кирген райондордогу коомдоштуктардын кабылдоосу Социалдык камсыздоо жана социалдык жактан жардам көрсөтүү боюнча тармактык программаларды түзүүчү бюронун (СКСЖТПБ) изилдөөлөрүнүн бир бөлүгү катары, көрүлүүчү пайданы бирдиктүү пайдалануунун схемасынын ар кандай варианттарын аныктоо максатында коомдоштуктар менен кеңири кеп-кеңештер жүргүзүлдү. Ал үчүн колдонулуучу усул тууралуу толугураак маалымат СКСЖТПБ отчетунда келтирилди. 13-таблицада коомдоштуктардын маанилүүлүгү боюнча рейтинги көрсөтүлдү. 13-таблица: Чогуу пайда көрүү схемасы боюнча коомдошуктардын артыкчылыктуу муктаждыктарын маанилүүлүгүнө жараша жайгаштыруу Медиц Суу Кызда Иш Электр иналы ирет Кыздар менен р үчүн менен менен к и үчүн # Айылдар камсы башта камсыз камсыз борбор тигүү здалы лгыч далыш далыш борбору шы мектеп ы ы A-1 Муштарзай 5 0 3 1 2 4 0 (аялдар) Муштарзай 4 3 1 1 2 0 0 (эркектер) A-2 Шейх Мухаммади 0 3 1 0 2 0 4 (аялдар) Шейх Мухаммади 5 4 2 1 3 0 0 (эркектер) A-3 Машо Хель 5 2 1 0 3 4 0 (эркектер) Машо Хель 0 0 2 1 3 0 0 (аялдар) A-4 Шейхан 4 2 1 0 2 0 0 A-5 Сулейманхель 4 2 1 3 2 0 0 B-1 Сур Камар 1 4 2 2 3 0 0 B-2 Шагай 1 3 1 1 2 0 0 B-3 Шахкас 1 4 2 5 3 6 0 97    B-4 Али Масджид 1 2 1 1 3 0 0 C-1 Шейхвал 1 0 1 1 2 4 0 C-2 Садозай 1 3 2 4 5 0 0 C-3 Торхам 1 4 5 3 2 0 0 C-4 Гагра 1 3 5 2 4 0 0 СКСЖТПБ изилдөөлөрү боюнча, САSA-1000 долбооруна байланышуу Пакистан үчүн төмөндөгүлөр зор мааниге ээ: электр энергиясы, калкты иш менен камсыздоо, ичер суу жеткирүү жана кыздар үчүн башталгыч класстарды уюштурууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү. Булардын ар бири төмөндө кеңири сыпатталып берилди. Коомдоштуктардын мүчөлөрү өздөрүнүн өнүгүүсү үчүн эң зарыл шарттарды санап беришти. Ошондой эле алар жер шартын жакшыраак билебиз деп, сунушталган техникалык-экономикалык негиздерге альтернативдүү багытты сунуш кылды. Ага ылайык долбоордун таасир чөлкөмүнө калктуу 7 гана конуш камтылмак экен. Коомдоштуктар сунуш кылган багыт адырлуу, көбүнчө ээн жерлер аркылуу өтүүчү Пешавар-Туркхам 132кВ электр өткөргүч чубалгысынын (ЭӨЧ) бир бөлүгүн түзөт. Андан тышкары, ал багыт коомдоштуктун инфратүзүмүнө Мачи көзөмөл жайынын жанындагы Туркхамдын түндүктөн түштүккө кеткен жолунан башка жерлерде кесилишпейт. Альтернативдүү багыт Баджиари көзөмөл пунктунан алыс эмес жолго жарыш өтөт, андан соң Зиярат Бисей Бабаны көздөй түштүккө жылат да, Бара дарыясынын сайына түшөт. Дарыянын сайы аркылуу Салман Хелдин чет жагына өтүүдө, альтернативдүү багыт Салман Хелге чейин эркин өтүү укугуна (ӨУ) ээ болот. Ал багыт иштетилүүчү жерлер аркылуу өтөт. Бисей Баба-Салман Хел вариантын тандаса, алтернативдүү багыт Кахан Базар-Хаятабад аттуу эл жыш жайгашкан айылдардан четтеп, Жамрудга багыт алат. Коомдоштуктардын мүчөлөрү бул багыт эч кандай залака алып келбейттургандыгын, жер сатып алуу жана чыгымдын ордун толтуруу зарылдыгы да болбойт тургандыгын билдиришти. 5.3.4 Коомдоштуктардын чогуу пайда көрүшүнүн ар кандай варианттары Жогоруда белгиленгендей, СКСЖТПБ изилдөөлөрү коомдоштуктардын эң орчундуу төрт муктаждыгын аныктады. Жергиликтүү коомдоштуктар артыкчылыктардын бири электр менен кандайча камсыз болору тууралуу толук маалымат жок. Башка маанилүү багыттарды аныктоо боюнча варианттар төмөнкүлөр: а) Ишке орноштуруу /киреше булагы CASA-1000 долбоорунун жардамы менен ишке орноштуруу/ жашоо шартын жогорулатуунун варианттары төмөнкүлөрдү камтыйт:  Долбоорду иштеп чыгуу, курулуш жана колдонууга берүү мезгилдеринде ишке орношууга жеңилдиктерди түзүү;  Курулушту колдонууга берүү, техникалык жактан тейлөө мүмкүнчүлүгүн арттыруу; 98     Жергиликтүү калк менен товар камдоо жана башка тейлөө иштери боюнча контрактарды, б.а. жергиликтүү жалдануучулар жалданмалар менен эмгек келишимдерин /чакан контрактарды түзүү;  Жаштарга кесипке даярдоо стипендиялары;  Жогорку билим алуу үчүн стипендиялар. в) Ичер суунун коопсуздугу Хайбер-Пахтунхвадагы (ХП) саясий мамлекеттик сектор суу жетпеген райондорду суу менен камсыздоонун механикалашкан тутумун иштеп чыгып, ал тутумду пайдалануу жана тейлөө иштерин сууну пайдалануу комитетине же саясий бөлүмдөргө өткөрүп берүүсү керек. Ал комитетке өткөрүп берген соң, техникалык жардам камсыздалганга дейре коомдоштуктар үчүн ден-соолукту коргоо боюнча техникалык бөлүмдүн (ДТБ) ролу чектелет. Дал ушундай ыкманы CASA-1000 долбоорунун суу менен камсыз кылуу боюнча тутумунда да колдонсо болот (аны ишке ашыруу механизми төмөндө берилген) Үй чарбалары боюнча маалыматтардын жана ОФГнын тыянактарынын негизинде таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн 7 кыштак тандалды. Бул иш-чаралар бардык коомдоштуктарга, айрыкча аялдарга, калктын кедей катмарына пайдалуу. Ар бир маанилүү багыттарды аныктоодо төмөнкү факторлор эске алынды: 1. C-1:  Торхам – чек арага жакын жайгашкан стратегиялык мааниге ээ шаар, ал Пакистан аркылуу өтүүчү сунуш кылынган электр өткөргүч чубалгылардын зымдарын байланыштырган түйүн. Бул калк жашаган аймактын өсүү даремети зор. Торхам ДТЧга камтылуучу кыштак болоору шексиз. Таза суу менен камсыздоо маанилүүлүгү боюнча эң биринчи турат деп баа берилди. 2. C-2: Гагра – бул да ДТЧга камтылуучу кыштак болору анык, ал таза суу менен эң начар камсыздалган. Гагра экономикалык жактан чек арага жакын турган Торхам жана Ланди Котал шаарларынын соода-сатык бизнесинен көз каранды. 3. B-2: Шагай – бул бүгүнкү күндө ДТЧга камтылуучу кыштак болуп эсептелет. Ал таза суу менен эң начар камсыздалган, бирок ДТЧ чегинен тышкарыда калышы да ыктымал. Мындай болгон учурда да, Африди уруулук чөлкөмүндө колдоого ээ болуш үчүн, пайданы бир көрүү схемасын дал ошол жерде иштеп чыгуу оңтойлуураак болмок. 4. B-3: Шах Кас – жогорудагыдай (Шагайдагыдай) эле. 5. B-4: Али Масджид – бул бүгүнкү күндө ДТЧга камтылуучу кыштак жана согушчандардын (боевиктердин) күчү топтолгон борбор болуп эсептелет. Жергиликтүү калктын каршылыгын жоюп, CASA-1000 долбооруна катыштыруу зарыл. Жергиликтүү калк үчүн таза суу менен камсыз болуу баарынан зарыл. 6. A-1:  Салман Хель – сунуш кылынган ЭӨЧ альтернативдүү багыту Салман Хель аркылуу өтөт. Үй чарбачылыгы электр тогун монтаждоо, орнотуу жана электр чубалгыларынын тартылышынан түздөн-түз көз каранды экендиги шексиз. 7. A-3: Шейхан Кейли – бул сунуш кылынган ЭӨЧ багытынын А секциясындагы координациялык жана саясий башкы борбор. Суу менен камсыз кылуу боюнча 7 схеманын курулушунун жалпы наркы АКШнын 1,62 млн. долларын түзөт. с) Кыздар үчүн башталгыч билим 99    Кыздар үчүн башталгыч мектепти коомдоштуктар жана жеке сектордун жардамы менен ачууга болот. Жеке менчик мектептерге согушчандар кол салбайт. Ушундай макулдашууга ылайык, коомдоштуктар мектеп үчүн жер бөлүп бериши керек, CASA- 1000 долбоору, инфратүзүм жана жеке сектор мугалимдерди жумушка алып, алардын ишин көзөмөлдөйт. Кыздар үчүн ар бир башталгыч билим берүүчү мектептерин куруунун сметалык наркы АКШнын 540,000 долларын түзөт; ал эми кыздардын башталгыч билим берүүчү 5 мектебин курууга жалпысынан 2,7 млн АКШ доллары сарпталат. 5.3.5 Коомдоштуктардын пайдасын бөлүштүрүүнүн институциалдык механизми. ЦАЮАРСЭ коомдоштуктарда коомчулук менен байланыш түзүү боюнча бөлүм түзгөнү оң. Ал бөлүм пайданы чогуу көрүү (ПЧК) программасына жумшалуучу баштапкы инвестициялардын суу менен камсыз кылуу жана мектеп инфратүзүмү сыяктуу компоненттерин жүзөгө ашырууга жооптуу болот. Сунуш кылынуучу программа боюнча төмөнкүлөр аткарылышы керек:  Жеке жана коммерциалык эмес өнөктөштөрдүн тиешелүү коомдоштуктар менен тыгыз кызматташуусу аркылуу окуу-усулдук кызматтардын акысын төлөп, тейлөөгө жардам берүү.  Багыт боюнча “CASA коомдоштуктары” менен тыгыз байланыш түзүү коомдоштуктар менен электр өткөргүч чубалгылардын оңдоо-эксплуатациялоо башкармалыгынын (ОЭБ) ортосунда байланыш түзүү.  Жергиликтүү штаттык кызматтарга же ЭӨнүн ар кандай бөлүмдөрүнө күнүмдүк жумуштарга орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат таркатуу, жумуш орундардан иштегиси келгендердин саны көп болуп, ар кандай түшүнбөстүктөр келип чыкпашы үчүн, коомдоштуктар менен биргеликте жеке адамдарды ишке тартуу процессин жөнгө салуу.  РЭБ менен коомдоштуктардын ортосунда келип чыгуучу ар кандай маселелерди чечүү.  ЭӨЧ коопсуздугуна тиешелүү бардык маселелер боюнча саясий агенттер, провинциянын өкмөтү, коомдоштуктар менен байланышты үзбөө. Бул изилдөөлөрдүн жүрүшүндөгү кеп-кеңештердин жыйынтыктарына таянып, мамлекеттик бийликтин бөлүмдөрүнө ишеничтин жоктугуна байланыштуу пайданы чогуу көрүү программасын ЦАЮАРСЭ компаниясынын трансулуттук бөлүмү, анын ичинде суу байлыктарын комплекстүү пайдалануу боюнча департамент (WAPDA) жана Улуттук трансляциялоочу (берүүчү) компания (NTDC) ишке ашыруусу абзел экендиги аныкталды. Коомдоштуктар мамлекеттик институттар тынч эмес аймакта жайланышкандыктан, дайыма коркунучта жашай турганын белгилешти. Тармактык мекемелердин ичинен саламаттыкты сактоо боюнча техникалык бөлүм курулушту ишке ашыруу, суу менен камсыз кылуу боюнча операциялык утумдарды коомдоштуктарга өткөрүп берүүгө жарамдуу өнөктөш болуп эсептелет. Айрым кемчиликтерине карабастан, саламаттыкты сактоо боюнча техникалык бөлүм (ССТБ) коомдоштуктар менен иш алып баруу боюнча бир топ билим жана тажрыйба топтой алган. Суу менен камсыздоо системасын жана кыздардын башталгыч мектебин ачуу ыгы коомдоштуктардын катышуусуна жараша аныкталат. Суу менен камсыздоо системасын алсак, бул ХП өкмөтүнүн саясатынын расмий бөлүгү болуп саналат. Аны ишке киргизүү, техникалык жактан тейлөө милдети жардам алуучу коомдоштуктарга 100    жүктөлөт. Кызыкдар тараптар менен кеңешкенде, жергиликтүү коомдоштуктардын бул тууралуу биле тургандыгын, ага даяр экендигин түшүндүк. Жергиликтүү коомдоштуктар долбоорго кызыккан негизги тарап болуп саналат. Сунуш кылынган механизмдин алкагында алар пайда көөрүүчү кыштактар менен махаллалардын өкүлдөрүнөн турган СКК/ЖТУ түзүп, аткаруучу уюмга бул долбоор үчүн ылайыктуу орун тандоого көмөктөшө алар эле. Коомдоштуктар долбоордо иштеген жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылат. Алар ЭиТОну даярдоого жана жардам алуучулардан төлөмдөрдү чогултууга жооптуу болот. Кызыкдар тараптар үчүн бирдиктүү банк эсебин ачып, каражаттарды долбоорду оңдоп-түзөө иштерине, башка дагы өнүктүрүү багытындагы иштерди аткарууга жумшаса болот. Сунуш кылынган СКК/ЖТУ чечимдерди кабыл алуудагы инклюзивдүү процесстердин алкагында иштесе да, заманбап социалдык-маданий кырдаалда аялдарды СККга түздөн-түз тартуу мүмкүн эмес. Ошентсе да, коомдоштуктардын мүчөлөрү өздөрүнө аталган милдеттердин жүктөлүшүнө төмөнкүлөр себеп болгонун айтып чыгышты:  Уюштуруу этабында, керектөөлөрдү иштеп чыгуу, ага баа берүүгө катышкан сууну колдонуучулар комитети/ жергиликтүү коомдоштуктардын уюму (СКК24/ЖТУ)  ЭиТОго кадрларды даярдоого, долбоорду ишке ашырууга, төлөмдөрдү чогултууга техникалык жактан колдоо көрсөтүү;  Долбоордун жаралышынан баштап, ишке ашыруу жана башкаруу процесстеринде саясий жетекчиликтин катышпагандыгы. Сунуш кылынган мектептерди мектеп башкаруу комитети башкарат. Ал комитет мектеп тутумунун ээсинен, окуу бөлүмүнүн башчысынан, жергиликтүү тургундардын үч өкүлүнөн турат (алардын ичинен бирөө үй шартын изилдөөнүн натыйжасында эң кедей деп аныкталгандардан болушу абзел).                                                              24 Сунуш кылынган сууну пайдалануучулар комитети (СКК) же жергиликтүү топтордун уюму (ЖТУ) 101    ТИРКЕМЕЛЕР 1-тиркеме: Курчап турган жана социалдык чөйрөнү башкаруу (КСЧБП) сереби CASA-1000 долбоорунун электр өткөргүч чубалгысын куруу боюнча курчап турган жана социалдык чөйрөнү башкаруу планында (КСЧБП) бардык курулуш иштериндеги экологиялык, социалдык терс жагдайларды мүмкүн болушунча алдын алуу принциптери, жолдору, ыкмалары жана усулдары белгиленген. План курчап турган жана социалдык чөйрөгө тийе турган таасирди баалоо боюнча баштапкы долбоорду, экологиялык жайгашуу схемасын, жерди бөлүштүрүү жана калкты көчүрүү боюнча алкактык макулдашууну жана жетекчилердин план-кеп-кеңештерин толуктайт. Долбоордун жыйынтыктары Долбоордун негизги экологиялык жана социалдык көйгөйлөрү электр өткөргүч чубалгыларынын жапайы жаныбарларга, канаттууларга, балыктарга жана балык чарбачылыгына, абанын курамына тийгизген таасири, ошондой эле жерге ээ болуу, топурактын эрозиясы, курулуш учурунда куруучуларга конуштарды куруу, долбоордун жардамчы компоненттеринин жаратылыш байлыктарына, суулуу-саздак жерлерге, ал жердин биологиялык ар түрдүүлүгүнө тийгизген кыйыр, түз таасири менен байланышкан. CASA долбоорун жүзөгө ашыруу курчап турган чөйрөгө эң аз таасир тийгизет. Ал эми электр өткөргүч чубалгысы коргоого алынган аймактардан, ошондой эле экологиялык мааниге жана биологиялык ар түрдүүлүккө ээ жерлерден алыс өтөт. КСЧБПда белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу менен долбоордун экологиялык көйгөйлөрүн туура чечүүгө болот. Долбоордун буга окшогон социалдык терс жактары аз деп эсептелет. Бирок калктын айрым бир бөлүгү көчүрүлүшү, бир нече үй чарбасы да козголушу ыктымал. Жерди бөлүштүрүү жана көчүрүү боюнча алкактык макулдашуу бул отчетто келечектеги багытты тактап, тандап алгандан кийин жетекчиликке алынуучу колдонмо катары берилген. КСЧБПнын тиркемелеринде берилген башкаруу боюнча башка пландарда дагы башка социалдык жана коомдук терс таасирлерди азайтуу, алдын алуу жолдору каралат. КСЧБПнын түзүмү кантип түзүлгөн жана уюшулган? КСЧБП бир нече милдетти камтыйт. Алар долбоорду жетектөөчү топ (ДЖТ), долбоордун жумушчулары, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу кызматкер, курулушту көзөмөлдөөчү инженер, курулуш иштеринин жалдануучусу, экология боюнча көз каранды эмес консультант жана жергиликтүү бийлик органдарынын арасында бөлүштүрүлгөн. КСЧБП-КСЧБПнын болочок пландарын иштеп чыгуу жолдорун белгилейт, курулуш иштеринин жалдануучусунун жана башка КСЧБПнын уюмдарынын суб-пландарын белгилейт. Долбоорду ишке ашыруудагы орчундуу компонентине КСЧБПнын Тиркемесинде көрсөтүлгөндөй, КСЧБПнын конкреттүү багыттары камтылышы керек. Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча пландарды ишке ашырууга баштапкы сарпталуучу акчанын көлөмү АКШнын 675,000 долларын түзөт. КСЧБПнын пландары Курулуш иштерине тийгизүүчү таасирлерди тескөө планы – бул курулуштардын жергиликтүү коомдоштуктарга, жаратылышка терс таасирин мүмкүн болушунча азайтуу боюнча чаралар. Максаты – жумушчу лагеринин айланага тийгизген терс 102    таасирин азайтуу, чөйрөнү булгабоо максатында зыяндуу материалдардын тиешелүү талаптар боюнча сакталышын камсыздоо.  Жумушчу күчүн жана монтаждоо аянтчасын тескөө планы – бул курулуш жумушчулары үчүн чөйрөгө терс таасирин тийгизбей, жакын жердеги калк жашаган айылдардын, анын жашоочуларынын тынчын албай турган убактылуу айылдарды куруу боюнча чаралар. Буга жумушчулардын КСЧБПта көрсөтүлгөн жүрүм-турум кодекси да катылат. Курулуш аянтчасын даярдоону башкаруу жана курулуш үчүн бөлүнгөн жерлердин экологиялык талаптарга ылайык калыбына келтирүү боюнча план – бул курулуш менен байланышкан жерлерди тазалоону, убактылуу жана туруктуу терс жагдайлардын бардыгын жоюп, мурдагы абалына келтирүүнү кепилдөөчү чаралар. Калдыктарды тескөө планы – долбоордун жүрүшүндө пайда болуучу катуу жана суюк калдыктардын, атап айтканда санитардык калдыктардын табигый чөйрөгө терс таасирин жоюп же эң аз деңгээлге түшүрүлүп, туура зыянсыздандырылып, өрттөлүшүн кепилдөөчү чаралар. Айлананын булганышын алдына алуу планы – бул отунду, химиялык заттардын, зыяндуу материалдардын жана башка курулуш материалдарынын туура сакталышын, алардын кокусунан агып, чөйрөнү булгабашын камсыз кылуучу чаралар. Эстетикалык жана экологиялык башкаруу планы – бул ЭӨ биротоло тандалган багытты чөйрөнүн көрктүүлүгүнө терс таасирин тийгизбей тургандыгын, CASA-1000 долбоору курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, коргоого алынган аймактарга, коруктарга жана башка экологиялык мааниге ээ болгон объектилерге узак мөөнөттү терс таасирин тийгизбестигине кепил болуучу чаралар. Коопсуздукту башкаруу планы – бул жумушчулардын, жакын жерде жашагандардын коопсуздугун камсыз кылуучу, өндүрүштөгү жаракаттануулардын алдын алууга кепилдик берүүчү чаралар. Маданий табылгалар, мурастарды тескө планы – бул «капысынан табылган баалуу нерселердин», маданий, тарыхый баалуулуктардын корголушуна, сакталышына кепил болуучу чаралар. Жергиликтүү калк менен мамилени түзүүнү жана саламаттыкты сактоону башкаруу планы – бул CASA-1000 долбоорунун ЭӨсү боюнда жашаган коомдоштуктар менен мамиле түзүүгө, долбоордун чегиндеги ар кандай жоготуулардын ордун толтуруу механизмине кепилдик болуучу чаралар. Экологиялык жана социалдык көзөмөл – бул жалдануучулар тарабынан ЦАЮАРСЭде көрсөтүлгөн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-аракеттер планынын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө чаралары. Курчап турган айлана-чөйрөнү мониторингдөө боюнча план – бул баштапкы мониторингди улантуу, долбоордун айлана чөйрөгө терс таасирин азайтуу, жоюу жана экологиялык жана социалдык көрсөткүчтөрдү баалоо чаралары. Тренинг жана даремет арттыруу – бул учурдагы мүмкүнчүлүктөргө баа берүүгө, аларды өрчүтүү планын түзүү, сапатты жогорулатууну камсыздоого, КСЧБПнын 103    уюштурулушун бардык деңгээлдерде караштырууга жана жүзөгө ашырууга багытталган чаралар. Отчеттуулук – бул КСЧБПнын жобосу ар бир тиешелүү адамдарга жеткирилишине кепилдик берүүчү отчеттуулук жана байланыш иштери боюнча чаралар. КСЧБПны ишке ашыруу, кайра карап чыгуу, жаңыртуу – КСЧБП көзөмөлдөөчү документ болуп эсептелет. Аны ар жылы жаңыртып туруу зарыл. КСЧБПнын чечүүчү аспектиси болуп шайкеш башкаруу эсептелет, анда КСЧБПнын ишиндеги экологиялык жана социалдык көрсөткүчтөр долбоордун ишиндеги кырдаалдардан алынган сабактарга жараша дайыма өркүндөтүлүп турушу керек. 104    2-тиркеме: «IEL» компаниясы даярдаган Жерлерди сатып алуу жана калкты көчүрүү планынын (ЖСККП) максаттары жана кыскача мазмуну Эл аралык каржы институттары кабыл алган бүгүнкү күндөгү ченемдерге жана принциптерге ылайык, долбоорлорду иштеп чыгууда, аларды ишке киргизүүдө социалдык жана экологиялык кепилдиктер каралышы керек. Жер алуу, CASA-1000 электр өткөргүч чубалгысы долбоорунун таасирине кабылуучу жактарды көчүрүүнүн түзүмүнө (ЖБКАМ) жараша тийиштүү параметрлер аныкталат. Тынчсыздана турган адамдар жана терс жагдайлар азайтылганда, долбоордо андан кийин көчүрүлүүчү адамдарды азайтуу жана\же сунушталган электр өткөргүч чубалгысы долбоорунун терс таасирлерин азайтуу багытында иш жүргүзүү керек. ЖБКАМ калкты көчүрүү же тийиштүү пландарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон милдеттерди аныктайт. ЖБКАМ маңызы боюнча ар бир өлкөдөгү көчүрүү иштеринин планынын конкреттүү шарттарын белгилөө боюнча колдонмо болуп саналат. Бул отчеттун максаты – CASA-1000 долбоорунун алкагында ЖБКАМга тиешелүү терс жагдайларды азайтуу боюнча CASA-1000 долбоорунун бардык этаптарында (долбоорлоо, курулуш жана аны аяктоо иштери) кайсыл социалдык чараларды көрүү зарыл экендиги боюнча сунуштамаларды берүү. CASA-1000 долбоорунун аймагында калк кандай жашай тургандыгын, ийгиликтүү ЖБКАМды иштеп чыгуу үчүн ЭӨ зарыл элемент экендигин түшүнүү. ЖБКАМдын экинчи максаты – келишимдердин ишке киришинин зарылдыгын белгилөө жана ЦАЮАРСЭнин ар бир өлкөсүндө көчүрүү боюнча иш пландардын конкреттүү шарттарын аткаруу. Мындай зарылдык төрт өлкөдөгү социалдык-саясий абалдан келип чыгууда. CASAнын аймактарында адамдар жаратылыш кырсыктарынын айынан, ар кандай жаатташуулардын айынан же мамлекеттин өнүгүү прораммасын ишке ашыруунун натыйжасында кыйнап көчүрүү деген эмне экендигин жакшы билишет. Мындай жагдайлар жер бөлүштүрүүдө, көчүрүүдө көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Коопсуздук боюнча бөөдө кыйынчылыктарды болтурбоо, долбоордун кечеңдешине жол бербеш үчүн, долбоордун демилгечилери тез арада жерди бөлүштүрүү жана көчүрүү боюнча алкактык макулдашууну ишке киргизиши зарыл. ЖБКАМ төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: 1-бөлүм он тапшырманы камтыйт, алар мамлекеттин деңгээлинде көчүрүүнү иш- аракеттеринин конкреттүү пландарын даярдоону камсыз кылат. 2-бөлүмдө Дүйнөлүк банктын жетектөөчү принциптерине, ыкчам саясатына мүнөздүү ыкмада ЖБКАМдын мазмуну, ошондой эле улуттук алкактардын тизмеги кыскача баяндалат. Бул документтин Е бөлүгүндө улуттук саясаттын так мазмунун табууга болот. Терс жагдайларды азайтуу боюнча аталган келишимдеги негизги чаралар да берилет. 3-бөлүм жетектөөчү принциптердин тизмесин камтыйт. 4-бөлүмдө ЖБКАМ максаттарын аткаруудагы айрым кемчиликтер талкууланат, алар 1- бөлүмдө көрсөтүлгөн. 5-бөлүмдө активдерге компенсацияларды төлөп берүү, активдерге баа берүү боюнча жетектөөчү көрсөтмөлөр камтылат. Мында ошондой эле борбордук объектилерди баалоо жана тиричилик каражаттарын кайра түзүү пландарын иштеп чыгуу боюнча жетектөөчү принциптер берилген. 105    6-бөлүмдө кеп-кеңеш берүү, катышуу жана ЖБКАМга мүнөздүү даттанууларды кароо механизмдери боюнча жетектөөчү көрсөтмөлөр камтылат. Ошондой эле аталган макулдашууну жүзөгө ашыруу боюча ЦАЮАРСЭнин ар бир өлкөсүнө мүнөздүү институциалдык механизмдери талкууланат. 7-бөлүмдө долбоордун ишин мониторингинин жетектөөчү көрсөтмөлөрүн жана ЖБКАМдын иш планын ичкериден жана тышкарыдын көз карандысыз мониторингдөө боюнча көрсөтмөлөр камтылат. 8-бөлүмдө ЖБКАМдын бюджети жана көчүрүү боюнча аймактарга тиешелүү иш- аракеттер планы тууралуу көрсөтмөлөр сунушталат.     106